Индиядагы Азия чемпиондугунда быйыл күздө өтүүчү жалпы уруш искусстволору боюнча Бүткүл дүйнөлүк оюндарга жолдомо алып келген кикбоксчулар катуу тартиптеги машыгууга өтүштү. Машыгуулар азыр борбор калаадагы «Алыш» спорт клубунда өтүп жатканын угуп, күбө болуп келдик.
«Бул мелдеш кикбоксчулар үчүн акыркы жолдомо ойнотулуучу мелдеш болчу. Эми башка спорт түрлөрүнөн жолдомо алышат болуш керек. Биз 5 кикбоксчу азыр даярдыкты баштадык. Алексей Федосеев, Кумар Жалиев, Ален Офойо бул жакта биз менен машыгууда. Рашит Аманкулов Ошто»,- дейт жолдомо ээлеринин бири Сталбек Дарканбаев (сүрөттө).
Эске салсак, Индияга аттанган 17 мушкердин 16сы байгелүү орундар менен кайтышкан. Жолдомолор жарым орто салмактан жогорку салмактардагы мушкерлер үчүн гана каралган. Ал эми Индияда өткөн мелдеште 54 килограмм салмакта Улан Касымбеков Азия чемпиону аталган. Ага кошумча кикбокстон башка да бир катар уруш өнөрлөрүн камтыган спорт түрлөрүнөн жолдомо ойнотулуучу мелдештер бар.