Франциялык белгилүү актёр Жерар Депардье 2013-жылдын 3-январында Орусиянын жарандыгын алды.
Актёрдун Франциядан кетүү чечимине таң калып, суроо салган журналисттерге: «Мурун эле бул тууралуу ойлоп, бирок акыркы чечимимди кабыл ала албай жүргөм. Негизи, башынан эле орус элинин кең пейилдигине баа берип келем. Анан да мындай жолго баруума Франциядагы салык төлөмдөрүнүн кымбаттыгы түрткү болду»,- деп жооп берген. Орусиялыктар "таланттуу актёр эми орус театр жана киносунун өнүгүшүнө салымын кошот" деп кубанышууда.