Адаттагыдай эле эртең менен жумушка келсем, алдымда турган мырза “мен сизди саат 7ден бери күтүп турам. Силерден башка кайрыла турган жерим жок, арманымды угуп койгула” деди. Бир чети жаштарга сабак болсун деген максатта анын баянын жарыялоону туура таптым.
«БАКТЫЛУУ ТУРМУШТАН БАҢГИЛИККЕ»
– Атым – Кубатбек, жашым 31де, Талас районунун Боо-Терек айылында жашайм. Бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктан, атам мени өтө эркелетип чоңойтту. Эл кийбеген кийимди кийип, эл минбеген машинаны миндим. Келинчегим Нагилага кезигип, баш коштук. Анда да атам “жалгыз баламдын тою” деп ресторанда дүңгүрөтүп өткөрүп берди. Жашоом бактылуу эле. Келинчегим менен ынтымактуу жашап, 4 баланын атасы болдум. Өзүм айыл ичинде ар кандай кечелерди уюштуруп, тамаша-тойлордо тамадалык кыла койгон жагым бар эле. Акча көп болуп кутуруп, жакындарымды унутуп, көзүмдү май баса баштаганын сезбептирмин.
Кыскасы, чеге баштадым, баңгизатына, марихуанага берилип кеттим. Башында кызыгып, бир жолу чегип көрөйүнчү деген ой болгон. Кийин таштап салам го деп ойлогон элем. Балээниби, даамын татып, кумарга баткан соң баңгизат дегениң азезилдей азгырып, бассаң-турсаң көзүңө элестеп, эми «мына, бирди эле, анан бүттү» деп отуруп бирим жүзгө, жүзүм миңге айланып кетти. Өзүм таппай калган күнү досторумдан доолачу болдум. Мен сыяктуу шайтан азгырыктан чыга албай жүргөндөр менин досторума айланды. Үч жыл чектим.
«АЯЛЫМ БАЛДАРЫМДЫ ТАШТАП КЕТИП КАЛДЫ»
– Баңгизатын таппай калган күнү балдарыма нан сураган адамдан бетер жалдырап издеп, жортуулга чыгам. Ошондо марихуана издегиче үй-бүлөмө кереги тие турган нерсе издесемчи! Такыр таба албасам, дартка даба катары аракка өтөм. Аны мүрөктүн суусундай издеп иче баштадым. Ичкен күнү үйдө күн жок. Жалгыз баласынан үмүт кылган ата-энемдин асманын кара туман каптаса, келинчегимди эзип, далай муштум көрсөттүм. Балдарым чыркырашып эки ортодо...
Акыры чыдабаган келинчегим төрт баламды мага таштап кете берди. Кайын журтумду деле эч күнөөлөбөйм. Абдан түшүнүктүү кишилер болчу, жакшы эле чыдашты. Ошентип, жубайымдын кеткенине 2 айдын жүзү болду. Нагиланын балдарды таштап баса бергенин мени аракты таштасын дегени го деп түшүнөм. Эне да, телефон аркылуу болсо да балдарын сурап турат. Мага анын жогу азыр билинип жатат. Балдарым апасын күтүп жол карашат.
Күйүтүмө чыдабай ичкиликке берилип, мурункудай чекпесем да, арактан арыла албай калдым. Балким, Нагила кайра келип, жанымда болуп, менин бул азаптан кутулушума колдоо көрсөтсө, батыраак арылып кетет белем. Нагила, сенсиз мага да, балдарга да кыйын болду. Эми ичпейм, чекпейм, бир кайрылчы, суранам!
Жаштарга айтарым, ата-энени, үй-бүлөнү баалай билгиле! Албетте, силерге менин сөздөрүм “ичпей-чекпей жүрсөң, мындай болмок эмес да” деген пикир жаратса керек. Бирок акча, байлык көбөйгөндө азгырык да көбөйөт экен. Кезегинде мен деле айылда активист катары элге алынып, төбөм көккө жетип турган убакта көчөдө ичип жүргөндөрдү көрсөм итиркейим келип жерге түкүрчүмүн. Эми болсо өзүм алардын катарындамын.
Атам менин азабымдан инсультка кабылып, оорукчан болуп калды. Жакындарымды ойлогондо заманам куурулат. Бир гана Нагила келсе, баары жай-жайына келчүдөй туюлат. Баарын кеч түшүнгөнүмө абдан өкүнөм.Жаштарга айтарым, үй-бүлөңөрдүн баркын биле жүргүлө.
Ушул сөздөрдү айтып, эркек болсо да көз жашын көлдөтүп ыйлап отурган кишини көрүп боорум ооруду. Али да түз жолго түшүүгө, аң-сезимдүү турмуш кечирүүгө кеч эмес экенин күнөөкөрдүн эсине салуу менен Кубатбектин жубайы Нагила кайрылып келип, кичинекей мамлекеттин өчкөн оту тутанат деген ишеничте каарманымды узаттым.
Нургүл Чабдарова
koom@super.kg