Бегимай Карабаева:«САХНАНЫ КЫЗДАРЫМДЫН КҮЛКҮСҮНӨ АЛМАШТЫРДЫМ»

«Адашпайм», «Баёо сезим», «Сырдуу махабат», «Жалгыздык» деген ырлары менен кыргыз шоу дүйнөсүндө белгилүү болгон ажарлуу ырчы айым Бегимай Карабаева жакында эле экинчи кызын жарык дүйнөгө алып келип, кубанып турган кези. Бегимай 2010-жылы турмушка чыгып, сахнадан алыстай түшкөн эле. Бул ырчы айымды бир топ убакыттан бери теледен жана концерттерден көрбөй сагынып калгандар болсо керек.

– Саламатсыңбы? Алгач бешик бооң бек болсун демекчибиз. Жакында эле кыздуу болдуң, эне болуу бактысы тууралуу айтып берсең?
– Саламатсыздарбы? Ооба, жакында эле 2-ирет кыздуу болдум. Атын Адемай койдук, акырындап кылыгы чыга баштады. Тун кызым Айдай азыр 2 жарым жашта. Эне болуу өтө чоң бакыт экен. Алгачкы жолу наристелүү болгонумда «мен чын эле эне болдумбу?» деп ишенбей, 2 күн уктаган эмесмин. «Эненин кадырын балалуу болгондо билесиң» деп айтылган сөз чындыгында туура экендигине ошондо ишендим. Толгоо тарткан мезгилден баштап эле энелердин баркын биле баштайт экенсиң. Апама азыр «катуу айтып көңүлүңүздү ооруткан болсом, кечирип коюңузчу» деп турам.

– Жолдошуң менен кантип таанышып калдың эле, сүйүп турмушка чыккансыңбы?
– «Сүйүү – сезимдердин төрөсү» дейт. Жүрөгүндө сүйүү бар адам жашоого позитивдүү көз карашта жашайт. Жолдошумду сүйүп эле турмушка чыккам. Өрүкзарлуу Баткенде өсүп-чоңоюп, ошол эле жерге келин болдум. Жолдошумдун аты – Кубаныч. Экөөбүз 9-класска чейин бир мектепте окуп, сүйлөшүп жүргөнбүз. Андан кийин байланышыбыз үзүлгөн. Анын ата-теги Баткенден болгону менен, Ош шаарында жашап, отурукташып калышкан. Арадан 6 жыл өткөн соң Кубаныч мага жолугуп, «сүйлөшөлү, сөзүм бар» деп калды. Мен макул болуп, жолугушууга барганда ошол эле күнү мени Ошко ала качып кеткен. Сүйүүнүн, ишенимдин, жакшы максаттардын арты менен үй-бүлө курдук десем жаңылышпайм.
Турмуш мени 100 пайызга өзгөрттү. Мурда мүнөзү катаал, бирөө үчүн кейибеген кыз элем. Азыр болсо мурдагы Бегимай жок, мээримдүү, күйүмдүү адам болуп өзгөрдүм.

– Турмушка чыкканыңа 3 жылдын жүзү болуп калыптыр. Кайын журтуңа кандай келинмин деп ойлойсуң?
– Бул суроого мен өзүм жооп берсем туура эмес болуп калат го. Бирок жакшы келин болууга болгон аракетимди жумшап келем. Кудай менин маңдайыма ушундай кайын журтту туш кылганына ыраазымын. Себеби баары өтө түшүнүктүү адамдар. Алар менен бирге жашап, турмушта көп нерселерди үйрөндүм. Кайнатам – КРнын Эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты. Кайненем дагы дарыгер. Учурда Ош шаарында бирге турабыз.

– Кайын журтка алгачкы аралаша баштаган күндөрдөн эске салсак...
– Башка бирөөнүн бүлөсүнө келип, аралашып кетүү кыйын экен. Алгач келин болуп барган мезгилде кайненемди «апа» дей албай, «эже» деп алгам. Ошол күн эч эсимден кетпейт.

– Жолдошуң экөөң таарынычыңарды кантип жазасыңар?
– Бул турмушта казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбосо керек. Мен жолдошумду таарынтып ала элекмин. Ал мени таарынтып алган учурда түрдүү белектерди берип көңүлүмдү алууга аракет кылат.

– Турмуш босогосун аттап, чыгармачыл чөйрөдөн алыстай түштүң. Келечекте сени сахнадан көрө алабызбы?
– Азыркы учурда сахнаны наристе жытына, кыздарымдын шыңгыр күлкүсүнө алмаштырып отурган кезим. Келечекте балдарым чоңоюп, эс тартып калса, буюрса, кайра сахнага чыгам деген пландарым бар. Бирок азыр эртеңки күнүң эмес, 1 сааттан кийин эмне боло турганын айтуу кыйын. Баарын убакыт көрсөтөт.

– Сахнага чыгууңа жолдошуң, кайын журтуң кандай карашат?
– Жогоруда айтып кеткендей, кайын журтум билимдүү, түшүнүктүү жана шоу-бизнеске такыр байланышпаган адамдар. Жолдошум – жеке ишкер. Алар мени чыгармачылыкта колдошот.

– Эки кыздын энеси болсоң да, келбетиң ошол бойдон сакталыптыр. Сулуулуктун сыры эмнеде?
– Сулуулугум үчүн атайын фитнес-клубдарга же бассейндерге барбайм. Жер тамда жашагандыгыбызга байланыштуу үй тиричилиги менен эле алекмин. Кээде гана Баткендин өрүгүнөн бетиме үй шартында маска жасап коём. Улуу инсандар айткандай, «ички дүйнөң менен тышкы келбетиң гармонияда болуусу бул – сулуулук» деген сөзгө кошулам. Анан да ден соолугу чың адам сулуу.

– Маегиңе чоң рахмат.

Бегайым Тажибай кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Baha909090
2013-01-21 12:34:38
ушул кыз жакчу эле! Бактылуу бол!
0
Miraida2012
2013-01-21 13:52:07
Бактылуу бол!
0
alik1602
2013-01-21 13:52:42
бактылуу бол сахнага келишинди кутобуз
0
Baichechekey
2013-01-21 15:53:30
Бактылуу бол Бегимай!
0
nurbek_posol
2013-01-21 21:15:26
Бактылуу болгула! Аткарган ырлары аябай жагат. Ийгилик каалаймын !
0
best-life
2013-01-21 23:19:09
китаянкага окшош кыз эле го, бактылуу болсун, Аллахтын эн жакшы белеги бул перзент экен, чырактай кыздуу болуптур, омурлору узун болсун!
0
ayzatushka
2013-01-22 03:02:50
Мен да аябай жактырам аны,бактылуу болгула!
0
altinim
2013-01-22 14:06:48
бактылуу эле бол азамат уй булону тандапсын сахнаны эмес акылдуу аял экенсин
0
AsyaAsya
2013-01-22 21:28:05
Эн негизи сен бактылуусун...ошол сенин бул жашоодогу женишин!!!
0
jituu
2013-01-24 22:23:43
Бактылуу болгула!кыздарынды чонойтуп алсан, дагы да болсо чыгармаларына кубо болорбуз
0
AFRODITA-89
2013-01-25 23:32:00
мен бул кызды тааныбай атам
0
aida1993
2013-01-26 21:31:53
Бактылуу болгула.
0
Айнура Салахидинова
2013-01-29 19:41:27
Begimai saga iygilik! $ynygy ayaldyk bakyt kaalaim!
0
elgiza1989
2013-09-28 03:14:48
Бактылуу болгула
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан