4-ИРЕТ МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИГИ КИЛЛЕРДИН КОЛУНАН КАЗА ТАПТЫ

11-январь күнү кечке жуук ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди атып кетишти. Ал жумуштан чыгып, кызматтык автоунаасы менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнүн жанына келгенде ага кылмышкерлер бир нече ок атышкан. 9 жолу ок атылып, анын бешөөсү денесине тийген полковник каза болду. Бул окуяны коомчулук "кылмыш дүйнөсү тартип коргоо органдарына каршы согуш ачты" деп баалады.

ШЕКТҮҮЛӨРДҮН БИРИ КАРМАЛДЫ
Бул факт боюнча Ош шаардык ИИББи Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) жана 340-беренеси (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) менен кылмыш ишин козгоду. Кылмыштын бетин ачуу боюнча мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ички иштер министринин орун басары Б.Абакиров жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынан 15 кызматкер Ош облусуна жөнөтүлдү. Президент баш болуп, өкмөт башчы, башкы прокурор жана Ички иштер министри бул кылмышты өз көзөмөлүнө алышкан.
Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, полковникти аткандар экөө болуп, анын биринин фотороботу түзүлгөн. Эки күндөн кийин "Толкунбек Шоноевди өлтүргөн" деп шектелип Жылдызбек Карамбаев аттуу жигит УМККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан колго түшүрүлдү. УМККнын билдирүүсүндө, Карамбаев окуя болгон күнү Ошто болгон, андан соң борборго келген. Учурда ал Ошко жөнөтүлүп, ал жакта көрсөтмө берүүдө.
Карамбаев аркылуу жиптин учугу табылып, кылмышка тийиштүүлөр аныкталып, колго түшүрүлүшү мүмкүн. Мурун бир нече жолу соттолгон Карамбаев жөнүндө "Алмамбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү" деген да маалыматтар тараган. 15-январда Анапияевдин жактоочусу Самат Заков маалымат жыйынын өткөрүп, Анапияевдин билдирүүсүн таратты. Анын айтымында, Анапияевдин Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө тиешеси жок жана кылмышка шектелип кармалган Жылдызбек Карамбаев менен тааныш эмес.
Шоноевдин өлүмү боюнча түрдүү версиялар айтылууда. Негизги себеби анын кесиптик ишмердиги болушу мүмкүн. Маалыматтарга караганда, Т.Шоноевде жергиликтүү кылмыштуу топтордун айыбын ачуучу документтер болгон. Ал өзгөчө коркунучтуу делинген кылмышкерлердин изине түшүп, алардын кылмыш ишмердүүлүктөрүнүн бетин ачуучу маалыматтарды топтогон экен.
Ыкчам иликтөөлөр боюнча Ички иштер министринин мурунку орун басары, учурда Бишкек ШИИББинин жетекчиси Мелис Турганбаев да Толкунбек Шоноевдин өлүмү анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.
"Бул кылмышкерлердин өч алуусу же кылмыш дүйнөсүнүн кайрадан баш көтөрүп укук коргоо кызматкерлерине таштаган чакырыгы болушу мүмкүн. Ошондуктан аларга каршы күрөштү күчөтүү зарыл",- деп билдирди Турганбаев.

ПОЛКОВНИК ФЕВРАЛДА 36 ЖАШКА ЧЫКМАК
Толкунбек Шоноев 24-февралда 36 жашка чыкмак. Ал кылмыш иликтөө жаатында катардагы иликтөөчүдөн баштап ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бандитизм, буйрутма киши өлтүрүү жана опузалап коркутуу бөлүмүнүн башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн. Ал өлкөдө болгон чуулгандуу кылмыштардын бетин ачууга катышкан. Журналист Алишер Саипов, Уран Алиев жана Медет Садыркуловдун өлүмдөрүнө байланыштуу кылмыштарды ачууга салым кошкон. Кызматтагы жетишкендиктери үчүн «Эрдик» медалы, 3-даражадагы «Азамат» медалы, Макаров өздүк тапанчасы менен жана башка бир катар төш белгилер менен сыйланган. Полковник наамын 2012-жылдын 31-декабрында алган.
Анын жакындарына өлкө президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн Социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 миң сом бөлсө, ИИМ жетекчиси Шамиль Атаханов да министрликтен 100 миң сом бөлүүнү убада кылды.
Толкунбек Шоноевдин сөөгү 13-январда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылына коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, Ички иштер министри Шамиль Атаханов да катышты.

"БАЛАМ БАНДИТТЕРДИ БАШ КӨТӨРТПӨЙ КАЛГАНГА ЖЕТИПТИР"
Уулунан ажырап мүңкүрөп отурган Курманбек Шоноев:
– Уулум жумушун аябай сүйчү. Жумушу тууралуу бизге эч нерсе айтпайт эле. Баламдын жаны кылмышкерлерге керек болуп калган даражага жетип калганын билбептирмин. Мындай экенин билгенде мен көкүрөгүмдү тоспойт белем! Беш балам бар, Толкунбек ортончусу болчу. Боорукер, ак көңүл, дардаңдаган уулум эле. Аз жашаса да, маанилүү жашаптыр. Элине ак эмгек кылган экен, артында көз жашын төккөн эл, мамлекет жетекчилери турду. Баламдын жасап кеткен эмгегине, акылдуу, эмгекчил, таза адам болгонуна ыраазымын. Президент да көңүл айтып жатат, булардын баары баламдын кадыр-баркы үчүн болду. Кудай бейиштен орун берсин эми. Артында беш баласы калды, улуусу 4-класста окуйт, эң кичүүсү
1 жашар, ошолордун өмүрүн берсин. Кудайдан коркпогон жырткычтар жазасын алат, буюрса. Биздин жүрөктө өчпөгөн арман болуп калды.

Санталат Шоноева, апасы:
– Балам бирөөлөргө жамандыгы жок эле, кимге керек болду экен, менин баламдын жаны? Эмне үчүн өлтүрүшкөнү мага караңгы. Күндө келчү, келе албай калса телефон чалып турчу. Үйгө келгенде экөөбүз эркелешип, колубузду кармашып эле отура берчүбүз. Мен үчүн дагы эле чоңоё элек кичине баламдай болчу. Бандиттерге баш көтөртпөй ушундай даражага жетип калганын байкабай калыптырмын. Мындай экенин билгенде бул кесипте иштетпейт болчумун. Артында балапандай беш баласы менен алтындай болгон келинчеги калышты. Атасы өмүр бою таксист болуп жүрдү, карапайым эле адамдар элек. Ошол күнү да жумушунан чыгып мага телефон чалганынан «атаң сенин үйүңө кеткен, үйүңө бара бер» деп коюпмун. «Үйгө келип тамак ичип кет» деп чакырып алсам, балким, мындай болбой калат беле...

Качып Дубайда жүргөн кримавторитет Камчы Көлбаев 2012-жылдын декабрь айында Кыргызстанга келип, "Манас" аба майданында УМКК кызматкерлери тарабынан кармалган эле. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелип, издөөдө болчу. Ошого карабай мекенине кайтып, колго түшүп беришин көпчүлүк Кыргызстандын азыркы кылмыш дүйнөсүндөгү таасир талашууга байланыштырышкан. "Көлбаевди саясий оюндарга аралаштырыш үчүн чакыртышты" деген да ойлор жаралган. Камчы Көлбаев Кыргызстанга келгенден көп өтпөй эле мындай оор кылмыш катталды. Анын Көлбаевге тиешеси бар болушу мүмкүнбү?

ИИМ кайрылуу жасап, Толкунбек Шоноевди өлтүргөн кылмышкерлерди издөөдө коомчулукту жардам берүүгө чакырды. Кылмышкерлер тууралуу так маалымат берген адамга 1 миллион сом өлчөмүндө сыйлык берилет.
Ош шаардык ИИББинин маалымат кызматы бул ишти иликтөөгө жардам берүүчү маалыматтар болсо, төмөндөгү ишеним телефондоруна кайрылууну өтүнөт:
(03222) 2-79-55, 0707 33-49-99 Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

БУТАДА МИЛИЦИЯНЫН ПОЛКОВНИКТЕРИ
Полковник Шоноевден сырткары мындан мурун 3 жогорку даражадагы милиция кызматкери киллерлердин колунан каза болуп, ал кылмыштардын бирөөсүнүн гана бети ачылган.
2004-жылы 5-майда Бишкек шаарында ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Чыныбек Алиев өлтүрүлгөн. Ал кызматтык автоунаасын айдап келе жатып жол чыракка токтогондо белгисиз бирөөлөр ак БМВ менен жете келип, Калашников автоматы менен атып кетишкен. Кылмышкерлер табылган эме

2005-жылдын 5-апрелинде Ош шаарында ИИМдин Кызматтык кылмыштарга күрөшүү башкы башкармалыгынын аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Уран Алиев да атылган. Киллерлер таңкы үчтөр чамасында үйүнүн подъездине кирип бараткан Уран Алиевге жана айдоочусуна ок жаадырышкан. Алиевдин денесине 2, башына 4 ок тийип ошол жерден каза болсо, айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Милициянын версиясы боюнча, Уран Алиев ири өлчөмдөгү баңгизаты тууралуу маалымат алган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү Уран Алиев иликтөө жүргүзүп жаткандыгын билип калып, анын көзүн тазалашкан. Анын өлүмүнө айыпталып, "буйрутма берген" деп Азиз Качыбеков, "аткан" деп Бакытбек Сыдыков кармалып, күнөөнү моюндарына алышкан. Мындан башка да 4 катышуучу аныкталган (арасында "Равшан-прогиб" каймана аттуу Равшан Хакимов да бар).

2008-жылы 4-августта ИИМдин Баңгибизнесине каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, 39 жаштагы полковник Анвар Алиев өлтүрүлгөн. Полковник кечки 10:45 чамасында Бишкек шаарынын борбордук көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайга автоунаасын токтотуп, үйүнө баратканда белгисиз адамдар ага Макаров тапанчасынан бир нече ирет ок чыгарышкан. Денесине 6 ок тийип, ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Ал атактуу генерал Эргеш Алиевдин небереси экендиги белгилүү.
Кызыгы, анын өлүмүнө ошол убактагы Ош облустук ИИББинин баңгибизнесине каршы күрөшүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы, учурда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын башчысы Алмазбек Эргешбаев, анын кол алдындагы 3 кызматкер күнөөлөнгөн. Алмазбек Эргешбаевди 2009-жылы сот өмүр бою, ал эми калган үчөөнү 25 жыл абакка жатууга өкүм чыгарган. Апрель окуясынан кийин сот бул ишти кайра карап, күнөөлөрү далилденбеген үчүн актаган. Ошентип, Анвар Алиевдин өлүмү дале ачыла элек.

Уулбү Каныбекова,
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
altinim
2013-01-21 17:32:14
1миллион дейтко ошо эч ким айтпасын билип туруп эле ошонтишкенго, анан кимле айтат анын козун тазалап кетпейби. Полковниктердин жайы жаннаттан болсун!
0
miki98
2013-01-21 18:47:17
жайлары жанатта болсун.Аллахым баарыбызга ыйман берсин.баарынын аялы м-н балдарына кыйын болуптур.чын эле 100м сом эмнеге жетет.уй берсе болмок балдарына к-к болотда.кыйын иш болуптур.Кудайым эч кимдин башына туш кылбасын мындай жамандыкты.жакындарына конул айтабыз.сабыр кылыныздар.
0
best-life
2013-01-21 22:48:04
эххх куйругу кулач жайган кылмышкердик, мамлекетте анархия болгону учун ушундай корунуштор ото коп да, алсыз, чабал, илен-салан болгон байкуш окумот!!!
0
best-life
2013-01-21 22:50:10
биздин окумот элементарно озунун бир жаранынын укугун коргой албайт анан кантип кылмышкерлерди кармашмак эле, оздору иштешет болушу керек ошол кылмышкерлер менен!!! Акыйкат суйлогон, ак иштеген адамды эч ким суйбойт, бул чындык!!!
0
totu75
2013-01-22 02:44:21
жаткан жери жайлуу болсун
0
kanikey
2013-01-22 13:36:43
жаткан жери жайлуу болсун,балдарына кыйын кичинекей экен,атасыз чонойушат байкуштар.Ооба чын,таза иштеген адамдары ушундай кылышат,кылмышкерлерден любой милиция кызматкери коркушат анткени алар бир эле киши эмес алар биздин 7 областыбыз болсо ошол областарда жайгашышкан,аларды изилдеп,алар жонундо иш топтоп баштаган милиция кызматкерин барибир олтурушот анткени алардын жумушун бузуп жатат да.Ушул байкуш милицияларды или зарплатасын нормальный кылып коюшпайт или тынч иштетишпейт,артынан жамандага
0
Nur_meerim
2013-01-23 15:20:10
kanikey, ичинден ойлончу! Логикандын эч кимге кереги жок!
0
tea23
2013-01-23 20:15:37
Nur_meerim, kanikey tuura ele aytyp atat. men koshulam militsiya menen mugalimderdin jumushu oor aylygy jarybagan. kg emne ele bolup baratat emi afganistanday bolup kalbasak eken
0
kurguz...
2013-01-22 17:22:01
Ммм 5баласынын убалы урат ким олтурсо да,
+1
realliver
2013-01-23 08:45:01
Жаткан жери жайлуу болсун. Жаш экен кайран жигит.. Карачы кыргыздын дагы бир кыраанынан айрылдык.
0
tea23
2013-01-23 20:07:30
tooba adamdar kydaydy estegile, jurogunordo saktagyla. biroonu olturoordon murun oiloboibu oshol akmaktar bul da biroonun balasy, suigon jary, atasy, inisi je agasy dep. kanchalagan adamdardyn koz jashy toguldu. bul duinodo jana arky duinodo da jakshylyk korbosun ushu killerler, tozoktun otunda kuigulo ubalyna kaldynar beikunoo adamdardyn.
0
Айпери Сыдыкова
2013-01-24 22:57:24
Алиевди олтургон Равшан прогибди мурун кундо эле корчук.Мурунку жашаган район криминал болчу,бирок местныйларга тийишпейт эле.Кичинебизде наркомандардын сайынып атканын корчук,маани бербейткенлек.Азыр эстесем коркуп кетем.Равшан прогибди мындай крим-авторитет эмес,спортсмен,райондун авторитети жана кошунам Оксананын жигити деп эле билч
ум.Кудай сактааа
0
Айпери Сыдыкова
2013-01-24 23:10:28
Крим дуйно аябай эле кучуно кирген убагы,мындан да курчуйт.Мыйзамды мектеп окуучулардан башташ к.к.Мен мектепте окуп жургон кезде прогибдер бери турсун кыздар укмуш мушташчу.Сойкосун тартып кулагын жырмай,чачын,бетин айтпайле коеюн.Ушинтип келечекте кылмышкерге айланат да.Мени кыргыз баран десе,мен коза дей коюп 15-20кыздын арасында калып кеткем мектепте,орустардан келтек жеп.
0
hottei
2013-01-25 11:57:21
таза иштегендерди ушинтип эле олтуро берсе, ким эле таза иштегиси келет?!
0
Kymyzkyz
2013-01-26 23:44:28
Окунучтуу эмне деген чыгаан азаматтарды жок кылып алдык
0
rios.07
2013-01-27 01:12:44
Кылмышкерлерди тапканга аракеттенем. 1млн. Даярдап койгула!
0
altyn1707
2013-02-18 20:04:33
Жаткан жери жайлуу болсун. Накта патриотторду кыра берсе эмне болот? ИИМде калабы таза иштегендер.
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан