Урмат Усенов:«СҮЙҮҮ БАЛДАРГА ӨТҮП КЕТИШИ МҮМКҮН ЭМЕС»

«Супер-Инфо» гезити тарабынан «Сахнанын кош жылдызы» наамына татыган Урмат менен Неляны качан көрбөйүн кол кармашып, бактылуу үй-бүлөнүн күзгүсү болуп келишет. Эки баланын ата-энеси болууга жетишкен жубайлар бирин-бири канчалык деңгээлде билишет деген суроого жооп алуу үчүн экөөнө өз-өзүнчө собол салдык. Андан соң, албетте, чогуу-чаран маек курдук.

– Баш кошкон күнүңүздөр эсиңиздердеби?
Урмат: – Ооба, кантип унутмак элек? 30-декабрда кыргызча, 15-мартта заманбап той өткөргөнбүз.
Неля: – Эсибизде, 2008-жылы 30-декабрда кыргызча, 2009-жылы 15-мартта заманбап тоюбуз болгон.

– Урмат калп айткан учурлар болду беле?
Н.: – Урмат калп айтпайт, болгонун болгондой эле айтат.
У.: – Майда-чүйдө жалгандар болушу мүмкүн. Бирок кандай шарт болбосун, калп айтпаганга аракет кылам.

– Үйлөнүү тууралуу сөз болгон мүнөттөр...
У.: – Үйлөнөрдүн алдында, 3-декабрь күнү, Нелянын туулган күнүндө болчу. Белек берип, анан үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгем. Ага болгон сезимимди айткандын жеткен чекити ошол күн болгон.
Н.: – Урмат романтик эмес дебейинби (күлүп). Жай отуруп эле сунуш киргизген.

– Үйдө ким кызганчаак?
У.: – Мен кызганчаакмын, өзүмдүкү болгондон кийин кантип кызганбайм?! Ушул кезге чейин Нелянын кызганган бир да сөзүн уга элекмин.
Н.: – Кызганууга бир себеп керек. Бизде андай кырдаал болгон жок. Урмат кайда болбосун бир калыпта жүрөт. Өзүм үй кожойкеси болсом, мени кызганбаса деле керек (күлүп).

– Урмат үйгө эң кеч дегенде канчада келген?
Н.: – Көп эле болот. Концерт болуп калса, түнкү 2-3кө чейин кармалат. Бирок сөзсүз кайда, эмне кылып жүргөнүн айтат. Кээде монтажда жүрүп таң аткыча калып кетет.
У.: – 12ден кеч калбаганга аракет кылам. Анткени 12ден кийин бир да иш болушу да, бүтүшү да мүмкүн эмес. Жоро-жолдошторум менен жүрүп кеч калсам да, «кайда, эмнеге?» деген суроо боло элек. Неля жөнү жок көчө таптап жүрбөшүмдү билет. 12ни мен чек катары көрөм.

– «Сүйүү балага өтүп кетет» дегенге кандай ойдосуздар?
У.: – Мен бул сөзгө кошулбайм. Сүйүүнүн ар кандай түрлөрү бар, мекенге, ата-энеге, балага, аял-күйөөнүн ортосундагы сүйүү. Бирок «сүйүү балага өтүп кетти» дегенди мен башка жакка кетти деп эле түшүнөм. Балага болгон сүйүү бул өзүнчө рахат.
Н.: – Балким, азыр болгон сүйүүбүздү, күчүбүздү балдарга кетирип жаткандырбыз. Бирок Урмат экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү, сый-урмат эч качан кетпейт.

– Неля бир жакка шашып үй чачылып, сиз калдыңыз дейли. Күтүлбөгөн жерден конок келип, жубайыңыз сизге чалып, «үйдү жыйнай турчу» деп суранса кантесиз?
У.: – Андай нерсе бизде боло элек. Бирок үйдүн чачылганын мен маселе катары көрбөйм. Үй чачылып, кирдедиби, демек, тирүү адамдар жашайт деген сөз.
Н.: – Менимче, макул болбосо керек. Бизде Урмат өзүнө таандык жумушту билет, мен өзүмдүкүн. Экөөбүз бири-бирибиздин жумушубузга кийлигишпейбиз.

– Урмат качан көзүнө жаш алганча кубанды эле?
Н.: – Көзүнө жаш алганын көргөн эмесмин. Тун балабыз Нурэл төрөлгөндө, балким, мага көрсөтпөй жашып алгандыр.
У.: – Нелянын ар бир ийгилиги үчүн кубанам. Бирок өтө кубанычтуу күн болсо да топумду көккө көтөрүп, эмоцияга алдырып каткырып күлгөн эмесмин. Неля көп айтат, «түнт болбой, ичиңде эмне болуп жатса айт, бөлүш, күл, каткыр» деп. Бул сапат табиятымдан болсо керек.

– Урмат, сөгүнөсүзбү?
У.: – Кичинекей кезимден бери таптакыр сөгүнбөйм. Неля деле уга элек.
Н.: – Жок, эч качан. Катуу жини келген учурда деле сөгүнгөн эмес.

– Неля, эне болуп «ата-эненин кадырын балалуу болгондо билесиң» деген сөздүн төркүнүн түшүнүп калсаңыз керек...
– Чынында, апамдын көп сөздөрүнө маани берчү эмесмин. Башыңдан өткөнчө түшүнбөйт экенсиң да, көрсө. Нурэлди төрөгөндө биринчи апамды кучактап, «мени кыйналып төрөгөн турбайсызбы, сизге рахмат» деп ыйлагам. Апам болсо, «сен эмне, асмандан түштүң беле?» деген эле. Жыл сайын тилектер башкача болуп баштайт экен. Азыр балдарымды жаткызганда Нурэлге жакшы келин алып берип, Жазэлди жакшы күйөөгө узатсам экен деп кыялдана баштадым.

– Урмат, Неля сизди аябай баласаак деди эле...
– Ашыкча баласаакмын. Жылуу болсо да баштарына топу кийгизип, бир жылчык да калтырбай жаап салам. Азыр карасак, баламдын бир да баш кийимсиз сүрөтү жок экен.

– Нурэлди ошого эрке кылып чоңойтконсуздар го...
– «7 жашка чейин балага хандай мамиле кылыш керек» деп коюшат экен. Ошондуктан азыр балдарыбыздын буйругун аткарып жатабыз. 7ге чыккандан кийин катуу тарбия башталат.

– Неля, бир жолу сизден кол тамга сураган кызды кагып койдуңуз эле. Жиниңиз чукулбу?
– Алар алыс жакта отуруп алып улам «кол тамга берип коёсузбу?» деп сураган жаш кыздар болчу. Жаныма келип сураса, мен деле жакшы сүйлөйм. Ал жорукту мен сыйлабагандык катары кабыл алгам. Ошон үчүн «керек болсо өзүң басып кел» деп айткам. Негизи эле мындай кырдаалда ар бирине теңелип, деңгээлине түшкүм келбейт. Анан тартышканды да жаман көрөм, меники туура экенин билип турсам да макул деп коём.

– Ырчыларды эң бекерчи адамдар деп тамашалап калышат, кошуласыздарбы?
У.: – Тамашаны туура кабыл алам, бирок бул сөзгө кошулбайм. Эгер биз бекерчи болсок, анда ырчылардын саны эчак эле миллионго жетмек. Ар бир эмгектин артында чоң түйшүк жатат. Шоу-бизнес – изденүү менен эмгекти талап кылган чөйрө.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Сүйүү балдарга өтүп кетиши мүмкүн эмес" дейт Урмат Усенов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Taisiya
2013-01-21 20:57:57
Дайыма эл суктанган, улгулуу уй-булолордон болуп журо бергиле.
+1
best-life
2013-01-21 23:05:55
мен да имиш уктум эле аз отпой эле коз жарган деп, тообо эй тан калып турам! Но, кантсе да экоо бактылуу, акыл-эстуу, журттун назарындагы жубайлар ийгилик, таптаттуу уулдары бар экен.
-1
N.Bakazova
2013-01-22 00:58:03
Baktyluuluktun balyn tatyp juro bergile. Ui-bulonordo yntymak bolsun.
+1
ayzatushka
2013-01-22 02:47:06
Бактылуулукту гана тилейм!
+1
Shaki
2013-01-22 05:36:52
Baktyluu jubailardy korgondo kozun kubanat emespi,alkoo, maktoo baary jarashat degendei,bul "jyldyzduu tugoilor" da oshondoi baktyluu juptardyn kataryn toluktap kelet.Maga abdan jagat,bar bolgula baldardyn baktysyna!
+1
chicagogirl
2013-01-22 10:18:15
Обожаю их. Классная пара :))
+1
AsyaAsya
2013-01-22 21:21:26
Жаман создорго конул бурбай,бактылуу омур сургуло
+1
Periwa
2013-01-22 21:22:53
ee Urmat baike mn Nelya ejeni jigitim ekoobuz ten jaktyrabyz daa,ubagynda ekoo uilono elekte men Urmay baikeni jakwy korchum a jigitim Nelya ejeni..anan ekoo uilonup alganyn ukkanda suiungonbuz ...kulup aityp jatkan jigitim "znachit biz dagy birge bolobuz "dep...En jakshy korgon uibuloo men uchun Urmat i Nelya wou bizde...
+1
mirzaiym5.7
2013-01-23 00:28:28
Nelia eje jana Urmat baike en ulguluu ui-bulo eken!!! Sizderdin artynyzdar, biz, sindilerinizder jana inilerinizder baktyluu bololu!!! Sizder bizge syiyy-bakyt bar ekenin korsotyp jatasyzdar!!!
+1
acel
2013-01-23 13:17:58
сонун!туболук бактылуууу болгула!
+2
maksimus
2013-01-24 20:35:56
Тартиптуу, жонокой шоу бизнестин уй булосу. Бактылуу болгула, сахнаны унутпасанар. Создорунон билинип турат бири-бирин сыйлаган татыктуу адамдар экени
0
jituu
2013-01-24 21:54:39
Бактылуу кундорунор омур бою улансын
0
admin_media
2013-01-25 09:30:19
freid,
Бирөөнүн дарегине карата негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга жол берилбейт!
20 күн банга!
-1
AFRODITA-89
2013-01-26 15:03:54
Аябай тушунуктуу, ынтымактуу, бактылуу уй було! Сиздердин жашоонуздарга суктангандар коптур ылайым ушундай бактылуу болуп жашай бериниздер! Аллахым сиздерден жакшылыгын аябасын! Мен да сиздердей болуп бактылуу болгум келет. Суйлогондорунуздор да орду менен акылдуулугунуздарга болсо соз жок! Чыгармачылыкты да таштабай биздин алдынкы кош жылдыздардын болунуздар! Жалал-Абад шаары Афродита. Концертиниздерди кутобуз! Урмат, Неля окуп калсаныздар магада озунордукундой бакыт тилеп коюнуздарды каалайм.
0
Roha_aium
2013-02-22 20:22:25
Ииииийй Ушу уйбуголого аябай суктанам, Бактылуу болгула!

0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан