ГАЙТАНА

«Эң мыкты» («Самый лучший») деген ырды баарыбыз эле билсек керек. Бул чыгарма жаштардын, айрыкча кыздардын сүйүү гимнине айланган десек болчудай. Мына ушул ырдын аткаруучусу – украиналык ырчы кыз Гайтана.

Толук аты-жөнү – Гайтана Эссами
Туулган жылы – 1979-жыл, 24-март
Туулган жери – Украина, Киев шаары
Бою – 160 см
Салмагы – 51 кг
Кесиби – Ырчы, композитор
Ырлары – «Эң мыкты» («Самый лучший»), «Сагынам» («Скучаю»),  «Жакыным» («Нет родней»), «Асман» («Небо»), балдарга арналган «Кукабарра» ыры (Кукабарра – чымчыктын түрү) жана башкалар

КҮЧТҮҮ, УЛУУ ГАЙТАНА
«Гайтана» деген сөздү лингала тилинен (Конго Демократиялык Республикасында тараган тил) которгондо «күчтүү», «улуу» дегенди билдирет. Бирок ырчы Гайтана журналисттердин «өзүңүздү күчтүү сезесизби?» деген суроосуна «жок, дайыма эмес. Кээде күчтүү болгондон ушунчалык тажап, алсыздыкты каалаган учурларым болот» деп жооп берип келет. Гайтананын атасы конголук болсо, апасы украин кызы. Ырчы Украинада төрөлүп, бирок 5 жашка чейин Конгодо жашаган.
1985-жылы ата-энесинин ажырашып кеткенине байланыштуу болочок ырчы апасы менен Украинага келет. Ошондон тарта атасы телефон аркылуу гана кызы менен сүйлөшүп турганы болбосо, бир да жолу басып келген эмес. Атасынын экинчи никесинен төрөлгөн 25 жаштагы Денжандр деген иниси бар.

«ЕВРОВИДЕНИЕ-2012ДЕ» ЫРЫ УУРДАЛГАН ДЕП ТАБЫЛГАН
12 жашында телевизиондук ыр сынагынан 3-орунду жеңип алгандан тарта Гайтана чыгармачыл жашоого аралаша баштайт. Жергиликтүү «Альтана» деген ансамблдин жетекчиси кичинекей кыздын талантын баалап, өзүнүн тобуна кошуп алат. 2003-жылы орус тилиндеги алгачкы «Сен жөнүндө» («О тебе») аттуу ыр жыйнагы жарык көргөндөн кийин Гайтана чыгармачыл дүйнөгө баш-оту менен киришет. Жаңы ырларды биринин артынан бирин жаздырып, Украина менен Орусияда жылдызы жана баштайт. Ырларынын тексттери жана обондорунун дээрлик көпчүлүгү өзүнө таандык. Анын ыр жыйнактарында жалаң гана сүйүү, жашоо тууралуу ырлар орун албастан, жаш балдарга арналганы да жок эмес.
2012-жылы Бакуда өткөн эл аралык «Евровидение» сынагына Украинанын атынан катышкан. Ыр мыкты деңгээлде аткарылганына карабастан, калыстар тобу тарабынан ыры плагиат деп табылып, болгону 65 балл топтоп, 15-орунга араң илинген.

«ЧОГУУ ЖАШОО ҮЧҮН ДОКУМЕНТ МААНИГЕ ЭЭ ЭМЕС»
Гайтана учурда өзүнүн продюсери Эдуард Клим менен жарандык никеде жашайт. «Мен үчүн сүйүү биринчи орунда турат. Эгер түгөйлөр бири-бирин колдоп, түшүнүшсө, документ мааниге деле ээ эмес»,- дейт бул тууралуу ырчы.
Ал эми Гайтанага кантип ашык болуп калганын продюсери Эдуард мындайча эскерет: «Үйдө сыналгы көрүп отургам. Бир убакта Гайтана ырдап калды. Ошондо экранга тигилген боюнча катып калганымды өзүм да билбей калыпмын. Бир чети үнүнө кызыксам, экинчиден, экзотикалык келбетке ээ орус тилдүү бул сулуу мени ойго салып, акыры анын жүрөгүн багынтуу тууралуу ой пайда болду». Азыр Эдуард максатына жетип, ырчынын продюсери гана болбостон, сүйүктүү мырзасына да айланган. Учурда бул чыгармачыл жуп балалуу болуша элек, бирок Гайтана келечекте беш баланын энеси болгусу келерин жашырбайт.

КЫЗЫКТУУ

  • 12 жашында стол үстүндөгү теннис боюнча спорт чеберлигине талапкер болгон.
  • Ырчынын муздаткычында дайыма ананас турат. Бул тууралуу ал «келбетимди бир калыпта кармоо үчүн дайыма ананас жеп турам» дейт.
  • Кичинесинде келемиштердин бакма түрүн сатып алып көбөйтүп, аны кайра сатып акча тапчу.
  • Сумкаларды коллекциялайт. Учурда коллекциясында жүздөн ашык сумка бар.
  •  Украинанын «Шахтёр» футболдук клубунун күйөрманы. 2011-жылы аталган футболдук клубга «Шахтёр – чемпион!» деген ырын белек кылган.  
     

Асел Асанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
peach
2013-01-22 06:04:35
ui-buloosun tawtap bul uchun kyiyn iw kylyptyr ..
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан