Ассаль Ашрам: “МЕНИ ТҮШҮНБӨГӨНДӨРДҮН АЙЫНАН ӨМҮРҮМӨ КОЛ САЛГАМ”

“Билгениңден билбегениң көп” деп бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү каармандын өмүр баянын угуп отуруп тобо келтиргенге аргасыз болдум. Сөз өткөн сандарыбызда айтылган, операция жолу менен жигиттен кызга айланган Ассаль Ашрам тууралуу болмокчу. Каарманыбыз Бакрас деген атын Ассаль Ашрам деп которгон.
Анда назарыңыздарда Ассаль аттуу “кыздын” жашоо образы...

Транссексуал – төрөлгөндөгү жынысын чанып, эркектен кызга же кыздан эркекке айлангысы келген адам. Адам негизи организминде кайсы жыныстын гормондору көбүрөөк болсо, ошол жыныска баш ийет.

“Ата мээримин көрбөй чоңойдум”

– Жашоо бир адамга жылмайып келсе, экинчисине кабак бүркөп келерин мен балалыгымдан билем. Катардагы балдардай болуп ата-энемдин ортосуна түшүп жетелешип эркелеп, бала бакчага барып, каалаган оюнчук менен ойноо бактысын көргөн жокмун. Мен төрөлгөндө ата-энем ажырашып кеткен экен. Кийин апам мени балдар үйүнө берип коюптур. Көп өтпөй балдар үйүнөн нарындык таежелерим “эркек баланы өзүбүз багып алалы” деген ой менен алып кетишет.

Ошентип, таене-таятамдын колунда жүрүп мектепке бардым. Ата-энемдин жетишпегенин мектепте окуп жүргөндө сездим. Таене-таятамдар кары болгондуктан, мени анчалык деле эркелете беришчү эмес. Ал кезде эжем (өз апам) Бишкек шаарында жашачу. Бирок ал “балам бар” деп Нарынга келип, көңүл деле бөлүп койгон жок. Апамды тилим чыкканы эле “эже” дедим. Азыр эжемди эч күнөөлөбөйм. Мени балдар үйүнө берип койгону үчүн жана өзү тарбиялабаганы үчүн эжемди эчак кечиргем. Учурда эжем экөөбүз жакшы эле мамиледебиз.

Ал эми атам менен жакында эле тааныштым. Азыр ал Ош жергесинде жашайт. Чоң кызматтын ээси. Жолукканда атам мага материалдык жардамын сунуштады. Бирок мен андан баш тарттым. Кудайга шүгүр, өзүмдүн тапканым өзүмө жетет. Атамдын учурунда бере албаган аталык мээриминин, жардамынын эми мага кереги жок.

Бишкектен мага жакшы демөө­р­чүлөр табылып, “Happyness” аттуу мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар уюмун түзгөм. Бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан тышкары, акчалуу байкелердин жардамы менен Нарында сулуулук салонун ачканмын. Ошондой эле майыптык үчүн пенсия алып турам. Ушулардан топтолгон акча менен күнүмдүк жашоомду өткөрөм.

“Мага кыздар эмес, тескерисинче, жигиттер жакчу”

– Мектепте кадимки эле балдардай окуп жүрдүм. Убакыт өтүп, сүйүү сезимдери ойгоно баштады. Негизи, эркек балдар кыздарга тийишет эмеспи. Ал эми мага кыздар эмес, тескерисинче, жигиттер жакчу. Муну өзүм да түшүнчү эмес элем. Ошондо эле кыздардын кийими жагып, өзүмдү кыздардай алып жүрчүмүн. Мимикаларым да, сүйлөө манераларым да кыздардай болчу. Ошондуктан класстагы балдар мени такыр кошушчу эмес.

Мындай абалымды түшүнө албай көп ойлондум. Түшүнүксүз көп суроолорго кептелдим. Бирок аларга эч кимден жооп ала албадым. Ичимдеги толгон бугумду угуп, сүйлөшө турган жакын курбу-курдашым да болгон эмес. Кайсы бир күнү Нарындагы СПИД борборуна барып калдым. Ал жерде бир доктур менен ушул темада ачык сүйлөшө кеттим. Мына ошол доктур Үмүт эжеден көкүрөгүмдө топтолгон суроолорго жооп алдым. Ошондо гана мен транссексуал экенимди билгем.

“Жипке муунуп...”

– 11-классымда өзүмдөн улуу бир баланы катуу сүйүп калдым. Ал бала да менин абалымды жакшы түшүнгөн транссексуалдардан болчу. Бирок ал сүйүүмө жооп бербеди. Ушунчалык кыйналганымдан өз өмүрүмдү кыйгым келди. Табият мени катардагы эле адамдардай кылып жаратпаганына, көпчүлүктөн четке кагылганыма, эч ким мени түшүнбөгөнүнө ызаландым. Жипке муунуп өлөйүн деп чечтим. Бирок асылган жибим үзүлүп, жерге кулап түштүм. Кулаган жерде айнектин сыныгы бар экен, көзүмө жакын жерин тилип кетти. “Көздүн ээси бар” деп коёт эмеспи, айнек карегиме кирбептир. Ал эми жиптин үзүлүп кетишин “Кудай мага дагы бир ирет жашаганга мүмкүнчүлүк берди” деп түшүндүм.
Ошондон тартып өзүмө “башыма кандай кыйынчылык келбесин, жеңип чыгам” деп сөз бердим.

“Жигиттен кызга айландым”

– Орто мектепти аяктап, Нарын Педагогикалык орто окуу жайынын музыкалык бөлүмүнө тапшырдым. Окуу жайдан да өзүмдү алып жүрүү боюнча көптөгөн эскертүүлөрдү уктум. Жадакалса Жылдыз деген бир эже “чачыңды кырк, эркек балдардай кийин” деп жүрүп 2-курста окуудан чыгарып, жаны жай алды. Анан да апамдын (таенемдин) “үйлөн, бизди неберелүү кыл” деген сөзү да тажатып жиберди. Эмнеси болсо да мындай акыбалымда Нарында жашай албастыгымды түшүнүп, Бишкекти көздөй келе бердим.

Жакында эле жыныстык мүчөмдү алмаштырдым. Көпчүлүк «чет өлкөдөн операция жасатты» деп ойлоптур. Мен дагы бир ирет айтып кетер элем, операцияны Кыргызстандан эле мыкты доктурлар жасашты. Бирок жасаган адамдын ысымын айта албайм. Операция жасатар алдында көп адамдардан кеңеш алдым. Көпчүлүгү каршы болгон жок. Бир гана молдо “бул шайтандын жолу. Кудай берген жынысыңды чанба” деп айтты.

Операциядан кийин көптөгөн гормоналдык дарыларды ичип жатам. Булчуңдарым жукарып, төшүм чоңойсун деп. Бул операциянын жыйынтыгын сүйгөн жигитим чыдамсыздык менен күтүп жатат. Ал “мени көйнөк кий” деп да суранууда. Жакында кием го. Мен жигитимди аябай сүйөм. Аны “бултушкам”, “тултушкам” деп эркелетем. Бул сөзүм ага да аябай жагат. Анан да жигитим аябай кызганчаак. Телефонумду тез-тез текшерип турат. Мен да аны кызганам. Себеби аны сүйбөй коюуга болбойт.

“Операциядан кийин тааныбай каласыңар”

– Музыкасыз жашай албаган соң келечекте бир гана Кыргызстанды эмес, дүйнөлүк шоу-бизнести багындыра турган пландарым бар. Азыр ушунун үстүндө иштеп жатам. Сахнага чыгыш үчүн биринчи сүйкүмдүү келбет керек эмеспи. Фигурамды жакшы эле деп эсептейм. Ал эми бетиме пластикалык операция жасатыш керек. Буюрса, жакында жасатам, ошондо көпчүлүктүн оозу ачылып, мурунку Бакрасты тааныбай калышат деп ойлойм.

“Сабап кеткен балдар да болгон...”

– “Балыкчы балыкчыны алыстан көрөт” демекчи, мен өзүмө окшош адамды өңүнөн эмес, үнүнөн тааныйм. Учурда курбуларым көп, анын ичинен эң жакыны Айка (Алишер). Айка экөөбүз көп нерсени башыбыздан өткөрдүк. Түнкү клубдарга барып чогуу эс алабыз. Сыр айтайынбы, биз түнкү клубга тырмактан баштап кирпикке чейин боёнуп, сөйкө тагынып, кадимки кыздардай кийинип барабыз (күлүп). Анан биздин сулуулугубузга суктанып тийишкендер да болбой койбойт.

Биздин жашоо образыбызга жини келген жигиттер үйгө чейин келип, терезени талкалап, уруп-сабап кеткен күндөр да болду. Арыз жазып, сотко кайрылсак, ал “бандиттерге” өзүңөр шериксиңер” дегенсип, эч кандай чара деле көрбөй койду... Ий, койчу, эми мунун баары артта калды деп ойлойм. Эми мен өзүмдү бир жыныстуу адам деп эсептейм. Буюрса, баары жакшы болот деген ишенимдемин.

Жаратылыш адам баласы таба алгыс табышмактарды да тартуулап келет эмеспи. Ушул күнгө чейин генетиктер да, сексопатологдор да транссексуалдар кайдан келип чыгарына толук жооп табыша элек. Кандай болсо да, Ассаль коомдо өз ордун таап кетерине тилектешпиз.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aminali
2011-10-11 18:31:26
Bul insandi saxnadan 4idamsizdik menen kutobuz,kim boldu eken?
-1
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан