ЭКИ АДАМ ТОККО УРУНУП КАЗА ТАПТЫ

2013-жылдын 13-январь түнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын жашоочулары аталган айылдын Свердлов көчөсүндө электр жарыгы өчкөндүгү тууралуу энергетиктерге телефон чалышкан. Көп өтпөй «Түндүк электр» ишканасынын энергетиктери аварияны оңдоо үчүн барышып, күтүлбөгөн окуяга дуушар болушкан. Алар аталган аймактагы трансформатордун жанында ток уруп каза болгон эки адамдын денесин табышкан. Каза болгон эки адам селсаяктар экени аныкталды.
Үй-жайы жок, селсаяктык менен күн кечиргендер электр энергиясын бөлүштүрүүчү жайларга киришип, кырсыкка кабылган учурлар акыркы убактарда көп катталууда. Ошол себептен «Түндүк электр» ишканасы өлкөдөгү жарандарга, анын ичинен өзгөчө жаш балдарга эшиги ачылып калган трансформаторлорго жакын барбоону, мындай учурду көрүп калса, шашылыш түрдө телефон аркылуу нөөмөт кызматына кабар берүүнү эскертет.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан