ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-январдан 27-январга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында максатыңызды аныктап, активдүү аракет кылсаңыз, апта ортосунда жакшы жыйынтыкка ээ боло аласыз. Шейшембиде үй иштери менен алектенүүгө туура келет. Бойдоктор жаңы таанышууларды башынан өткөрүүсү күтүлүүдө. Эс алуу күндөрү айланаңыздагы жакын адамдар көңүлүңүздү чөгөрүшү мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичи күтүлбөгөн жолугушууларга, чакырылбай келген конокторго бай. Шейшембиде жакшы башталган иштин жыйынтыгы көңүлдөгүдөй эмес бүтөт. Андыктан шашылуунун кажети жок. Эс алуу күндөрү жан дүйнөңүз жанчылып турса да, жан сырыңызды эч кимге айтпаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын алгачкы күндөрү алдыдагы иштерден коркпой, тобокелчиликтен качпаңыз. Жыйынтыгы көңүлдөгүдөй бүтөт. Иш боюнча сапарга аттанууңуз да мүмкүн. Жума күнү жаралган маселеге башкалардан кеңеш сурабастан, өзүңүздүн ички туюмуңузга ишениңиз. Эс алуу күндөрү жан дүйнөңүзгө жакын адамды табасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көп акча табам деп шашмалык кылуу чоң чыгымга алып келет. Шаршембиде талаш маселе жаралса, кийинкиге жылдырган оң. Жума күнү бүтпөй жүргөн маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот, колдон чыгарбаңыз. Апта соңунда эмнени каалап жатканыңызды так аныктап, андан соң гана кадам таштаңыз. Болбосо өкүнүп каласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада таарынышып кеткен адамыңыз менен мамилеңиз кайрадан жанданат. Бул үчүн биринчи кадамды сиз таштаңыз. Апта ортосунда алдамчылардын тузагына илинип калуудан этият болуңуз. Ошондой эле иш боюнча сунуштарга макул болуунун зарылчылыгы жок. Себеби сиз үчүн чоң пайда алып келбейт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иштерди ийгиликтүү бүтүрүүгө көңүл ачууга кетирген убакыт тоскоол болорун эсиңизге түйүңүз. Аптанын аягында акча маселеси жаралбасын десеңиз, каражатты үнөмдүү колдонууга тырышыңыз. Бейшембиде жаңы таанышкан адам жашооңузга өзгөртүү киргизиши күтүлүүдө. Дем алыш күндөрү чыгармачыл чөйрөдөгүлөргө ийгилик жылмаят.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өзүңүздүн иш жөндөмдүүлүгүңүздү көрсөтүңүз. Бул аракетиңиз көз жаздымда калбай, эмгегиңиз тиешелүү деңгээлде бааланат. Апта ортосунда жаңы таанышуу орун алат. Шаршембиде жакын санаалаш адамдардын бири менен таарынышып кетүүңүз мүмкүн. Ишембиде жолугушууларга барбай эле койгон оң, болбосо анын арты чыр менен аяктап калышы ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын биринчи жарымы бир катар майда маселелер менен башталат. Майда деп көңүл бурбай жүрө берсеңиз, алдыда бир топ кыйынчылыктарга алып келет. Андыктан өз убагында бүтүрүңүз. Бейшембиде капчыгыңызды жукартууга мажбур болосуз. Ошондуктан үнөмдүү пайдаланууга аракет кылыңыз. Дем алыш күндөрү ден соолугуңузга көңүл буруңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта башында эски көйгөйлөрдү унутууга аракет кылып, жаңы багытка кадам таштасаңыз адашпайсыз. Бейшембиде жаралган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбасаңыз, капчыгыңызды кампайта аласыз. Айрымдар кыймылсыз мүлк сатып алуусу күтүлүүдө. Апта соңунда белек алып, көз ирмемдер жагымдуу сезимдердин кучагында өтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта алдамчылардын тузагына илинип калуу менен башталышы мүмкүн. Өзгөчө акча иштеринде сак болуңуз. Шаршембиде жаңы иш баштайсыз. Көңүлдөгүдөй жыйынтыкка жетүү үчүн талыкпай аракеттениңиз. Аптанын экинчи жарымында жаңы таанышуу күтүлүүдө. Бул сиздин жеке жашооңузга өзгөрүү алып келет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Пландап жүргөн иштерди ишке ашырууга ыңгайлуу апта. Аракет кылыңыз, жемиштүү жыйынтыктарга ээ болосуз. Айрымдар кызмат ордунан көтөрүлөт. Бейшембиде ден соолугуңузга зыян келтирип алуу коркунучу бар. Жума күнү кубанычтуу кабар угасыз. Апта соңунда жеке жашооңузга байланышкан чечим кабыл алууңуз күтүлүүдө.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башы пикир келишпестиктер менен башталат. Сабырдуулукту сактап, чырды ырбатууга жол бербеңиз. Шейшембиде өз оюңузду жактаңыз, ишиңизде ийгиликке жетесиз. Апта ортосунда кирешелүү сунуш түшөт, колдон чыгарбаңыз. Эс алуу күндөрү ден соолугуңузга кам көрүп, үйдө болгонуңуз оң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан