Лос-Анжелесте «Алтын глобус» кино сыйлыгынын мааракелик 70-сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул сыйлыкка ээ болгондор: «Мыкты фильм» – «Арго» операциясы» (режиссёру Бен Аффлек), «Мыкты актриса» – Жессика Честейн («№1-максат» тасмасындагы ролу үчүн), «Мыкты актёр» – Дэниел Дэй-Льюис ("Линкольн" тасмасында АКШнын 16-президентинин ролун жаратканы үчүн), «Мыкты сериал» – «Өз адамдарынын арасындагы өзгө», «Мыкты саундтрек» – «007: «Скайфоллдун» координаттары» тасмасы үчүн жазылган Аделдин "Скайфолл" аттуу ыры.