Өткөн жумада Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бишкек-Торугарт жолунун 18-чакырымында Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу 1972-жылы туулган Р.И. окуя болгон жерден каза тапкан. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.