ТААЛАЙ ЖАРК ЭТКЕН ЖЫЛДЫЗ ЭЛЕ...

Адам баласы маңдайына жазган жашты жашайт дешет. Ошентсе да он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш кеткен адамдын тагдыры кандай гана кейиштүү. Ошондой трагедиялуу өмүр Таалай Бектургановдун да бешенесине жазылган экен. Эсиңизде болсо, Союз тарагандан кийин гитаранын кубулжуган үнүн коштой ырдаган бир талант эл алдына суурулуп чыккан эле.
Б
үгүнкү макала 27 жашында о дүйнө салган талант Таалайдын басып өткөн жолун эскерүүгө
арналат.

Алгач маалымат алуу үчүн ырчынын жакындарын издедик. Сураштырсак, ырчынын биртуугандарынын баары Орусияда иштеп жүрүшүптүр. Бизге Таалай Бектургановдун бала чагы тууралуу жердеш агасы, ЖКнын Басма сөз кызматынын кеңешчиси Ашыркул ОМОРОВ эскерип өттү.

Кайрылып келгис балалык...

– Таалай 1968-жылы Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында карапайым үйбүлөдө туулган. Атасы Камчыбек эч кимге зыяны жок, өтө жоош адам эле. Кесиби мал док­тур болгондуктан, ат минип алып чабандарды кыдырып жүрчү. Эл бир чети ал кишинин кесибин сыйлап, экинчи чети жеткире сүйлөгөнүн баалай турган. Энеси Турдуш өтө кыйын аял болчу.

Таалай 10 биртуугандын сегизинчиси болчу. Биртуугандарынын ичинен мен анын агасы Төрөкул менен классташ элем. Таалай Төрөкулга мүнөзү жагынан да, келбет жагынан да абдан окшош болчу. Экөө тең абдан өткүр, уюштургуч, айткандарынан кайтпаган балдар болуп өсүштү. Тилекке каршы, экөөнүн тең өмүрү кыска болду. Таалай тигинтип Орусияга кетип каза болсо, Төрөкул аскерге барып, ошол жерден көз жумду. Анын да өлүмүнүн бети ачылбай калды.

Таалайдын ырга жакын болуп калганына атасынын таасири зор деп ойлойм. Анткени Камчыбек байке комуз чертип, жоош көрүнгөнү менен бир сүйлөсө адамды муюта сүйлөгөн адам эле. Орто бойлуу, кара тору, жылаңайлак чуркаса эч ким жетпеген кичинекей Таалай гитараны бала кезинен үйрөнгөн. Ырдап жатканда балдар аны кандай тегеректеп турушса, ал сууда сүзгөндө да ошондой сонуркашып карап турушчу. Айыл четиндеги шар аккан чоң суунун ары жагына бир чыгып, бери жагына бир чыгып укмуш сүзөр эле. Мектепте да тың окуду. Ата-энеси Таалайдан чоң үмүт кылышчу. Чынында, ошол үмүттү актай турган балдардан эле. Бирок тигинтип, шум ажал жаш алып кетти. Таалай каза болгондон кийин ата-энеси да күйүттөн улам, өздөрүн таштап жиберишти. Таалайдын көз жумганына 4-5 жыл болгондон кийин эле ата-энеси биринин артынан бири кете берди.

Ал эми ырчынын студенттик турмушун, дегеле, өмү­р­ү­­нүн акырына чейинки күндөрүн жакын досу, груп­палашы Өмүрзак КАЙЫПОВДОН сурадык.

Студенттик күндөр

– 1992-жылы Таалай экөөбүз Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна чогуу тапшырдык. Мен фольклордук бөлүмгө, Таалай үйлөмө аспаптар жагына бөлүндүк. Ошол эле учурда ал гитарада да ойночу. Экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, жатакананын бир бөлмөсүндө чогуу жашап калдык.

Эсимде, биринчи курста экенибизде:
“Издей берем тааныш үйдөн,
Издей берем көчөдөн...”, -

деп ырдап берип, “текстин да, обонун да өзүм жараттым” деди. Ырдын аталышын деле сураган жокмун. Мен ичимден “кантип эле ушуну өзү жаратсын, бирөөнүн ырын менчиктеп жатса керек?” деп маани берген жокмун. Бул ыр чын эле Таалайга таандык экенин кийин билип, талантын баалап калдым. Биринчи ырын ошентип бизге ырдап берип, андан кийин телевидениеге тартылды. Таалай ошондон тарта элге белгилүү боло баштады.

“Өз киндигин өзү кескен”

– Мүнөзүнө токтолсом, өтө ачык-айрым, шуулдаган, өжөр, адамдын ичи-коюнуна тез кирип кеткен жигит эле. Баарынан да бирөөдөн жардам сурамак түгүл, жадакалса ата-энесинен, биртуугандарынан жардам күткөн бала эмес эле. Кыскасы, өз киндигин өзү кескен. Орусчаны мага окшоп акцент менен сүйлөчү. Ошентсе да ар кайсыны баржалактап айтып отуруп, орус-кыргыз дебей муютуп алчу.

Эстесем, канча жыл бир бөлмөдө жашап бир да жолу ары тур, бери тур болуп урушпаптырбыз. Уул-кыздарын сагынган ата-энелер айылдан шаарга көп каттайт эмеспи. Кыздар: “Ырдап берип коёсуңарбы ата-энебиз келиптир”, - деп күнүгө чакырып кетишет. Мен комуз чертип ырдасам, Таалай гитарада ырдайт. Кыскасы, күндүз окусак, кечкисин ар кайсы бөлмөдө конок болуп жүрчүбүз.

“Ырлары жалаң сүйүү жөнүндө эле...”

– Таалайдын ырларынын дээрлик бардыгы сүйүү темасында болчу. Бир жолу жаңы жараткан “Назира” деген ырын мага ырдап берди. Ырдаганын уккан соң “мен ыр жаратсам, биринчи ата-энелерге арнамакмын” деп койдум. Ошондон кийин Таалай ойлонуп калган окшойт, дароо ата-энелерге арнап “Ушуну ойло” аттуу ыр жаратты.

Таалай жакшы көргөн кыз мединститутта окучу. Бирок Таалайдын жакшы көрөрүн тигил кыз билчү эмес. Ал экинчи кабатта жашачу. Таалай экөөбүз күнүгө кечинде жатаканага барып, терезесин тиктеп отурар элек. Биз караган терезенин түбүндө дарак бар болчу. Ылдыйдан карай берүүдөн тажаган Таалай бир күнү “даракка чыгып кыздарды карасаң, эмне кылып жатышат?” деп жатпайбы. Күнүгө ушинтип сурана берди, мен макул болгон жокмун. Айласы жок өзү дарактын башына чыгып, анын башында кызды карап көпкө отур­­­­­­­­ган. Жерге түшкөн соң “бар эми сен чыксаң” деп катуу суранды. Суранмак түгүл, жалдырады.

Биз бири-бирибизди шылдыңдап ойночу элек. Шылдыңдаганда да, катуу шылдыңдашчубуз. Кечинде даракка чыккан Таалай эртеси сабактан менин жанымдан такыр чыкпайт десең, бучкактап... Оюнда “даракка чыкканымды балдарга айтып шылдыңдайт” деп кыйпылыктады. Аны мен билип «кой эми, эч кимге айтпай эле коёюн» деп эч кимге айткан жокмун. Анан ошол биз күнүгө аңдыган кызга арнап, азыр да эл арасында абдан белгилүү бир ырды жараткан. Ал ырдын атын каршы болбосоң, айтпай эле коёюн.

“Орусияга үйлөнүүгө акча таап келем деп кеткен болчу...”

– 1995-жылы акыркы курста окуусунан суранып, сүйлөшкөн кызы Жылдыз менен Орусияга кетти. Жылдыз мединститутта окучу эле. Бул сапардын негизги максаты – акча таап келип үйлөнүү болчу. Таалай, Жылдыз менен кошо группалашыбыз Каныбек да кеткен. Бул жактан салып жиберген соодагерлердин товарларын тигил жактан Таалай тосуп алып иштечү. 7-ноябрда поездден товар алып жатып, бир милиция менен уруша кетет. Жогоруда айтып өтпөдүмбү, өзүнүн айтканын бербеген өжөр бала эле деп. Милиционер айтканына ынанбай койсо керек. Чоң чырга айланып баратканын көргөн Каныбек уруш-талаш чыгып калса, аны жөнгө салчу бир кыргыз жигитти чакырып келмекке чуркап кетет.

Алар келишкенде Таалай уруш чыккан жерде жок болуп чыгат. Оюнда жамандыгы жок немелер “а-аа, тарап кетишкен экен” деп ойлоп калышат. Ал күнү Таалай үйүнө келбей калат. Эртеси Каныбек, Жылдыздар издеп жүрүшүп, бир оорукананын реанимация бөлүмүнөн табышат. Көрсө, уруша кетишкенде милиционерлер Таалайды төрт-бешөөлөп, поездден түртүп жиберишиптир. Жерге кара куш мээси менен катуу тийген экен. Ошентип, ал эсине келе албай жатып каза болот.

Ал кезде Таалайды Орусия­дагы кыргыздар да таанып калышкан. Алар кийлигишип жатып, Таалайдын сөөгүн поездге салып жиберишет. Достору Казакстандан тосуп алып, Чаткалга алып бардык. Анын жаркын элесине арнап, атайын волейбол оюнун өткөрүп, эскерүү концертин бергенбиз. Кийин Таалайды түртүп жиберген милиция табылды. Бирок кылмыш чет жерде болгондуктан, тергөө жүргүзүү үчүн Таалайдын туугандары каражат бериш керек экен. Андай мүмкүнчүлүк болбогондуктан, кылмышкер жаза албай кала берди.

Таалай Бектурганов ыр кү­й­ө­р­мандарынын жүрө­гүндө дайыма жашай берет. Ырчынын “Сагыныч”, “Сулуу кыз”, “Канымдасың”, “Назира” жана башка көп­т­өгөн ырлары бүгүн дагы өз популярдуулугун жоготпой ырдалып келет. Эмне дем­е­к­чибиз, жаткан жериң жайлуу болсун, кайталангыс талант.

Сүйүн Кулматова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Benos
2012-12-08 01:47:34
Эхх-х кайран Таалай акем ! Аман болсон Чаткалдыктар мындан да кучтуу болуп журмокпуз.
Жаткан жерин жайлуу болсун Таалай аке.
Биз Чаткалдыктар сени эч качан унутпайбыз.
0
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан