Үстүбүздөгү жылдын 13-январында Чүй чек ара отрядына караштуу «Токмок» бекетинин аймагындагы Чүй дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстанга мунайды мыйзамсыз жол менен өткөрүп жүргөн түтүк табылды. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Алардын берген маалыматына ылайык, кошуна өлкөдөн дизель майын өткөрүүчү түтүктүн узундугу 400 метрди түзөт. Чек арачылар ишти укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Бул тууралуу иликтөө жүрүүдө.