ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Окуяны эске салсак...
Болот аксакал алыскы тоолуу аймакта жашайт. Улуу баласы Асылбек Фрунзеге окууга кетип, ошол жактан Марал аттуу кыз менен таанышып, бүлө күткөн эле. Бул эки каарман тең күнөстүү Кыргызстанда төрөлүшкөн. Болгону кыз түндүктөн, бала түштүктөн. Алардын аруу махабатына жердин алыстыгы, кыргыздын канына сиңип бүткөн кокту-колот болуп бөлүнүп-жарылуу кедергисин тийгизбей койгон жок. Келини салт-санаага көнө албай бир уул, эки кызды төрөгөн соң уулу менен ажырашып кетти. Кубанган аксакал үч небересине тең ысымды өзү ыйгарган: Самат, Жылдыз, Асман деп. Асман 5-класска келгенде атасы менен апасы биротоло ажырашып кетишти. Балдарын алып энеси Кантка көчүп келе берген. Биздин каарман Асманды тагдыр бирде көккө көтөрүп, бирде жерге чапкан. Чоң атасынын көзү өтүп кетти, чоң энеси да небересинин эл адамы болгонун көрбөй калды. Атасы канчалык «балам, ушул артист болуп эмне табасың, башка кесипти танда» дебесин, кыз сахна деп туруп алды. Анын үстүнө апасы экөө эки бөлөк түтүн булатып калганы Асманды дайыма кейитчү. Атасына барайын десе, апакесин кыя албайт, таштап басып кете албайт. Баарынан жаманы ушул экен. Дегеним, Асман Кант шаарында окуп калды.
Мектепте сулуулар сынагы өтүп жатат. Асман да бул сынакка катышкан...
Акыркы номерге чыкканда кыз залга көз жүгүртүп апасын издей баштады. Мына, агасы да келиптир, апасын колтуктап отурат, колунда гүл. «Уф, ушуларды уят кылбайын» деп умсунуп алып кирип кетти. Эми жыйынтыкты күтүш керек. Баарын толкутуп күттүргөн убакыт да келди. Ошентип, 12 кыз сахнага чогуу чыгышты. Ар бирине наамдар тапшырылып жатат.
– 1-орун 11-класстын сулуусу Гүлнура Жалиевада! Ушул сөздү укканда сынак башталгандан бери өзүнө ишеним артып турган Асмандын ындыны өчтү. Жанатан бери күлүп турган жүзүн капалыктын белгиси каптады. Карындашынын кыял-жоругун жатка билген агасы гүлүн көтөрүп сахнага жакындай бергенде аны алпаруучу жигит токтотту.
– Гүл берчүлөр, шашылбай тургула, калыстар тобунун төрагасы сөзүн бүтө элек. Руслан Мамбетович, сөзүңүздү уланта бериңиз.
– Урматтуу агай-эжекелер, кымбаттуу окуучулар, ардактуу ата-энелер, мына, кыздарыбыздын өнөрлөрүнө күбө болдук. Сынак деген сынак экен, бири жеңди, экинчиси жеңилди. Бирок калыстыктан тайбаш үчүн бир нерсени айтып коюу керек, биз, калыстар тобу, бул сынакка Гран-прини коштук. Ар бир окуучуну жүзүнөн тааныш мен үчүн кыйын. Бүгүн мен бир кыздын талантына таң бердим. Эмесе, баш байгеге коюлган түстүү телевизорду жана «Мектептин мисси» деген наамды биз Болотбекова Асманга ыйгарабыз!
Асман бул сөздү уккан жок, ал эбак эле кайгынын көлүнө чөмүлүп алган.
– Асман, сени чакырып жатат,- деп жанындагы кыз түрткөндө гана эсине келди...
Ошентип, ойдо жок жерден Асман «Мектептин мисси» аталды. Аны залдан көрө албастык кылып түртүп өткөндөр, тескерисинче, көз кыйыгын салган балдар пайда болду... Бирок дале классташы Камила менен тең тайлаша албады. Республикалык олимпиадага барып жеңип алган Камила чын эле класстын мыкты окуучусу экенин далилдеди.
Акыркы күндөрү Асман окууга анчейин көңүл бурбай калды. Мына, жаз да кирип келди, дагы эки айдан соң бүтүрүү экзамени башталат. Кызда экзаменден кулап калбайын деген ой деле жок. Анын оюн сүйүү каптап калгандай. Биология сабагы. Бул сабакты түк жактырбайт. Жанаша отурган Тилек экөө бири-бири менен кагаз аркылуу сүйлөшүп жатышат.
– Бүгүн барасыңбы?
– Билбе-ейм, билесиң го, Самат байкем отурушка барганымды укса соёт!
– А сен отурушка барам деп суранба да!
– Апей, анан не деп суранам?
– Ммм, Берметтин туулган күнүнө де!
– Берметтин туулган күнү кышта да, аны үйдөгүлөр билишет. Же билишпейби?..
– Билишпейт, анда сүйлөштүк!
– Могу Рая бизди кечке эле карап жатат!
– Рая эжей биздин жазышканыбызды окуса уят, эми сабакка көңүл бөл! Эсиңде болсун, оюмда жаныбарлар эмес, СЕН!
– Маймыл десе!
– Мен маймыл болсом, сен сулуу жирафсың!
Тилектин сөзүн окуган кыздын күлкүсү сыртына чыгып кетти.
– Болотбекова, эмне, сабак сага күлкүлүү болуп жатабы?
– Жок, эжеке...
– Анда, Тилек, доскага чык, бүгүнкү теманы сүйлөп бересиң, билбесең Асманды жардамга чакырарсың.
Класстын ичи күлкүгө толуп кетти. Шыпылдаган Тилек бүгүнкү теманы үйдөн эле окуп койгон, ошон үчүн тартынбай чыгып сүйлөп жатты. Классташтарынын күлгөнүнүн да себеби бар, анткени ошол сынактан соң Асманга Тилек сөз айтып, бир жарым жылдан бери экөө арзышкандарга айланышкан. Бүгүн Тилектин туулган күнү. Ата-энеси эрке уулунун туулган күнүн дайыма өткөрүп беришет. Мындайда Асман барбаса болбос. Апасы кызынын Тилек менен жакшы экенин билет.
– Апа, эгер Самат сурап калса, Берметтин туулган күнүнө кетти деп коюңузчу, сураныч.
– Мени жалганчы кылганы калдыңар, бирде Жылдыз, бирде сен. Мен айткан кыздар барса баргын, болбосо баш оору кылбай отур үйдө!
– Ой, барат, сиз айткандардын баары эле, бирок саат канчада келериме тынчсызданбай уктай бергиле, ээ?
– Ии, сени жөнөтүп коюп менде кайдагы уйку? Билбейсиңер да, балдарым, эне баласы үчүн санаасы санга бөлүнөрүн.
– Билем, билем, эки сааттан ашык убакыт отуруп келем.
Апасынан жоопту оңой алды, Тилекке белек да алып койгон. Баштагыга караганда бул үй-бүлөнүн оокаты түмөн. Агасы, эжеси, апасы иштеп, кенен ичип, кенен жеп калышкан. Аңгыча кыздар келди. Асмандын бөлмөсүндө шаракташып жасанып отурушат, кантсе да 17ге чыгып калышпадыбы, кыздардын күлкүлөрү тимеле таш жарчудай.
– Ого, свети жанып турат, ышкыралыбы же чакыралыбы, Тилек?
– Сигналды бассам агасы чыгып бүктөп койбосун, түшөлү.
Кеч киргенде атасынын машинасын минип, жанына эки классташын ээрчите келген Тилек Асмандын үйүнүн жанында турду. Бир ышкырганда эле терезеден шыкаалаган кыздар чыга калышты.
Отуруш кызуусунда, бөтөлкө тегеретмей оюну башталды. Аңгыча сырттан Тилектин ата-энеси менен эже-жезделери кирип келишти.
– Келгиле, балдарым. Бөтөлкөнү анан тегеретесиңер. Биз уулубузга каалоо-тилек айтып коёлу деп тынчыңарды алып турабыз.
Асмандын жанынан чыкпаган Бермет адатынча шыбырай баштады.
– Кайнаташкаң өтө «аз» сүйлөйт экен да.
– Жөн турчу,- деп курбусун нукуган Асман аларды карап калды. Кызык, эжеси Тилекке такыр окшошпойт экен, тиги жездеси, а жанында турган жигит агасы окшойт.
– Анда эмесе, баарыңарга жагымдуу кеч каалайм, быйылкы тестирлөөдөн баарыңар өтүп, эл керегине жараган уул-кыздардан болгула,- деп сөзүн бүтүрдү атасы.
Кайрадан оюн башталды. Баары бири-бирине суроо берип, кызыктуу жооп албаса кайрадан суроо узатып жыргап отурушат. Бир топ убакыт өткөнүн сезген Асман саат сураганы сыртка чыкты. Аркы бөлмөнү ачты, эч ким жок, беркини ачты, дале эч ким жок. «Ашканада отурушат окшойт. Бирок кантип сурайм, саат канча болду деп? Кете берсемби?» деп ойлоп турган кызды ары жактан чыккан добуш селт эттирди.
– Бирөөнү күтүп жатасыңбы?
– Жок. Саат сурайын дегем.
– Аа, жакшы кызмын дечи, түндөсү тынч отурган.
Ушул сөздү укканда кыздын кырс кыялы кармады.
– А эмне, классташынын туулган күнүнө келген кыз жаман жүрөт деп уктуңар беле?
– Всё, всё, я просто пошутил! Атың ким?
– Айтпайм!
– Айтпайм деген да ат болобу? Балким, Айтгүл?
– Баары бир айтпайм, а сиз мага саат канча болгонун айтасыз!
– А саатпы, саат тогуз жарым, мамаң урушат, бар үйүңө!
– Өзүм билем, мага үйрөтпөгүлө!
– Тамаша. Карындаш, катуу кеттим окшойт. Кечир!
– Кечирбейм, тааныбасты сыйлабас кылбагыла, тем более тууганыңардын үйүнө конокко келген кызга! Ушинтип айтып Асман кирип кетти. Кирип эле ачуусу менен Берметке карады.

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
begish
2013-01-21 10:24:49
дагы бир жума куттууууууууууу...........
+1
Munika
2013-01-21 12:43:54
Кобуроок эле жазгыла4ы, сураны4
0
bermi
2013-01-21 13:20:24
uwul bala Tilektin agasy bolso kk, anan al Asmandy jaktyryp...
0
Timka
2013-01-21 17:00:29
Бактыгул Бадыеванын тагдыры эмеспи?деген ой келди мага.
0
kanikey
2013-01-22 13:05:47
шумдук эле экенсин э,адамдар кийинки сериясыны кутуп жатса сен кайдагыны айтасын,эмне Бактыгул менен сырдаш белен.
0
N.Bakazova
2013-01-21 19:25:53
Eeehh, kairadan kutuu, kuutu jana kutuu!
0
angelo4ka_96
2013-01-21 23:27:31
dagy 1 juma kuttuuu... s0nyn chygarma eken maga jakty :)) anan dagy okuyany eske salsak dep jazvai ele koiunuzdarchy ulantyp ele jaza berinizderchi?
0
kanikey
2013-01-22 13:07:58
туй сонун жерине келгенде,кобурок жазгылачы сураныч
0
altinim
2013-01-22 16:15:53
сураныч окуяны башынан эмес келген жеринен эле улантып жазсаныздар
+1
Watenka
2013-01-24 16:18:31
koburook jazgyla4u surany4
+1
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан