15-январда футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы бишкектик «Дордой» футболдук клубу менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Бул оюн Шериктештик кубогуна аттанып жаткан жаштар курама командабыздын акыркы даярдыгы болду.
Билсеңиз, 12 өлкөнүн 21 жашка чейинки жаштар курама командалары Шериктештик кубогу үчүн 18-январда Санкт-Петербургда чогулат. Кыргызстан Казакстан, Орусия жана Өзбекстан курама командалары менен «В» тайпасына туш келген. Мекендештерибиз 18-январда Казакстан менен, 20-январда Орусия менен, ал эми 21-январда Өзбекстан менен ойнойт. Футболчуларыбыздан жеңиш болбосо да, татыктуу оюн күтмөкчүбүз.
КҮРӨШ
13-январда Красноярск шаарында Дмитрий Миндиашвили атындагы күрөш академиясынын баш байгеси үчүн күрөш боюнча Эл аралык мелдеш аяктады. Ага саналуу өлкөлөрдөн 300дөн ашуун балбан чакырылып, кыз-келиндер жана уландар эркин күрөш стилинде күч сынашышты. Мекендештерибизден супер оор салмак категориясында Айаал Лазарев чемпиондук наам менен кайтты.
КИЧИ ФУТБОЛ
11-январда кичи футбол боюнча Казакстандын Ачык чемпиондугуна катышып жаткан «Дордой» (Кыргызстан) Бишкекте аталган мелдештин 10-турунун алкагында казакстандык «Кайратты» кабыл алды. Оюн өтө курч болуп, беттеш 1:7 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.
ТАЭКВОНДО
Жакында кыргызстандык таэквондочулар Алматыда таэквондонун ITF версиясы боюнча Казакстандын чемпиондугунда 6 алтын медаль утушту. Эскерте кетсек, Кыргызстандын желеги астында 28 спортчу аттанган.
Максат Кудайбердиев
Адилет Бектуров
sport@super.kg