СООЛУБА, ГҮЛҮМ, СООЛУБА!

Гүлдесте эң жагымдуу белек экени талашсыз. Мына ошол гүлдестени соолутпай, көпкө сактаса болот.

  • Гүлдесте менен чогуу арчанын бир бутагын сууга салып койсоңуз, гүлдесте узакка сакталат. Анткени арчадагы айрым керектүү заттар алгач сууга, анан суу аркылуу гүлдөргө өтөт.
  • Гүлдестени үзүлгөн мөмө-жемиштердин жанынан алыс коюу шарт. Айрыкча алма, апельсин гүлдөргө өтө зыяндуу делген этилен затын бөлүп чыгарат.
  • Гүлдөрдүн өмүрүн узартууга боло турган каражаттар бар. Мисалы, карападагы сууга 1 таблетка аспирин же лимон кислотасынан 1 чымчым салып коюуга болот.
  • Сабагынын ичи көңдөй гүл­дөрдү (жоогазын, фиалка) сууга салуудан мурда сабагын ийне менен эки-үч жеринен тешип коюу абзел. Тешикчелер аркылуу сабактын ортосунда калган аба сыртка чыгып, гүлдүн башына суу жакшы жетет.
  • Дээрлик бардык гүлдөр муздак сууда жакшы сакталат. Бирок орхидея менен нарциссти жылуу сууга салып сактаган жакшы.
  • Кыштын күнү сырттан алып кирген гүлдөрдү жылуу же бөлмө температурасындагы сууга эмес, муздак сууга салган оң.
  • Сууга салууга шарт болбой жатса, гүлдөрдүн түп жагын алгач ным кагаз, анан целлофан менен ороп коюу керек. Ошондо гүлдөр сууга салынганча керектүү ным менен камсыз болуп турат. Бирок өтө ысык жерде же өтө көп убакыт суусуз кармасаңыз, бул ыкма да жардам бере албай калат.
  • Карапага салууда гүл суу менен камсыз болушу үчүн аны байланган боосунан арылтуу шарт. Ушул эле себептен улам карапанын оозу да кенен болгону туура.
  • Гүлдестенин курамында канчалык көп түрдүү гүл болсо, сактоо да ошончолук кыйынга турат. Ар бир гүл ар башка шартты талап кылышы ыктымал. Эгер гүлдесте көпкө соолубасын десеңиз, бир гана түрдөн турган гүлдесте жасаткан оң.
  • Гүлдөр желди сүйүшпөйт. Андыктан далдоо жерге коюу туура.
  • Жылыткычтын, мештин жанына же күн нуру таамай тийген жерлерге гүлдестени койбогонго аракет жасаңыз. Жылуу абада нымдуулук жакшы сакталбагандыктан, гүлдөр тез соолуп калышы ыктымал.
  • Адатта, бир нече күн сууда турган гүлдүн сабагы былжырай баштайт. Бул учурда суу менен камсыздалышы начарлайт. Ал үчүн сабактын эзилип кеткен бөлүгүн кесип салуу керек.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kanikey
2013-01-14 10:17:27
ой сонун,менин эн жакшы коргон белегим,башка баалуу белектен коро гул берсе мага эн кымбат деп санайм.
+1
altinim
2013-01-14 13:20:59
ото пайдалуу кенештер экен айрыкча айымдарга чоон рахмат сиздерге! @-}--
+2
veneraaalieva
2013-01-14 17:32:11
Рахмат, ото пайдалуу кенеш экен.
+2
1252
2013-01-15 21:15:18
Рахмат, соонун ото пайдалуу экен сиздерге терен ыраазычылык билдиребиз!!!
+2
saya4ka
2013-01-18 15:56:48
Алманын жанына гулду койбош керек экенин билбептирмин... Эсте болот.
+1
Nona
2013-01-19 00:50:54
Ayabay paudaluu kenew boldu men uchun , rahmat
0
№ 532, 11-17-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан