ШОКОЛАД

Эң жагымдуу белек, керемет даам, кайталангыс жыт... Бул – албетте, шоколад. Эми анын адамдын организмине канчалык пайдалуу жана канчалык зыян алып келери тууралуу биргеликте баамдап көрөлү.

ТАРЫХЫ
Шоколаддын аталышы – ацтектердин (Мексикадагы индей эли) "чоколатль" – "ачуу суусундук" деген сөзүнөн чыккан. Мекени – Борбордук жана Түштүк Америка. Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат.
Кийинчерээк XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу доклад даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.

ТҮРЛӨРҮ
Шоколад курамына карата төмөнкүдөй бөлүнөт:
Ачуу шоколад – Какаонун өлчөмү кант пудрасына караганда көбүрөөк болот. Буга какао майы да кошулат.
Ак шоколад – Кант пудрасына какао майы гана кошулат (какао кошулбайт).
Сүттүү шоколад – Какао, кант пудрасы менен кошо кургак сүт (же коюлтулган сүт) көбүрөөк өлчөмдө кошулат.
Диабеттик шоколад – Какао, какао майы жана кант пудрасынын ордуна кантты алмаштыруучу сорбит, ксилит, маннит же изомальт кошулат.
Майда тешиктүү (пористый)шоколад – Десерттик шоколад массасынан жасалат. Суюк түрүндө атайын вакуум идиштерге салып, 40 градус ысык температурада 4 саат кармаганда көбүкчөлөрү чоңоюп, майда тешиктүү болуп калат.
Упа түрүндөгү шоколад – Кант пудрасы менен упаланган какао кошулган түрү. Айрым учурда сүт азыгы кошулат.
Негизи, какаого жер жаңгак, бадам, мейиз, имбирь жана башкаларды кошуп даамдуу, өзгөчө шоколаддарды да жасоого болот.

ТУУРА ТАНДОО

  • Чыгарылган датасына көңүл бөлүңүз! Консерванттар аз кошулган жакшы шоколад жарым жылга чейин гана өз сапатын жоготпойт. Ичинде атайын суюктугу (мисалы, коньяк) бар шоколаддарды 4 айга, ал эми ичине мөмө-жемиш салынгандарды 60 күнгө гана сактоого болот.
  • Дүкөндө коюлган жерине маани бериңиз. Шоколад башка жытты өзүнө сиңирип алуу касиетине ээ. Эгер анын жанында самын, айна же косметикалык каражаттар турса, башка дүкөндөн алганыңыз оң.
  • Курамы менен таанышып чыгыңыз. Какао же какао майы бар болсо, бул чыныгы шоколад. Анын ордунда өсүмдүк майы колдонулса, анда бул таттууну шоколад деп айтуу кыйын.
  • Шоколадды сактоонун оптималдуу температурасы 18 градус. Андыктан муздаткычта сакталган болсо, албай эле койгонуңуз оң.

ПАЙДАСЫ

  • Жүрөк, кан тамыр ооруларынын алдын алат. Инфаркт, инсульт ооруларында пайдалуу. Анткени шоколаддагы биологиялык кошулмалар аспириндин ролун аткарат. Башкача айтканда, кандын коюланып, кан тамырда уюп калбашын шарттайт.
  • «Бакыт гормону» болгон серотонинди көбөйтөт. Депрессияны айдап, маанайды жакшыртат.
  • Курамында кальций болгондуктан, тишти жана башка сөөктөрдү бекемдейт.
  • Курамындагы фосфор менен магний мээни азыктандырып, клеткаларды жаңылантат.
  • Шоколаддын курамындагы какао майы терини серпилгич кылып жашартат, андыктан сулуулук салондорунда колдонулуп, денеге жабылат. Какао майы ошондой эле денедеги кесилип, тилинип калган жерди тез айыктырат.
  • Аялдардын айызы келгендеги оорутууну басаңдатат.
  • Сексуалдуулукту күчөтөт.

ЗЫЯНЫ

  • Бетке безеткининчыгышын шарттайт.
  • Көп жегенде уйкусуздукту жаратышы мүмкүн.
  • Шоколадды көп өлчөмдө жесе семиртет. Бир күндүк норма 25 граммдан ашпаш керек.
  • Таттууга көз карандылыкты пайда кылат.
  • Айрымдарда аллергияны жаратышы ыктымал.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • 13-сентябрда эл аралык шоколад күнү белгиленет.
  • Германиянын Кёлн, Орусиянын Покров, Бельгиянын Брюгге шаарларында шоколад музейлери, Покров шаарында шоколаддын урматына тургузулган айкел бар.
  • АКШда ичинде оюнчук катылган шоколад жумурткаларды – «Киндер-сюрприздерди»сатып алууга мүмкүн эмес. Анткени ал өлкөдө «жегенге мүмкүн болбой турган нерселерди азыктын ичине салууга болбойт» деген мыйзам бар.
  • Япониялык окуучулар арасында сынак астында «Kit-Kat» шоколадын жемей ырымы бар. Себеби ал «китто кацу» (сөзсүз жеңишке жетүү) деген сөзгө уйкаш.
  • "Гиннесс рекорддор китебинде" Улуу Британияда даярдалып, салмагы 6 тоннага жакын шоколад катталган (5 792,5 килограмм).

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Шоколад инфаркттан жана инсульттан сактайт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
saya4ka
2013-01-22 17:52:15
мурда коп жей алчу эмесмин бирок, азыр ачуу шоколадды абдан жакшы кором. Ойлоп корсом, мен шоколадды эмес, кантты коп жей албайт экенмин.
0
AtankulovaB
2013-01-22 19:43:24
Ар бир нерсени зыяны бар эмеспи шокалат жегеним сайын зыяны кандай болду экен деп ойлонуп жечумун кооп жегендин зыяны кандай экен дейт элем издеп жургон суромо жооп алдым чооон рахмат!
0
N.Bakazova
2013-01-23 01:44:46
Wakalaaaat kandai sonun,
0
Alima96
2013-01-23 18:35:44
Jakshy maalymattar eken :-)
0
Nur_meerim
2013-01-23 18:36:35
Кунуно 25гр. ашпаш к.к деп турат, а мини батончик сникерс 47,5 гр. тузот экен... 25гр. деп олчошпойт да, биз лапылдатып жеп салабыз:)
0
tea23
2013-01-23 20:41:33
Nur_meerim, snikerstin syrty ele shokolad da. ichi karamel menen nugat etiyat bolup jebese kee birki toluk adamdarga ziyam go deim.
0
tea23
2013-01-23 20:39:27
azyr dietadamtn da ancha tattuu nerseletdo jebey atam :(
0
Kantemir
2013-01-23 21:31:11
Шокаладсыз жашоо жок дейт айрымдар. Нан менен суусуз жашоо жок. Жанындай коруп алат экен шоколадды. Нормасы менен жесе жакшыго кундо жебей.
+6
shirin27
2013-01-24 04:08:56
Ziyani dale kop en bashki tishke
0
jituu
2013-01-24 23:49:24
Пайдасы го жакшы экен,бирок аллергия чыгарган учун коп жегенден корком
0
Aijoli
2013-01-26 09:32:46
Мен Да шоколад Жок жашай албайм
0
Aidana91
2013-01-27 10:12:27
Азыр шоколаддардын начарлары да бар
0
aika_sv
2013-01-28 01:42:10
ммм обожаю шоколад
0
kg_07
2013-02-03 03:04:24
a men keede ele jebesem nezavisimaya ot wokolada!
0
Roha_aium
2013-02-22 20:32:52
Пайдалуу жагы коп экен, бирок эл арасын да айтып койушатго "шоколад семиртет" деп
0
sadagam92
2013-03-28 19:06:08
men alpen cold jana kit-katty aiabai jakshy korom 2 kundo bir je kununo birdi jebesem tura albaim znachit' paidaluu ele eken...)))
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан