КИМДИН, КИМДИН ЗАМАНЫ,ТАКСИСТТЕРДИН ЗАМАНЫ...

«Жол азабы – көр азабы» демекчи, азыркы тапта айыл тургундарынын борбор шаарга келип-кетмеги азап менен тозок. Мунун эң биринчи себеби – жол киренин кымбаттыгы.

ЖОЛ АЗАБЫ ЖАНА ЖОЛ КИРЕ КӨЙГӨЙҮ
Ооба. Азыр таксисттердин «ити чөп жеп» жаткан маал. Себеби мурункудай учактын баасы арзан эмес, автобус, поезд кээ бир аймакка эле каттайт. Анан жүргүнчүлөр айла жоктон менчик таксилерге ыкташат. Бирок мындай кырдаалдан пайдаланган айдоочулар жол кире акысын каалашынча калчап, өздөрү билгендей кылып бычып жатышканы баарыбызга эле маалым. Жыл сайын майрамдарда жана Жаңы жылды утурлай, студенттер каникулга чыккан маалда жол кире асмандап кетет. Буга карапайым калктын чөнтөгү туруштук бере алабы же жокпу, такси айдагандардын иши да жок.
Таңданасың. Элдин нааразычылыгына караганда, дайыма күйүүчү майдын баасы кымбаттаганда жол кире акысы да жогорулайт. Бирок күйүүчү май арзандаганда жол кире эмнеге арзандабайт?! Атүгүл аманаттарды жеткирүү да оңбогондой акчаны талап кылат. Мисалы, документ же акча салынган конвертти алып баруу үчүн эле айрым облустун таксисттери 200-300 сом талап кылышат. Ал канча орунду ээлейт же оордук кылабы, түшүнбөйсүң.
Жакында эле кесиптешим күбө болгон Ош-Бишкек жолундагы окуяны мисал катары айта кетпесек болбос. Бир студентке айылдан ата-энеси баштыкка азык-түлүк салып жибериптир. Бишкекке келген соң айдоочу айткан 300 сомго студент баланын акчасы жетпей калган экен. Анда айдоочу «толук бербесең, анда кайра айылга жеткирип салам. Өзүӊ айткан баага алдырып ал» деп тигинин колунан баштыкты жулуп алды дейт. Ушул адамгерчиликке жатабы, окурман?
Мындан сырткары жолдон жүргүнчүлөр көп кыйналышат. Кээ бир айдоочулар «дөңгөлөккө тагылуучу чынжыры жок эле ашууну ашабыз» деп суукта калып калгандар да бар. Андайда жүргүнчүлөр машинаны түртүп, кээ бирлери суукка урунуп калышат. Эми элестетсеңиз, таксинин ичинде кары-жашы бар. Төө-Ашуудан карыган адамдардын кан басымы көтөрүлсө эмне болот? Ага ким жооп берет? Кээ бир айдоочулар түндөп жол жүрүп келишет да, кардар чыгып калса, уктабастан кайра жолго чыгып кете беришет. Анан жол жүрүп баратканда көзү илинип кетип кырсыкка учурагандары да бар.

«ТАКСИ КЫМБАТ БОЛСО, АНДА УЧАККА ОТУР»
Айта берсе арман, көйгөй көп. Бул азыркы жашоонун чындыгы. Бирок медалдын эки тарабы бар болгондой, такси айдагандардан жол кирени эмнеге кымбаттатып жаткан себебин өз ооздорунан уккубуз келди. Алгач Бишкек шаарындагы «Ош базарынын» жанындагы Чүй-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жалал-Абадга кетүүчү таксисттерге барып, элдин нааразычылыгын айтсак, арасынан бирөөсү «биздин баа жакпаса, анда учак менен учушсун! Көрөбүз анан, канча акча кеткенин» деп калды. Көпчүлүгү маектешүүдөн баш тартып, акыры МАКСАТБЕК ЖОЛОЕВ аттуу айдоочу жол киренин кымбаттыгын төмөнкүдөй түшүндүрдү:

– Конвертти 100 сомго, ал эми баштыкты оордугуна жараша 200 сомдон 500 сомго чейин алып кетебиз. Жол кире 1200 сом. Бензин кымбат, жол жаман. Унаа бузулса, тетиктери кымбат. Өкмөт болсо жолду оңдобой койду. Салык төлөйбүз. Ошондой кырдаалдарга жараша жол кире кымбаттоодо. Ал эми майрамдарда деле биз ушул баа менен жүргүнчүлөрдү жеткиребиз.
Ал эми Кулиев-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Ошко кетчү таксилердин биринин айдоочусу УЛАРБЕК ТОКТОГУЛОВ буларга токтолду:
– Ош-Бишкек каттамында иштейм. Жол кире 1000 сом. Чет өлкөлүктөргө 1500 сом. Алардын жүгү көп болот. Майрамдарда кыргыздарга деле жол кире баасы 1500 сомго көтөрүлөт. Аманатты документ болсо 100-150 сомго, чоң жүк болсо 300дөн 500 сомго чейин жеткиребиз. Мисалы, Төө-Ашуудан ары көздөй бензиндин 1 литри 42 сом. 70-75 литр бензин менен келем. Азыр бизди бул жерге тургузбай, МАИчилер кууп жатышат.


Атын атагысы келбеген, Алайга каттаган таксист буларды кошумчалай кетти:
– Мен Алайга бир барып келгенде 5 миң сом пайда түшөт. Жол кире 1300 сом. Бирок кээде кардар жок туруп калабыз. Азыр кардар болсо 700-800 сомго деле алып кете берет элем.

Андан соң Бишкек шаарынын батыш тарабында жайгашкан жаңы автобекетти көздөй бет алдык. Ал жактан да жеке таксисттерге жолугуп, кепке тарттык.
САЯКБАЙ АБДЫБЕКОВ, Ысык-Көл-Бишкек каттамынын айдоочусу:
– Мен фирмада иштейм. Патент алабыз. Ушул жакка келип, кардар жок күтүп турабыз. 1 күн, кээде 2 күн конуп калган учурлар болот. «Попутчиктер» бизге кардар коюшпайт. Алар 100-200 сомдон эле жүргүнчүлөрдү салып кете беришет. Чолпон-Атага чейин 450-500 сом алабыз. Аманаттарды көлөмүнө жараша жеткиребиз. Конверттерди 50 сом, баштыктарды 100дөн 300 сомго чейин, кээде «бекер ала кет» деп суранса, бекер ала кетебиз. Бензин кымбаттаса деле биз жол кирени кымбаттатпай, ошол боюнча ташып жатабыз. Жаңы жылда биздики эле эмес, керек болсо маршруткаларда да жол кире кымбаттайт.

АЛТЫНБЕК ОСМОНОВ, Талас-Бишкек каттамынын айдоочусу:
– Таласка жол кире 400-500 сом. Жаңы жыл, майрамдарда деле 500 сом, көтөрүлбөйт. Аманаттарды конверт болсо 50 сом, баштык болсо 100 сомго жеткиребиз. Эгер аманатты жоготуп алсак, аны төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Бензин кымбаттаса, жол кире 550-600 сомго чейин кымбаттайт, бензин түшсө түшөт. Мен Таластан келип, кайра кеткенде 1000 сом чөнтөгүмдө калат. Жумасына 2 же 3 жолу келип-кетебиз. Жолдо жүрүүнүн да өзүнчө кыйынчылыктары бар. Кышында жол тайгак болот, көчкү түшөт, таш кулайт. Ашуудан чыга албай калсак же ар кандай кырдаал болуп калса, ушул жерде бригадада чогуу иштеген таксисттер бири-бирибизге жардам беребиз. Себеби баарыбыз бирибиздин артыбыздан бирибиз жолдо болобуз да.


ЗАМИР СУЛТАНГАЗИЕВ, Нарын-Бишкек каттамынын айдоочусу:
– Кочкордон Бишкекке такси айдайм. 200 чакырымдык жол. Жол кире 250-300 сом. Кээде майрам күндөрү 400-450 сомго чыгып кетет. Аманатты көлөмүнө жараша 50 сомдон 200 сомго чейин жеткиребиз. Барып келгенибизде 700-800 сом чөнтөгүбүзгө түшүп калат. Бензиндин баасы арзандаса, жол кире дагы арзандайт эле, элге да жакшы болмок.
АБДЫЛДА РАЖАБОВ, Баткен-Бишкек каттамынын айдоочусу:
– 1 жылдан бери Лейлек-Бишкек каттамында иштейм. Жол алыс, 1100 чакырым. Тезирээк барганда 20-24 саатта барабыз. Уйкудан каласың. Кышында 25-27 саатта жетебиз. Оштон бери жол жакшы, ары жагы начар. Жол кире 2000 сом. Кээде 1500-1800 сом болот. Жаңы жылда 10-15 күн бир аз кымбаттайт. Андайда эл бай эмес да, нааразы болуп араң түшүшөт. Аманатты болсо кардарлардын көңүлү менен бергенин алып, жеткиребиз. Айына 1 жолу гана барып келем. Жол тайгак, машина көп, кардар аз. Мына азыр 4 күндөн бери кезек күтүп турам, кардар жок. Кээде 1 айлап жатып калабыз. Бул жактан мейманканага 1 түнгө 120 сом төлөйбүз.

«ЖЕКЕ ТАКСИСТТЕРДИ КӨЗӨМӨЛДӨЙ АЛБАЙБЫЗ»
Аймактан келген таксисттердин жол кирени өз алдынча кымбаттатышын өкмөт ооздуктай алабы же жокпу, ошону билүү максатында КРнын Экономика министрлигинин астындагы монополияга каршы департаментинин жетекчисинин орун басары БАКЫТ ИСАЕВге кайрылдык:
– Алыскы аймактан келген таксилердин көпчүлүгү менчик. Ошондуктан алар жол кире акысын өздөрү чечишет. Жол кирени кымбаттатып же арзандатууну көзөмөлгө алууга мыйзам жок. Себеби алар өлкө казынасына салык төлөп, патент алышат. Биз шаар ичиндеги автобус, маршруттук такси сыяктуу коомдук унааларга жана Бишкек-Талас, Бишкек-Каракол сыяктуу каттамда каттаган фирмалардын үстүнөн гана көзөмөл кылабыз. Ал эми Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан борбор шаарыбызга каттаган фирмалар азырынча жок.

Бизди таң калтырганы бул болду. Бишкектен 570 чакырым алыстыктагы Жалал-Абадга жол кире 1200 сом болсо, андан ары 100 чакырым алыстыктагы Ошко 1000 сом экен. Демек, кээ бир такси айдагандар чындап эле өз билген баасын коюп жаткан экен да. Жүргүнчү ташыган таксисттер чын эле каалагандай баа коёруна аргасыз ынандык.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жол азабы жана жол көйгөйү18-01-2013
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
shah.
2013-01-21 09:50:54
Баткендин баасынын алдында Ош Жалал Абад уят болот. оюна келген бааны койбостон эки жакты карап койсонор.
+1
snejinka
2013-01-21 13:22:58
Таластын айдоочусу- калп айтып бааны 500 дон ашпайт дептир, жаны-жыл башка майрамдарда- 700-800 го деле чыгып кетет. ал эми Жалалбатка 1500 дон экен...дайым эле ушундай эле баада болот экен..
+1
best-life
2013-01-21 22:52:54
алдамчы таксисттер жонундо жаздым эле кайда кетти
+1
buduz-80
2013-01-22 11:03:08
Таласка каттаган такси лапша илиптир да
+1
altinim
2013-01-22 15:52:00
буларга деле кыйын го эми айрыкча кыштын кунундо ашуу ашкан эненебиздин оюну эместир?
0
Karysh
2013-01-22 18:26:35
Мен 2010 800 менен барган жлем Ошко
0
admin_media
2013-01-23 09:34:48
Alibek_KG94,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
5 күн банга!
0
ХАНЗАДА
2013-01-23 13:06:15
Ош-Бишкек жолуна каттай берип, улам барып-келген сайын турдуу окуяларга дуушар болом. Нааразычылык айдоочу тарапка коп. Тоо-Ашууга жеткенге чейин жургунчунун конулу менен барып андан ары кыялын корсотушот, жургунчу жолдо калмак беле урушуп-талашып анан эптеп жетет. Окмот козомолдой албайт дегенге жамынып алып мындай иштерди кылганы туура эмес. Бир чети аларды тушуном узун жолдо транспорт деген транспорт бузулат башка болот. Бирок чыдаса иштеш керек, алкымды азайтып
0
ХАНЗАДА
2013-01-23 13:08:51
Бир окуучу кызды тууганы салды, акчасын толоду, "озум уйуно чейин жеткирип коем" деп убадасын алган сон, шаарга жеткен сон "ал айыл алыс барбайм, атанды чакыр болбосо туш" дейт. Бул не деген шумдук? Кыскасы, айта берсе арман коп бул деген айдоочу эмес ар бир адамдын ар намысында. Жоош момун жакшы муноздогу айдоочулар деле бар албетте
0
shirin27
2013-01-23 15:03:24
Jalal abadtin mayli suusuna barish uchun 1200. Som al tash komurudon kiyinki ele jerde oshentseday kimbat. Andan koro. Gazel mn ketkile osh Bishkek stoyankasina barsanar dordoydun, arzan Tem bolee jatip ketesiner
-2
Mambo87kg
2013-01-24 09:14:04
Айта берсен арман коп,кайгыргандан пайда жок
+1
tuks
2013-01-25 05:27:56
кээ бири аша чаап коюптур!!! Майрамдардын,каниулдун алдында кымбаттап эле кетет!
+1
CHOTON_86
2013-01-26 20:04:13
Таласка 16-октябрьда 650 сом толоп Тоо ашуудан 6 саат тоонуп, эртен менен 10 до чыгып тунку 2 де жеткем. Бирок обратна 400 сом менен келгем 20- октябрьда. Мен 21-октябрьда Ошко 1500 сомго баргам. Кайра артка 1-ноябрьда 800 сом менен келгем.
0
Ohna
2013-01-27 20:00:49
1 mile kancha som? Mile ga karap eseptesh kerek! Alys tarapka milenyna 1.50 tyiyndan kylsa, norma. Ushu jonundo JK chechim chygarysh kerek. Oshondo kyshyn-jazyn bir summada bolot. Taxinin da jumushu kyiyn birok... Bul menin jeke oium...
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан