Камчыбек Узакбаев, врач-хирург:"БӨЙРӨК АЛМАШТЫРУУ ЖААТЫНДА МАСЕЛЕ КӨП"

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу  операциясы 2012-жылдын 16-июлунан баштап жасала баштады. Бул, албетте, жагымдуу жаңылык. Бирок ушул жаатта 
чечилбеген көйгөйлөр бир топ. Бул туурасында Бишкектеги Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев менен маектештик.
 

"ОПЕРАЦИЯ МИНСКИЛИК ХИРУРГДАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЖАСАЛУУДА"
– Камчыбек мырза, биздин өлкөдө бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасалып, бул жаатта алгачкы ийгиликтер жаралууда. Жакын арада дагы канча адамга операция жасалат?
– Өлкөбүздө бөйрөк алмаштыруу боюнча алгачкы операция 2012-жылдын 16-июлунда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө борборунда жасалды. 2013-жылы 14 адамга жасоо пландалган. Ал эми январь айынын ичинде, тагыраак айтканда, 21-22-23-январда 5 операция жасалат. Мунун экөө балдарга, үчөө чоң кишилерге. 5 операция тең биздин борбордо жасалмакчы. Булардын эң акыркы анализдери 13-январда Беларустун борбору Минск шаарына жөнөтүлдү. Баары ойдогудай болсо, операциялар жасалат. Операцияга биз менен иштешип жаткан, биздеги алгачкы бөйрөк алмаштыруу операцияларына катышкан Минскидеги органдарды которуштуруп жайгаштыруу борборунун адистери келишет.
Айтып кетчү нерсе, жасалма бөйрөк аппараты менен жашагандар 2 күндө бир аппаратка түшкөндүктөн, ошол аппарат жайгашкан аймакта жашап калганга аргасыз жана чет элге чыга алышпайт. Ал эми донор бөйрөк салдырса, башка аймакка, чет элге чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

– Операция жасатууга канча бала муктаж?
– Учурда донор бөйрөккө 10дон ашык бала муктаж.

– Балдарга чоңдордукундай эле операция жасалабы же айырмасы барбы?
– Чоңдорго караганда балдарга жасоо абдан оор жана татаал. Анткени чоңдордун организми өсүүсүн токтоткон болот. Ушундан улам операцияга чейинки жана кийинки көзөмөл да жеңил. Ал эми балдардын организми тынымсыз өсүү үстүндө болгондуктан, алардын организми анатомиялык жана физиологиялык жактан улам өзгөрүүгө дуушар болот. Мисалы, азыр операцияга даярдыктар 9 айды алып жатат, бул убакытта баланын организми өсүп кетет. Демек, көзөмөл татаалдашат.

– 2012-жылдын 19-июлунда сиз жетектеген Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда бир адамга бөйрөк алмаштыруу операциясы бекер жасалган эле. Ал адам азыр кайда жана өзүн кандай сезип жатат?
– Бизде 19-июлда бишкектик 38 жаштагы Нурмухаммедге операция жасалганынан кабарыңыздар бар. Операция 6 сааттан ашык убакытты алды. Операция аяктап калган кезде, тагыраак айтканда, сырткы тери тигиле баштаганда жаңы салынган бөйрөк иштеп, арадан 30 мүнөт өткөн соң заара бөлүнүп чыга баштады. Ага бир бөйрөгүн берген иниси ооруканадан 7 күндө чыгарылса, Нурмухаммед өзү 10 күндөн кийин чыкты. Азыр ал бизге ар айда 2 ирет келип, текшерилип жатат. Абалы жакшы.

– Донор болуш үчүн эмнелер талап кылынды?
– Агасы менен инисинин организминдеги иммундук шайкештиктер жана бөйрөктөрүнүн бири-бирине туура келүү жагы кылдат текшерилди. Бир нече анализдерди Минскиге жибертип, текшертип, баары туура болгон соң операция жасалган. Операцияга биздин борбордон 5 адам, Минскидеги органдарды которуштуруп жайгаштыруу борборунан 5 адам: борбордун жетекчиси Олег Калачик өзү, дагы 1 хирург, 1 анестезиолог, 1 лаборант жана 1 операциялык медайым катышты. Операция бир убакта 3 столдо жүрдү: 1-столдо реципиентке (донор бөйрөк алуучу адам), 2-столдо донордон алынган бөйрөктү даярдоо иши, 3-столдо донорго.
Операцияга даярдык 9 айдан ашык убакытты талап кылды. Биздин борбордун хирургдары Минскиге 2 ирет барып, атайын стажировкадан өтүп келишти. Азырынча Минскиден келген хирургдар биздин врачтарды окутуп, үйрөтүп жатышат. Быйылкы жылы биздин дагы 1 бригада врачтар ал жактан билимин өркүндөтүп келишет. Андан кийин, буюрса, операциялар сырттан келген хирургдардын жардамысыз жасалат.

"БИЗДЕ ТАТААЛ АНАЛИЗДЕРДИ ЧЫГАРУУЧУ ЛАБОРАТОРИЯ ЖОК"
– Жогоруда анализдерди Минскиге жибердик деп айттыңыз, демек, бизде атайын лаборатория жок, туурабы?
– Ооба, бизде мындай операциялар эми жасалып баштагандыктан, бул тармак абдан өнүгүүнү, аппаратураларды, күчтүү лабораторияны талап кылат. Бизде лаборатория бар болгону менен, анда керектүү аппараттар, реактивдер жок. Андыктан операцияга чейинки жана кийинки айрым татаал анализдерди Минск шаарына жиберүүгө муктаж болуп жатабыз. Ал эми колдон келе турган жөнөкөй анализ өзүбүздө алынып, өзүбүздө чыгарылып жатат.

– Эми ушул боюнча суроо. Татаал анализди чет өлкөгө жиберип, чыгартууга 300-400 доллар керек экен. Мунун чындыгы канчалык?
– Азырынча ушундай чоң чыгым талап кылынууда. Минск алыс, анализдерди самолёт аркылуу заказ менен жибериш керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинде ушул жаатта маселе козголгон. Учурда бизге жакыныраак Кытайдын Үрүмчү шаарына анализдерди алпарып, чыгартуу жаатында келишимдерди түзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Март айында Кытайдан делегациянын Бишкекке келиши күтүлүүдө. Буюрса, ошондо келишимдерге кол коюлат. Бул ишке ашып калса, чыгым азыраак кетет эле. Анализдерди чет жакка жиберип, оорулууга көп чыгым тарттырбоо үчүн биздин лабораториялар керектүү аппараттар жана реактивдер менен жабдылышы зарыл.
Татаал анализди чыгартуу кайсы учурда керек болот? Операция жасалган адам өзүн карабай катуу ооруп калганда же башка оору жуктуруп алганда.

"ДАРЫЛАР БЕКЕР БЕРИЛҮҮДӨ"
– Бөйрөк алмаштыруу менен гана оорулуунун маселеси чечилбеси маалым. Организм чоочун бөйрөктү жерибеши үчүн адам өмүр бою цитостатиктерди (дары) ичүүсү керек. Мунун ичинен эң керектүү деген дарынын бир кутусу 100 доллардан ашык турат экен. Ушундай кымбат дарыларды бөйрөгүн алмаштыргандар өздөрү сатып алып жатышабы?
– Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын фонд бар. Ошол фонддон каражат бөлүнүп, операция жасаткандар дары-дармектер менен бекер камсыздалат. Цитостатик дарылар бизде чыгарылбайт, чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Дарылардын эң керектүүсүнүн бир кутусу ичиндеги таблеткалардын санына (20, 30, 100 ж.б.) жараша 100-150 доллар турары чындык.

– Кыргызстандын мыйзамында реципиентке ата-энеси менен бир туугандары гана донор болууга уруксат. Ал эми чоочун жана өлүм алдындагы адамдар донор боло алышпайт. Мунун бир жаман жагы, кокус туугандарынын бөйрөгүн оорулуунун бөйрөгүнө салууга туура келбесе (иммундук жактан шайкеш келбесе же оорусу бар болсо), анда оорулуу операция жасатуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калат. Ошондуктан мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы барбы?
– Чет өлкөлөрдө башкалар донор боло алат. Бизде бөйрөк алмаштыруу жаңы пайда болсо да, баары бир мыйзамды алмаштыруу керек деген маселе жаралары анык. Бирок бул маселенин азырынча чечилиши кыйын.

СТАТИСТИКА

  • Кыргызстандын жарандарынын 11 пайызы бөйрөктүн түрдүү ооруларынан жабыркашат.
  • Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда учурда донор бөйрөк менен жашагандар 40тан ашат. Жасалма бөйрөк аппараты (диализ) менен жашап жаткандар 260ка жакын, ал эми 500дөй адам жасалма бөйрөк аппаратына кезек күтүүдө.
  • Диализ аппараты өлкө боюнча болгону 55. Айрымдары бузулуп калган кезде маселе жаралат.
  • Чет өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциясы 30-50 миң долларды талап кылат.

ДОНОР БӨЙРӨКТҮҮ БОЛГОНДОР

  • Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 4 бөйрөк алмаштыруу болду. Мунун үчөө  Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө борборунда жүргүзүлсө, бирөө Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда жасалды.
  • 1 операцияда иниси агасына, 1 операцияда эжеси инисине, ал эми калган 2 операцияда балдарына апалары бир бөйрөктөрүн беришкен.
  • Операциялардын баары 6 саат жана андан узакка созулган.
  • Ар бир операцияга 417 миң 472 сом каражат кетип, алар бюджеттен бөлүнгөн.

«МАГА БӨЙРӨГҮН БЕРГЕН ИНИМЕ ЫРААЗЫМЫН»
Оор операцияны башынан өткөргөн Нурмухаммед мырзаны таап, баарлаштык. Ал төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Жердигим – Талас. Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашайм, бир топ жыл айдоочу болуп иштедим. Жашым 38де, 2 кыздын атасымын.
Көп жыл бөйрөк оорудан жабыр тартып, акыркы 3 жыл жасалма бөйрөк аппараты менен (диализ) жашадым. Анткени эки бөйрөгүм тең иштебей калган эле. Операцияга бир учурда 4 адам 9 айдай даярдалдык. Бирок акыркы жыйынтыкта берки 3 адам жана алардын донорлоруна караганда иним экөөбүздө шайкештик абдан көп болгону жеңип, мага операция жасалды. 36 жаштагы иним мага бир бөйрөгүн берди, ага ыраазымын.
Операциядан соң 1-топтогу майыптыкка чыктым. Азыр абалым жакшы, үйдө элемин. Инимдин да саламаттыгы жакшы. Ал айылда дыйканчылык менен алектенет.
Операцияга чейинки анализдерди чыгаруу жана операция бекер болду. Азыр анализди ай сайын Бишкекте эле тапшырып жатам. Анализ үчүн 1700 сом төлөйм. Операциядан кийин 1 дарынын кутусун бекер алсам, 1 дарынын кутусун 100 доллардан сатып алып 4-5 ай ичтим. Азыр экөөнү тең бекер алып жатам.
Учурдан пайдаланып мага операция жасаган хирургдардын баарына, Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек мырзага ыраазычылыгымды айтып кетким келет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
nurbek_posol
2013-01-21 22:01:14
Бар болсун дарыгерлер!
+1
alik1602
2013-01-22 13:47:41
кыргызстанда бойрок салуу кандай болуп атканын билбей жаткам,супер инфо чоон рахмат,силерди эки дуйнонун жакшылыгынан кем кылбасын аллах,мен болсо уч жылдан бери бойрогумдун толук диагнозун билбей келем.
0
Shurugan
2013-01-22 14:38:06
Баарыныздарга ден соолук тилеймин , эч бир адам, оорунун жан сыздаткан азабын сезбей жашап журушсо экен...
0
tariel80
2013-02-26 02:46:54
Баарынарга чын ден-соолук Оорубайлы
0
Mech.kg
2014-05-07 15:31:02
Кудай озун шыпа бер .Менин Таякем да эки бойрогу иштебей кыйналып жатат Бишкекте жаш бала 24ко жаны чыккан.
0
cere
2015-01-14 11:18:54
кудай ушул оорудан сактасын.менин айылдашым да бойрок алмаштыруу муктаж. ага классташым донор болгону жатат. 20 гана жашта.
0
Махфуза
2023-10-04 19:39:00
мен дагы бөйрөгүмдү же боорумду беремин мага акча керек срочна 0222141691 Ватсап
0
Махфуза
2023-10-04 19:41:00
кимге донор керек бөйрөк боор мен берем донор болуп берем 30000$ акча керек срочна уй жайым жок уй жай кылганга акча керек туура тушунгуло Ватсап 0222141691
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан