«Эркелеп», «Керексиң мага» ырларынын аткаруучусу, рэпер Баястанды угармандар Бегиш менен көп алмаштырышат. Мындан ары да алмаштырбаш үчүн Баястанды сиздерге жакындан тааныштырып коюуну чечтик.
РЭПЕР ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Аты-жөнү – Баястан Ботоканов
Туулган жери – Балыкчы шаары
Туулган жылы – 1993-жыл, 4-июнь
Бою – 176 см
Кызыгуусу – Баскетбол ойноо
Билими – КОСУнун медициналык факультетинин 2-курсунда окуйт
Үй-бүлөдө – Эки бир туугандын кичүүсү
– Салам, эмнеге Баястан эмес, Көчө акыны деген лакап ат менен чыктың?
– Рэп менен 3-класстан бери "ооруп" келем. Сыналгыдан чет элдик рэперлердин көчөдө ырдап тургандарын көрүп, балдар менен көчөгө чыгып айтышып калчубуз. Байкем клипмейкер Мирлан Саткымбаев кичинесинде рэп айтчу, андан да көп таасирлендим. Ошентип көчөдө рэп айтып жүрүп эле ырларды жарата баштадым. Чыгармаларымдын сөздөрү өзүмдүкү болгондуктан жана алгач көчөдө ырдап жүргөндүктөн, Көчө акыны деп алгам. Ал кезде жаш экенмин да, азыр өз атым менен эле Баястан деп чыгып жүрөм.
– Сенин ырларыңда көбүнчө окуя баяндалат. Баары жашоодон алынабы?
– Туура айтасыңар. «Керексиң мага», «Эркелеп», «Сүйүүмдү суранам» деген ырларым бир кезде сүйлөшүп жүргөн кызыма арналган. Чынында, аны аябай катуу сүйдүм, чыгармачылыгыма да дем берип турчу. Бирок экөөбүз сүйлөшпөй калганыбыздан кийин мүңкүрөп чыгармачылыгымды таштап салган жокмун. Менин жүрөгүм чоң, кыздардын баарын батыра берет.
– Сенин табитиңе кандай кыздар туура келет?
– Бардык кыздар жага бербейт. Эң негизгиси ички дүйнөсү бай болсо жетиштүү.
– Кандай кыздар жакпайт?
– Кыргыздын менталитетине туура келбеген кийимдерди кийип, мисалы, кыпкыска кийинген, ачылып-чачылып жүргөн кыздар жакпайт. Кыргыз болгондон кийин өздөрүн татыктуу алып жүрүшсө. Анан да мүнөз жагынан жөнү жок таарына бергендерди жактырбайм. «Неге чалбайсың, жазбайсың?» дей беришет го. Кыз деген сабырдуу болуш керек. Андай болбосо, өз жолу менен кете берсин, мага туура келбейт.
– Бегиш экөөңөр ынак дос эмессиңерби, кайдан таанышып-достошуп калдыңар эле?
– Бегиш экөөбүз эки жыл мурун ырларыбызды угуп, учурашып калчубуз. Кийинчерээк бири-бирибизге чогуу ырдоону сунуштап, анан иштешип, достошуп кеттик. Көп жерге чогуу барабыз, ошондуктанбы, кыздар мени көрсө да алмаштырып, «Беги-иш» деп сүйүнүп келип калышат. Кыздар, Бегиш экөөбүздү адаштырбай жүргүлө!
– Бизде ырчылык менен байыса болобу?
– Болот, мен деле акча иштеп жатам жакшы эле. Корпоративдик кечелерге барабыз. Бегиш экөөбүз концерт коюп калабыз. Ар жума сайын фристайл-батл болот, ал жактан акча түшөт. Кыскасы, жетишерлик тапсаң болот.
– Сени сындагандар көппү?
– «Сен рэп окуй албайсың» деп көп айтышчу. Азыр ошол кишилер келип «жакшы, азамат» деп учурашып калышкан. Мени канча сындашса да, көңүл бурбай иштей бердим. Азыр аларды жеңдим десем болот, өзүмдү көрсөттүм. Анан да мурун тартынчумун. Эми болсо ыр аркылуу бардык кубаныч, сүйүү сезимдеримди ачык айтып, рэпсиз жашоомду элестете албай калдым.
– Бир ыр канча убакытта жаралат?
– Жарым күндө, 10 күн же такыр эле жарым жылга барып бүтүшү мүмкүн. Эгер илхам келсин деп күтүп жата берсем, 5 жылда бир эргүү келсе, кантем? Андыктан эргүүнү күтпөй, минусовканы уксам деле азыр сөздөрүм куюлушуп чыга берет. Бул үчүн мен атайын машыккам.
– Маегиңе чоң рахмат.
– Рахмат сиздерге да.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg