Жантөрө Сатыбалдиев, КРнын Премьер-министри:«КАЧПАШ ҮЧҮН ТАЗА ИШТӨӨ КЕРЕК»

Адам элдин кызматкерине айланган күндөн тартып жеке пенделик көп укуктарын жоготот. Анын жеке жашоосу, ден соолугу, суткасына 24 саат убактысы, сааттар менен жарышкан өмүрү деле элдин энчисине айланат. Кыргызстандын учурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен кенен маек курууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө учурдан пайдаланып өлкөдө экинин бири болуунун жүгү, кызыкчылыктары жана кыйынчылыктары, жеке жашоосу, ырахаты, капасы тууралуу суроо үстүнөн суроо жаадырдым.

– Жантөрө Жолдошевич, Кыргызстанга минтип өкмөт башчыны тарбиялап, өстүрүп берген эне-ата кимдер болду экен, ал үй-бүлөдө кандай тартип, кандай салттар, баалуулуктар болгон? Маекти ушундан баштагым келип турат. Сиз кандай үй-бүлөдө өстүңүз?
– Мен чоң үй-бүлөдө төрөлүп-өстүм. 8 бир тууганбыз, 4 уул, 4 кыз. Атам мектепте мугалим болуп иштеп, өмүрүнүн акыркы жылдарында айыл кеңешин башкарды. Апам болсо мектепте 7 жыл окуган экен, өмүрүнүн аягына чейин үй-бүлө иштери, балдарды тарбиялоо менен алек болду. Сыймыктануу менен айткым келет, апам 7 жыл билим алганына карабастан, элдик макал-лакаптарды жакшы билген сөзмөр болгон. Атам мугалим кезинде "балам, бир курсак дайыма тоёт, бирок көр оокат үчүн өзүңдү өзүң алдаба" деп көп айтар эле. Атамдын бул сөзү менин жашоомдо осуят болуп калды. Биздин үй-бүлөнүн баалуулугу – апам менен атамдын бизди жаштайыбыздан эмгекке бышыргандыгы болду. Ким эмне жумуш кылат, баары бөлүнгөн, ар бирибиздин ишибиз бар болчу. Улуулар жалаң эркек балдар болгондуктан, улуу агам апама үй жумушунда каралашып, менин энчиме сырттагы мал чарба иштери тийген. Ал тарбия, ал салт азыр деле ошол биз чоңойгон үйдө сакталган.
Атам кыргыздардын тарыхы тууралуу көп кызыктарды айтып берчү. Айрыкча уруу сүрүштүрүп, санжыраны жакшы билер эле. Жаш кезде эмне, ал сөздөргө көп маани деле бербейсиң. Кийин Бишкекте иштеп жүргөндө Нарын тарапка барып калсам, бир карыя сураштырып калды. «Кайсы уруудансың, ал уруудан кимдер өткөн?» деп аябай уяткарган. Ошондон кийин атама барып, түнү бою уктабай өтмүшүбүз, ата-бабаларыбыз тууралуу сүйлөшүп чыкканбыз. Ошондо жаздырып же кагазга түшүрүп албаганыма өкүнөм.

– Сизди эмоцияга алдырбаган, токтоо адам катары билишет. Бала кезде кандай элеңиз?
– Тентектик кантип болбосун? Атүгүл чоң кызматка келгенде деле андай иштер болгон. Апсамат Масалиевдин 90-жылдары кайсы бир чоң жыйында легендарлуу парламентке «акылдашалы, ойлонолу, чечели» деп кайра-кайра кайрылганы эсимде. «Эмне кылат акылдашып, бүгүн эле бүтүрүп салбайбы, өзү эле чечип койбойбу?!» деп кызуулангам. Элге байланыштуу ар бир чечимди көпчүлүк менен акылдашып, адистердин ой-пикирлерин угуп, анан чыгарсаң жакшы жыйынтык болорун жаш өткөндө барып түшүнөт экенсиң. Муну кырктан өткөндө аңдап, көзүм жетип, колдоно баштадым. Токтоолук, сабырдуулук убакыт-сааты менен келет экен. Акыл деле бир күндө жарала калбайт. Кетирген кемчиликтериңден жыйынтык чыгаргандан, канча бир сындарды уккандан улам пайда болот. Биздин коомдо деле айтып жатышпайбы, айрыкча жаштар «ай, мындай кылып койсо болот, тигиндей кылып койсо болот» деп. Ошондой эле оңой болсо кана?!
Албетте, менде деле кыздардын чачын тартып, мугалимдердин отургучуна кнопка койгон тентектиктер болгон. Болгону, 8-класстан кийин техникумга кетип калып, мектептин жакшы учурун башымдан өткөрбөй калдым. Техникумда окуу орус тилинде жүргүзүлөр эле. Айылдан келген балага орусча окуу бир топ түйшүк, андыктан окуу менен эле алышып калгам.
Биз акыркы жыйырма жыл ичинде кадр саясатында даярдоодон уттуруп койдук. Совет мезгилинде жигердүү, зирек жаштарды резервге дайындай жүрүшчү. Андыктан жаштар биздин бийлик бутактарында сөзсүз түрдө болуш керек дейм. Кандай пропорцияда? Мисалы, үчтөн бири болсо. Тажрыйбасы бар, ишке көзү жеткендер, орто жаштагы толуп тургандар, анан жаштар болсо, акырындап биринен-бирине эволюциялык жол менен өткөрүп, өсүп бара берсе жыйынтык жакшы болот. Канчалаган балдарды мамлекеттин, гранттын эсебинен чет жактардан окуттук да, кайда кеткенин өкмөт көзөмөлгө албай койду. Кадрларды өстүрүүнү таштап койдук. Бул биздин ошол 20 жылда кетирген чоң кемчилигибиз. Эми эч кимге арыздана албайбыз, ошону кайра калыбына келтириш керек. Бүгүн деле «баарын кадрлар чечет» деген түшүнүк актуалдуу.

– Билим берүү боюнча да суроо жаралат. Балдарды каалоосу бар-жогуна карабай, бирдей программада окуткан туурабы же жашынан кызыгуусуна, мүмкүнчүлүгүнө жараша кайсы бир багытта окутуу керекпи? Советтик билим берүү системи бүгүнкү дүйнөдөгү атаандаштыкка дагы канча убакыт туруштук бере алат?
– Советтик билим берүүнү ашып кетсе дагы 10 жылдай колдоно алышыбыз мүмкүн. 90-жылдары жогорку окуу жайын бүткөндөр 45-47 жаштарга келип калышты. Азыр негизинен ошолор иштеп жатышат. Ортодогу 20 жылдыкта бизде боштук болуп калышы мүмкүн. Албетте, мыкты окуган жаштар бар, бирок массалык көрүнүш эмес. Биз билим берүүдөгү пирамиданы бузуп алдык. Жогорку окуу жайлары көп да, кесиптик окуу жайлар аз. Тескерисинче болуш керек эле.
Ар бир айылда мыкты мектепти кармаш оңой эмес. Совет кезинде кандай эле? Райондо, шаарда бирден мыкты жатак-мектептер болор эле. Мисалы, Бишкектеги даңазалуу №5-мектепти алалы. Кыргызга ал мектеп канча деген мыкты адистерди тарбиялап берди?.. Балким, кайрадан ошол системди жаратуу керектир... Башка мамлекеттер түзгөн жатак-мектептерге олчойгон акча төлөп балдарды окутуп жатпайбызбы. Эмне үчүн өзүбүздүн ошондой системди түзүүгө болбосун? Болот. Бул туурасында тиешелүү тапшырмаларды профилдүү мамлекеттик уюмдарга бердим.

– Кесип тууралуу да сөз кыла кетсек, инженердик кесип эмнеси менен кызыктырды? Же кокусунан эле тандап калдыңыз беле?
– Айылга мектеп салынып жатканда куруучулар биздин үйдө жашашчу. Ошолорго кол кабыш кылып жүрүп, «мен деле курулушчу болсом» деген максат пайда болгон. 8-классты бүткөндө атам айтып калды, «бул кесипти орус тилинде окуш керек болот, балким, техникумга тапшырарсың...» деп. Ошентип, Ошто техникумда, андан кийин Фрунзеге келип политехте окуп калдым. Инженердик кесипке билип туруп эле келдим, башка багытка кетейин деген ой деле болгон эмес.

– Ошол кезде карьера жасайм дегендердин көпчүлүгү бат эле партиялык кызматтарга өтүп кетишчү. Сизде да ушундай максат болгонбу?
– Мен өндүрүштүк тепкичтин бир дагы баскычын баспай өткөргөн жокмун. Техникумду бүтүргөндө кадимки жумушчу, институтту бүткөндөн кийин болсо мастер, улуу мастер, прораб, улуу прораб, райондун деңгээлинде начальник болдум. Болгону 27 жашта элем. Облуска келгенде ошол сиз айткандай партияга иштегенге мүмкүнчүлүк болду. Ал убакта өндүрүштөн дароо эле партиялык ишке ала койчу эмес. Алгач партиянын штаттан тышкаркы инспектору деп алышчу. Москвада компартиянын академиясы бар эле, 1990-жылы мени ошого жөнөтмөкчү болушкан. Бирок биздин тагдырыбызгабы, бактыбызгабы, айтор, союз тарап кетип, ал жакта окубай калдым. Жеке пикиримде, Советтер Союзунун тынч жол менен тарап кетиши, андан улам автоматтык түрдө эгемендүүлүк алышы Кыргызстандын элинин бактысы болду. Бизден саны боюнча алда канча көп калктар бар да, мамлекеттүүлүгү жок. А мен үчүн союздун тараганы жакшы же жаман болду деп айта албайм. Бул тууралуу дегеле ойлоп көрбөптүрмүн. Бир аз мактанарлык угулушу мүмкүн, бирок мен өндүрүштүк карьераны өтө тез жасадым. 1991-жылы 35 жашымда министрдин биринчи орун басары болдум. Мындай көрсөткүч оңой жаралган эмес.

– 90-жылдар боюнча... Жаңы заман келди, ага ыңгайлаша албагандар кайыктын сыртында калышты, тилин тапкандар ийгиликтүү ишкерлерге, байларга, аягы келип Кыргызстандын саясий элитасына айланышты. Бул жылдары сиз кандай күндөрдү өткөрдүңүз?
– Союздун тарап кетиши ошол убакта иштеп жаткан кызматкерлер үчүн оор эле сокку болду. Биз рынок шартында жашап көргөн эмес элек. Планга жараша өндүргөндү гана билип, аны кантип сатуу боюнча баш оорутчу эмеспиз да. Этти өндүрүп чыгарабыз, аны биздин айыл жейби же Орусиянын бир шаарына сатылабы, мамлекеттик план эле чечип койчу. Ошондуктан биздин пландык экономика кыйраганда ал багытта даярдалган көптөгөн адистерге кыйын эле болду. Тескерисинче, рынок шартында башка элита пайда болду. Рынок шартын аз да болсо билген, соода-кооперативдерде иштегендер бат бутуна туруп кетишти. Атүгүл биз ошол 91-93-жылдары болгон массалык менчиктештирүүлөргө караманча каршы чыкканбыз да. Берилген купондорду кыйратып түшүнгөн эмеспиз. Ал кичинекей акция экен, сактап койсок, азыр кайсы бир компанияда акционер болмок экенбиз. Аны түшүнбөй, муктаж болуп жаткандарга берип салганбыз.
Мен ошол өткөөл өкмөттө министрдин орун басары болуп төрт жарым жыл иштедим, үч ирет министр алмашты. Ошентип, элитага байлардын катарынан эмес, өндүрүш аркылуу келип калдым. Ал эми расмий түрдө бай болушума кайра эле жумушум түрткү болду. Эсиңизде болсо керек, республикада 2003-жылы энергоколлапс болгон. Төлөмдөр азайып, жоготуулар 48 пайызга дейре чыгып кеткен. Ошондо президенттин указы менен энергетикалык коопсуздук боюнча өкүлчүлүк түзүлгөн. Ошол өкүлчүлүктүн жетекчилигин сунушташты. «Мен энергетик эмесмин» дедим. «Жок, бизге сиздин чечкиндүүлүгүңүз керек, мындай кемчиликтер бар, ошону жоюу керек» дешти. Ал кезде Акаев Дүйнөлүк банкка «карыздарыбыз көбөйүп кетти, канча бир бөлүгүн жоюп бергиле» деп кайрылган экен. Дүйнөлүк банк «силердин баланча тармактарда мындай ресурстарыңар бар. Энергетика тармагын тартипке келтирсеңер мындай мүмкүнчүлүктөр пайда болот, анан биз карыздын баланча бөлүгүн кечебиз» деп долбоор сунуштаптыр. Ошентип, мамлекеттеги 7 энергетикалык компаниянын башын бириктирген уюм түзүлүп, директорлор кеңешинин төрагасы жана вице-премьердин атайын өкүлү болдум. Ал убакта доллар менен айлык алат дегенди билчү эмесмин. Дүйнөлүк банк коюп берген айлыктын негизинде расмий түрдө сомдук миллионер болгом. Кээде тамашалап «баарыңар «мындай» миллионерсиңер, мен расмий түрдөгү миллионермин» деп мактанып калам.
Сиз туура айтып жатасыз, бизде учурдагы саясий элитанын көпчүлүгү чыгармачыл элитадан, спорттон, бизнестен келгендер. Чыныгы саясий элитаны биз даярдап келе жатабыз. Ойчулдардын айтуусуна таянсак, мамлекет качан гана ар ким өз ишин кылганда өнүгөт. Саясатчы саясат менен, дарыгер элди дарылоо менен, мугалим билим берүү менен алектенгенде гана мамлекет өнүгөт. Бизде азыр ким гана саясат менен алектенбейт?.. Чынында, саясат эң оор жана жоопкерчиликтүү тармак. Андыктан профессионалдуу түрдө саясатчыларды даярдашыбыз керек. Айылдарга барып калганда мектеп окуучуларынан «келечекте ким болосуңар?» деп сурап калам. «Депутат болом» дешет. Депутаттыкты бизде азыр көбүнчөсү өз бизнесин калкалоо, мандаттан пайдалануу максатында көздөп калышты. Өнүккөн мамлекеттерде кандай? Мал бакканы малы менен, бизнесмени бизнеси менен, саясатчысы саясат менен алек.

– Азыр коомчулукта анекдоттор пайда болду. «Орусияга барып иштеп келдим, үйлөндүм, үй салдым, машина алдым, атама аш бердим. Эми депутат болуп коюш гана калды» деген. Мындай илдеттен кантип кутулабыз?
– Саясий атаандаштыкты күчөтүшүбүз керек. Албетте, бүгүнкү депутаттардын деңгээлине шек келтиргим келбейт, бирок көбүнчөсү каражаттын негизинде гана электоратты өзүнө бурганы көрүнүп турат. Ошондуктан сиз айткандай анекдоттор жаралууда. Чынында, саясий атаандашуу идеялардын атаандашуусу болуш керек. Биз элге кантип жардам бере алабыз? Саясатчылардын эл алдындагы эң негизги милдети – шарт түзүп берүү. Элге күн сайын балык кармап бербей, балыкты кантип кармаганды үйрөтүү. Мына өнүгүү Стратегиясын кабыл алдык, шайлоо принциптерин өзгөртө баштадык, бул келечектин иши.

– Социалдык статусу көтөрүлгөн сайын адамдын айланасына кошоматчылар, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр чогула баштайт. Чыныгы досту мындайлардан кантип айырмалап, кантип күтүш керек?
– Дос – Кудайдын бир аты дейт. Менин жолдошторум студенттик күндөрдөн бери келе жатышат. Кыйынчылыктарды чогуу көрдүк, чогуу окудук, кийин үй-бүлөлөр менен катыша баштадык. 7дей бала бар эле, каза тапканы болду, ар кандай шарттар болуп отуруп азыр үчөө калдык. Ал эми сиз айткандай досторду мен «жарма достор» деп атап коём. Кокусунан кызматтан түшпөй эле келе берсем, балким, азыр жанымда абдан көп достор болмок. Ошондуктан мезгилинде түзүлгөн шарттарга ыраазымын. Кызматтан алып койгондон кийин мен кимдин ким экенин анык айырмалап, биле алдым.

– Турмуштун чындыгы жашоодо ийгиликке жеткен эркектин артында акылман аял турат дейт. Сиздин маңдайыңызга да ушундай аял буюрдубу?
– Турмушумда кесип менен жар тандоодон жаңылбаптырмын. Жубайым менен 34 жылдан бери чогуу жашап жатабыз. Уул-кыз, күйөө бала, келиндер, неберелерибиз бар. Үйдүн ишин, катыштардын баарын былк дегизбей жайгаштырган жубайым. Мени менен жарышып карьера жасайм дебеди. Мени түшүнө алат, көп жагынан апама окшоштурам. Андыктан Кудайга ыраазымын.

– Кайрадан эле саясатка кайрылгым келип турат. Акаевдик, бакиевдик премьерлерден атамбаевдик өкмөт башчылардын, сиздин айырмаңыз...
– Бизге бааны эл койсун. Ошентсе да Акаев менен Бакиевден Атамбаевдин айырмасын карап көргөнүбүз оң. Атамбаев бийликке келген биринчи эле күнүндө «6 жыл иштейм, анан кетем» деп ачык айтты. Бул жагынан айырма бар. «Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок» дегендей, ушул жагынан да өтө айырмаланат. Жанында 9 ай Аппарат башчысы болуп иштедим, бир дагы ирет андайын көрбөдүм. Мен азыр кошоматчы катары көрүнүшүм мүмкүн, бирок Кудай алдында көргөнүмдү айтып жатам. Дайыма «сиз экөөбүз Кыргызстанды жаштарга жакшынакай өткөрүп берсек. Бай кыла албашыбыз мүмкүн, бирок туура жолго салып, тазалантып, чындык бар экенине ишеним, үмүт пайда кылышыбыз керек» деп айтат. Дагы бир айырмасы – жеке байлыкты көздөбөгөндүгүндө. Ачык эле айтып жүрбөйбү, «саясатка чейин бизнес жасагам, расмий түрдө миллионермин» деп. А мурунку эки президент бизнес менен алектенишкен эмес, саясатка келгенден кийин эле бай болуп чыга келишпедиби. Аны коом деле көрүп турат. Биздин Кыргызстанда азыр эч кандай сыр жок. Өкмөт мүчөлөрүнө «биз аквариумда турабыз» деп көп айтам. Аквариумдун дагы ылдый жагы полдо турат, биздин болсо туш-тарабыбыз ачык. Ошондуктан таза иштешибиз керек. Канча иштейбиз деп да кылчактабашыбыз керек.

– Азыр өкмөт бат-баттан алмашууда. Канча бир жыл иштейт деген кепилдик жок. Бир жылкынын чуусунан деле алмашып кетиши мүмкүн экендигине коомчулуктун көзү жетти. Бир жагынан жакшы, сиз айткандай, баары көрүнүп, атаандаштар бирин-бири сынга алып турат. Бирок мунун терс таасири да тийиши мүмкүнбү? «Эртең эле кетүүгө туура келет. Азырынча колумда бийлик турганда...» деп пайдаланып калууга түрткү болбойбу? Балким, «жан талашып иштегенде эмне, баары бир кетем да» дегендей ыргылжың ойду жаратар...
– Мындай коркунуч бар. Юридикалык-конституциялык жактан жоопкермин, бирок «мал аласы тышында, киши аласы ичинде» дегендей, бардык өкмөт мүчөлөрүнө жооп бере албайм, баарын билиш кыйын. Өзүмө келсек, мен кылчактабайм, ага убактым да жок. Жыйынтыкка гана иштешим керек. Андыктан болгон күчүмдү, тажрыйбамды колдоном. Албетте, тез-тез алмашуу оор. Азыр мени «Сатыбалдиев стратегиялык өнүгүүнү президентке берип койду» деп сындап жатышпайбы. Эмне үчүн президенттен сурандым? Бүгүнкү саясий шартта стабилдүү 6 жылга шайланган бир гана президент. Коалициялык өкмөттүн өмүрү ар кандай шартка байланыштуу. Сиз айткандай, бир жылкыдан улам деле тагдыры чечилип калышы мүмкүн. Ошондуктан кабыл алынган туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясы өлкө башчыбыздын карамагында. Ал эми бат-баттан алмашкан өкмөт кайра-кайра структурасын, программасын сунуштай бербей, 5 жылдыкка алынган Стратегиянын негизинде туруктуу өнүксөк болот.

– Өткөндө журналисттер менен жолугушууда Алмазбек Атамбаевге «эгер аргасыз болуп калсаңыз, кайсы өлкөгө качасыз?» деген суроо берилди. «Качат» деген түшүнүк кыргызстандыктардын мээсине бекем орношуп алды. Качпай деле иштесе болорун, бийликке келүү, бийликтен кетүү сөзсүз эле «качуу» менен айкалышпашы керегин далилдеш үчүн, ушул ойду өзгөртүш үчүн эмне кылар элеңиз?
– Кылган ишиң таза болсо, качуунун эч кандай кажети жок. Мага деле канча күнөөнү коюп жүрүшөт, кээ бири жөн эле ойдон чыккан. Эч кайда качпай эле жүрөм. Мени сындап жаткандардын колунда бийлиги деле болгон, азыр деле текшерип алышса болот, качпайм. Президенттин дагы "качпайм" дегенин колдойм. Ал кишинин мен билгенден Кыргызстандын алдында кача турган күнөөсү жок. Байып алып качып кетип, башка жакта жашап жатышат. Бирок жолдошторуң менен жолугушуп сүйлөшө албасаң, тууган-уругуң менен катыша албасаң... Кыргыздар үчүн мындан өткөн жаза, трагедия жок. Ошондой тагдырга туш болбош үчүн таза ой менен, ак ниет менен иштеш керек.

– Эгемендүүлүккө жеткенден бери Кыргызстанды 4 президент, 20дан ашуун премьер башкарды. Бирде активдүү, бирде кыйыр түрдө аралашып, бул жылдар аралыгында сиз да ушул системде иштеп келдиңиз. Кайсы чечимди калпыс, эң чоң жаңылыштык катары эсептейсиз?
– Өтө оор суроо болду. Демократиялык өнүгүүгө түшкөндөн кийин Конституцияларды оңдой баштаганда биз өзүбүздүн туруктуу өнүгүүбүзгө балта чаптык деп эсептейм. Демократиянын шарында жакшы Конституция кабыл алганбыз. Эсимде, 1998-жылга чейин коңшу өлкөлөрдөн келип, биздин жүргүзүп жаткан реформаларыбызды үйрөнүп кетишчү. Эки мөөнөтү менен эле кетсе, биринчи президент тарыхта жакшы атта калмак. "Бийлик жетишпей жатат" деп Конституцияга өзгөртүү киргизип алган күн – Кыргызстандын эң трагедиялуу күнү. Ал кийин Аксы окуясына, 2005-жылдагы, 2010-жылдагы революцияларга, Оштогу улуттар аралык кагылышка алып келди.
«Акаевдин президенттик мөөнөтү 1995-жылдан башталат» деген Конституциялык соттун 2000-жылдагы корутундусу экинчи чоң калпыстык болду. Эми ошол 10 жылды эсептей албасак, анда эмне деген элбиз, журтпуз? Ошондо каршы тура албадык, «жок» деп айта албадык. Сиз айткандай, мен дагы кыйыр-түз иштеп жүрүп жетекчи катары «жок» деп айта албадым, бул дагы кетирилген чоң кемчиликтер болсо керек. Мына ушул эки чоң калпыстык менен биз өнүгүү жолубуздан адашып калдык. Биз ошондо түз эле кете бергенибизде, экинчи президент чыныгы атаандаштыктын негизинде шайланганда башкача болмок. 2005-жылы Курманбек Бакиев атаандашы жок шайланды. Роза Исаковна өткөөл шартта өзүнүн ролун так, жакшы аткара алды. Стабилдүүлүктү толугу менен орнотту деп айта албайм, бирок Кыргызстанды кыйынчылыктардан өткөрүп, парламенттик, президенттик шайлоону бүтүрүп, бийликти тапшырды. Азгырыктар кантип болбосун? Ошолорго алданбай, эрки жетип өткөрүп берди, эми мына жакшынакай жашап, өз иштерин улантып жүрөт. Ушундай тагдырга мурунку эки президент деле татыктуу болсо болбойт беле? Эми азыр алардын сыртта туруп алып ар кандай акылдарды үйрөткөнү өтпөйт.
Эсиңизде болсо керек, алгач элдин Акаевге болгон ишеними абдан күчтүү эле. Жогоруда айтылган эки калпыстык Кыргызстандын өнүгүүсүнө катуу балта чаап кетти. «Аа, манипуляция кылып бийликти алса болот экен» дегенге шарт түздү. Элдин ишеними сынды. 2005-жылы Бакиевге эл кандай ишеним артты эле? Тилекке каршы, ал киши элдин ишенимин актай алган жок. Андай ишеним азыр барбы? Азыркы бийликте, парламентте да, өкмөттө да, жергиликтүү бийликте да жок. Биз ал ишенимди кайра жаратыш үчүн талыкпай көп иштешибиз керек. Ал үчүн убакыт керек. Андай убакыт бизде барбы-жокпу, азырынча белгисиз.

«КИТЕП ОКУУДАН РАХАТ АЛАМ»

– Барсам, көрсөм деп эңсеген, бирок бут жетпей жаткан жер шарынын чекити барбы?
– Бар, Кыргызстандын эң бийик чокусу.

– Кайсынысын жактырасыз, китептиби же анын негизинде тартылган тасманыбы?
– Китепти.

– Интернет, электрондук китеп, скайп өңдүү түшүнүктөр сиздин жашооңуздан да кеңири орун алдыбы? Же кагазга басылган китептин күйөрманы боюнча калдыңызбы?
– Интернет, скайп баары эле менин турмушумда бар, бирок китепти барактап окуудан рахат алам.

– Жан дүйнө жабыркаганда эмнеден же кимден көмөк издейсиз?
– Үй-бүлөм жана жакындарымдан.

Кыргызстандын өкмөт башчысы машыгуу залы деген сыяктууларга да барып турабы?
– Азыр убактым жок, мурун барып турчумун. Өзүмдү жакшы эле спортчу деп эсептейм. Тоо лыжасында жүрө алам, чоң теннис ойнойм, сууда сүзчүмүн.

– Кубандырганы – мекенибизде кино индустриясы акырындап өнүгө баштады. Эл кайрадан кинотеатрга барууну үйрөндү. Сиз акыркы ирет качан бардыңыз?
– 2010-жылдын январь айында.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев: "Бир күн иштеп тарыхта калса болот" (1-бөлүк)
КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев: "Бир күн иштеп тарыхта калса болот" (2-бөлүк)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
kalpakchan
2013-01-21 13:33:25
Ото кыйын киши оз ишин билген тажрыйбасы мол оштун мери кезинде коп иштерди кылып кеткен шаардын жолдорун ондоп дегендей ото сыйлайм бу кишини ийгилик сизге.айкандарына убадаларына 90% ишенсе болот
0
otin
2013-01-22 09:11:54
Калпакчан сенин тууганын болот окшойт э?..... жалганды коп суйлобо Ошто иштеп жургондо жегенден башка эч нерсе кылбады. Макул, мисалы эмне кылды факт айтчы..........
0
Xamer
2013-01-26 13:00:58
otin, Ош-Бишкек жолун салгандардын бири ушул Жанторо Сатыбалдиев. Жегенден башка эч нерсе кылбады дейсинер, бул адам коррупция менен кармалдыбы Ташиевге окшоп ошону айткылачы, кармалган кезде да мойнуна албай журуп, аны мактап эле жатпайсынарбы. Колунан кармап албагандан кийн жала жаап жазгандын кереги барды куноого батып???
0
mikatagaev
2013-01-22 09:12:38
taza iwtesh uchun jany kadrlar kerek, staryi volk vsegda budet napadat' na odno i toje stado, bizdin olkogo Mavlyan baike kerek..
0
altinim
2013-01-22 14:43:18
тушунбодум ошто кайсы жолдорду ондогон эле же кандай иштерди жасаган менин эсимде жок ?менимче мурзакматовдон бери гана ош, ОШ болду окшойт
0
KR-777
2013-01-26 12:51:30
altinim, Мырзакматов Ошту оз чонтогунон акчаны чыгарып ондоп жаткан жок урматтуу окурмандар, ал республикалык бюджеттен Ош шаарынын бюджетинин 80% толукталат, керек болсо Мырзакматов 2012 жылдын салыгын толтура алган жок, Чолпон жЖК депутаты айтып жатат Сулайман-Тоонун кебетеси келишти, ал ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгат деп, аны карабй эмнени кылып журушот, чекесинде тотура кафелерге толуп кеткен Мэрия ал жактагы жерлерди ижарага берип койгон
0
admin_media
2013-01-22 15:54:19
aika2009,
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат!
10 күн банга!
0
shirin27
2013-01-22 23:32:19
Ay baykem jakshi ishtegen emes oshto, kuday meni ushul darajaga jetkirdi dep aytpaybi ushul bizdin sayasatchilar el deyt, en birinchi Allah nasip Kilsa bolot bolboso Jok . El kuup jiberdi el emes Allah kuudu eldi sebepker kilip dep aytish kerek!
0
Attokurov
2013-01-26 08:08:37
Нарынга барып алып суйлогону эсинердеби "атынар бээлерге секирип жатат бул токчулуктун белгиси")))))
0
Lion-x
2013-01-26 12:58:16
Премьер азыркы эн оор учурда шайланды, Бабанов жасап кеткен кашаны, бул адам тазалап жатат. Жаман деп жазып жаткан адамдарга тан калам ким болбосун баардыгы жаман, бул кыргыздарга эч ким жакпай турган болду. Озубуз озубузго душман болуп, жаман деп олтуруп жаманчылыкты чакырып жатабыз. Пейилибиз онолмойунча баардыгы жаман боло берет
0
Stalker-007
2013-01-26 13:09:38
Туугандар жаманбы, жакшыбы бир Кудай озу билет, бирок азыркы учурда Окмот башчы иштеп жатат, иштеген иштери корунуктуу эле. суйлогон создорунон баа берип жатып жанылышасынар, иштеген ишине караш керек, азыр бул адамдын оордуна башканы алып келсек да мамлекетибиз жыргап 2 кундун ичинде байып кетпейт, качан ган мамлекетте саясий стабилдуулук болуп, эл колдоп ишине жардам кылса ошондо онолот мамлекетибиз
0
Kymyzkyz
2013-01-26 23:37:01
Созундо турса жакшы. Азыркы чондорго ант, убада бериш бакчадагы баланын ыр айтышынан болуп калган сыяктуу. Озу айтып эч нерсеге тушунбой
0
otin
2013-02-05 09:34:20
Xamer ушул кошоматчылар эч жакпайт да эми барды бар деш керек да эй Xamer Борбордо свет, газ жок ал эми Ошто кудайга шугур десек болот, айтайын дегеним сен айткан жолду Турктор курган анан аягын кытайлар бутургон мам. акчасына анын дагы жарымынан кобун жеп мен бул кишини жакшы тааныган учун айтып жатам
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан