«Өкүл ата – өз ата, аман болсун кайната» деген кеп бар кыргыз элинде. Айрымдар муну башкача вариантта да айтып жүрүшөт. Деги эле өкүл ата өзү ким, анын турмуштагы орду, ролу туурасында иликтеп көрдүк.
ӨКҮЛ АТА ДЕГЕН КИМ?
«Өкүл ата шайлоонун тарыхы кайсы доорго барып такалат?» деген суроо баарыбызга кызык болсо керек. Кыргызга салт болуп калганы менен анын тарыхын кагаз бетинен табуу кыйын. Ошентсе да бул тууралуу эл оозунда ар кандай кептер айтылып келет.
Илгери жаңы баш кошуп жаткан уулунун же кызынын никесине ата-энелери аралаша албагандыктан, өкүл катары адам дайындашкан. Ал өкүл ата болуп саналган. Өкүл ата болчу адам биринчи кезекте үй-бүлөлүү, жаштарга үлгү болчу, көп балалуу адам болушу шарт болгон. Дайындалган өкүл ата баланын жакын туугандарынан эмес, үй-бүлөнүн жакшы санаалаштарынан, тай тараптарынан, ата-энесинин досторунан шайланган. Мунун себебин баланын жакын тууганы келинге кайнага болуп калары менен түшүндүрүшкөн.
Өкүл ата болуу эл арасында кадыр-барктын жогорулашына да алып келет деген түшүнүк тараган. Эгер өкүл уулдарынын саны жетиге жетсе, анда өкүл ата өкүл балдары үчүн элге той берет. Кээде өкүл ата менен өкүл баласы катышпай калса, анда жигит мамилеси жакшы келишкен адамды кайрадан өкүл ата дайындап алган учурлар да кездешет.
ӨКҮЛ АТА, ӨКҮЛ ЭНЕНИН МИЛДЕТИ
Өкүл ата, өкүл эне шайлангандан тарта жаш үй-бүлөнүн турмушун алып кетүүсүндөгү чоң жоопкерчиликти мойнуна алган. Дайындалган өкүл ата менен өкүл эненин милдети – балдарды өмүр бою камкордукка алып, аларга турмуштук сабак берип, жол көрсөтүү болгон. Эгер эки жаш араздашып кете турган болсо, аларды элдештирүү өкүл ата менен өкүл эненин милдети. Бекеринен элибизде «үй-бүлө эки ажырымга кеткен болсо, биринчи кезекте өкүл атанын бети чымырайт» деген кеп айтылбаса керек. Өкүл ата мыкты болсо эки жашты өз балдарындай көрүп, отко киргизип, төркүлөтүп, мал-жан энчилеп беришкен.
Жыл өткөн сайын бул көрүнүш шартка ылайыкташып ар кандай милдеттер менен толукталып, салтка айланып бара жаткандай. Учурда өкүл аталарга энчи бергенден сырткары эки жашка нике шакегин алып берүү милдети да жүктөлгөн.
БАТКЕНДЕ ӨКҮЛ АТА ДАЙЫНДАЛБАЙТ
Өкүл атанын орду жана ролу өлкөбүздүн айрым дубандарында ар кандай салттар менен коштолот. Мисалы, Ысык-Көл менен Таластын айрым жерлеринде өкүл ата кызга жигит тараптан, жигитке кыз тараптан дайындалат. Башкача айтканда, экөөнүн өкүлчүлүктөрү эки башка болот. Ал эми Нарын, Ош жергесинде кыз менен жигитке бир эле өкүл ата шайланат. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде өкүл ата, өкүл эне кызга гана дайындалат. Муну алар «кыз бала ата-энесинен алыс кетти, жалгызсырап, бөлөк бүлөдө кор болбосун. Өкүл ата-энеси укугун талашып, арманын угуп, кубанычын тең бөлүшүп, колунан келген жардамын берип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун» деген ниетте дайындалары менен түшүндүрүшөт.
Баткен аймагында өкүл атанын орду анчалык деле мааниге ээ эмес. Мындай түшүнүк дээрлик жокко эсе. Сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө «биз өкүл ата дайындаганга кызыкдар эмеспиз» деген баткендик жаштар да болду.
Кайсы гана аймактын өкүл атасы болбосун, болочоктогу уулу менен кызына энчи берип, алардын турмушунун жөнгө салынышына ар тараптан салымдарын кошушат.
Өкүл ата, өкүл эне дайындоо салты боюнча дин аалымдары, кыргыздын аттуу, баштуу адамдары кандай ойдо? Аны билүү максатында аларга суроо салдык.
Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын имамы: «ӨЗ АТАСЫ БАР ТУРУП, ӨКҮЛ АТА ШАЙЛОО – КҮНӨӨ»
– Өкүл ата шайлоо шариятта барбы?
– Өкүл ата шариятта таптакыр жок нерсе. Анда «өз атаң болгондон кийин бирөөнүн атасын ата деш – арам, чоң күнөө» деп айтылат. Бирок кыргызда салт болуп калган. Ачыгын айтыш керек, учурдагы өкүл аталардын бири да өкүл аталыкка жарабайт. Өкүл ата үйлөнүп жаткан жигитти жаш кезинен тарбиялап, ыйманга, илим-билимге үндөгөн адам болот. Айрым жаштар биздин «мусулмансыңбы?» деген сыяктуу бир-эки сурообузга жооп бере албай калышат. Азыркылар бири-бирин нике, той учурунда таанып жатышпайбы. Ошондой эле өкүл атанын өкүл баласы менен кызына нике шакегин тагып жатканы да туура эмес. Жигит келинчегине өзү алып тагуусу парз. Мен да бир жолу өкүл ата болгом. Бирок ал жигит турмушун алып кете албады. Ошондон кийин өкүл аталыкка жарабайт экенмин деп өзүмө баа бергем.
Гулшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти:«БИЗГЕ ЭНЧИ БЕРИЛГЕН ЭМЕС»
– Өкүл уул-кыздарыңызга эмне белек кылгансыз?
– Менин 18 өкүл уул-кызым бар. Өкүнүчтүүсү – төртөө ажырашып кетишкен. Аларга колумдан келген жардамымды берип келем. Мурдагы жылы бир балага өкүл эне болдум. Өкүл атасы болуп менин студент кезден берки досум Бактыбек шайланды. Мен кыздын, ал баланын шакегин алып тактык. Менин деле өкүл ата, өкүл энем болгон. Ачыгын айтыш керек, эч нерсе энчилешкен эмес. 70-жылдары бир нерсе энчилөө деген болгон эмес.
Ибрагим Жунусов, Маданият жана туризм министри:«ӨКҮЛ БАЛДАРЫМДЫН ТАК САНЫН БИЛБЕЙМ»
– Канча өкүл уул-кызыңыз бар?
– Чынында, так санын билбей калдым. 25тен ашканын билем. Менимче, 30га жетип калды окшойт. Бирок алардын 10-15и менен эле катышам. Жакшылык-жамандыкта ар дайым бирге болобуз. Өкүл балдарымдын арасында белгилүүлөрү да бар. Эрнис Кыязов, Эмил Балтагулов дегендер. Өкүл уулдарымдын башын бириктирип тойчук да өткөргөм.
Жылдыз Тутуева, ырчы:«ӨКҮЛ АТА, ӨКҮЛ ЭНЕ БОЛУУГА ДАЯРБЫЗ»
– Өкүл ата, өкүл энеңиз менен катышып турасызбы?
– Кайын журтум Лейлектен болгондуктан, ал жакта өкүл ата шайланбайт экен. Айрымдар өздөрү эле дайындап алышат. Башында биз деле шайлап алалы деп жүрчүбүз. Кийинчерээк деп отуруп, өзүбүз өкүл ата, өкүл эне болууга жарап калыптырбыз. Учурда бойдок жигит-кыздардан «бизге өкүл ата, өкүл эне болуңуздар» деген сунуштар түшүүдө. Биз мындай милдетти аткарууга даярбыз.
Жеңишбек Айтиев, куудул:«ӨКҮЛ АТАМДЫ ТОЙДО ЭЛЕ КӨРГӨМ»
– Өкүл атаңызды эмнесине карап тандагансыз?
– Мага өкүл ата кылып бир тууган агам өз досун дайындап берген. Аны тойдон эле көргөм. Эл катары зер буюмдарын белек кылып, тоюбузга күбө болуп кеткен. Кийин дагы бир жолу көрүштүк. Ошол боюнча көрүшпөгөнүбүзгө 10 жыл болду. Анан өзүм эле жакын, жакшы жумушта иштеген таанышымды өкүл ата кылып шайлап алгам.
Замир Арыкбаев, ырчы:«ЭКИДЕН ӨКҮЛ АТА ШАЙЛОО – АЛАКАНЫН БЕЛГИСИ»
– Экиден өкүл ата шайлоого кандай карайсыз?
– Бул жакшы нерсе. Жакшы алаканын белгиси десем болот. Көлдө экиден өкүл ата, өкүл эне шайлашат. Мисалы, биздин бир өкүл атабыз шаарда, бири болсо айылда турат. Ар убак кеп-кеңешин берип турушат. Өзүмдүн азырынча бир өкүл уулум бар.
Дайыр Исмадияров, ырчы:«КАРШЫЛЫГЫМА КАРАБАЙ ӨКҮЛ АТА КЫЛЫШТЫ»
– Өкүл ата болдум деп айткан жайыңыз бар эле. Бойдок жигит уул-кызына кандай кам көрүп жатты экен...
– Ооба, бойдок туруп эки өкүл уулдуу болдум. Башында «өзүм бойдок болсом кантип болмок элем» деп каршы болгом. "Эртеби-кечпи үйлөнөсүз да. Мага өкүл ата болушуңуз керек» деп туруп алганынан макулдугумду бердим. Азыр алар Орусияда. Телефон менен байланышып, ал-жай сурашып турабыз. Зер буюмдарын белек кылгам, башка эч нерсе бере элекмин. Эми жакшылыктын баары алдыда эмеспи.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg