«КӨЛ БЕРМЕТИНЕ» ЭРКЕК БАЛДАР ЧЫДАБАЙТ»

Бүгүнкү күндө шоу-бизнес дүйнөсүн бийчилерсиз элестетүү кыйын. Көл жергесинде популярдуулукка жетип, өлкөбүздө гана эмес, чет мамлекеттерде болгон таймаштарда баш байгеге арзып келген топтордун бири – «Көл бермети» бийчилер тобу. Кыздардан куралган бул топтун көркөм жетекчиси Света Абдыкадырова менен маек курдук.

– Света, маегибизди топтун кантип түзүлүп калганы тууралуу баштасак...
– Кичинекей кезимден эле бийге жакынмын. Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайынан актрисалык билим алгам. Ошол кезде эле актриса эмес, бийчи болорумду сезгенминби, айтор, хореографтардын кечки мектебинен дагы окуган элем. Окууну аяктагандан кийин Ысык-Көлгө бөлүнүп, Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайында сабак бере баштадым.
Ал эми 2003-жылы 7 кыздан турган бий тобун түзгөм. Жергебиздин сыймыгы болсун деп топко «Көл бермети» деген атты ыроолодук. Алгачкы эмгегибизди элге көрсөтүү үчүн 2004-жылы Ысык-Көл облустук «Ысык-Көл жылдыздары» деген сынакка кыргыз бийин бийлеп катышып, 3-орунга ээ болдук. 2005-жылы «Айкөл жазы» деген эл аралык фестивалга барып, ал жактан 1-орунду багындырдык. Азыр кыздардын саны 250гө жетти.

– Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да ат салышып жүргөнүңүздөрдү угуп калабыз. Ал жактан жеңишке жетише алдыңыздарбы?
– 2008-жылы Беларуста өткөн «Золотая пчёлка» деп аталган сынакта 3-орунду, 2010-жылы Түркияда өткөн эл аралык фестивалда 1-орунду, ошол эле жылы Казакстандан «Каркаралы даусы-2010» фестивалында 1-орунду багындырганбыз.

– Эми бий өнөрү тууралуу сөзүбүздү улантсак. Канча жаштан баштап бий тобуна кошулууга болот? Аларды кантип тандайсыздар?
– 4 жаштан жогорку бийге кызыккан кыздар үчүн эшигибиз ачык. Эң кенже топтогу кыздар 4-5 жашта. Эң улуулары студент кыздар. Бийге катышканына үч ай болгон кыздардан тест алам. Мисалы, кольцо, шпагат, бутун станокко чоюп жана башка ушул сыяктуу көнүгүүлөрдөн тест тапшырышат. 4 жаштагылардын буту-колун чоюп, денелерин түздөйбүз.

– Билишимче, топто жалаң кыздар. Бийге кызыккан эркек балдар болсо кошуп аласыздарбы?
– Өткөн жылы эркек балдарды кабыл алып, бий үйрөтүүгө аракет кылып көрдүк. Айрым учурда кыз-бала болуп, түгөйү менен бийлешсе деген элек. Бирок эркек балдар кыздарга караганда бир аз жалкоо келишет экен. Бутун станокко чойгондо эле эртеси күнү ал бала жок. Мындан соң балдар менен иштөө татаал экенине ынандым.

– 250 окуучуга тең бийлерди өзүңүз үйрөтөсүзбү? Кантип жетишесиз?
– Көбүнчө өзүм сабак берем. Менден тышкары эки мугалим кыз бар. Бийлердин жарымын мен, жарымын алар үйрөтүшөт.

– Сахнага чыккан кыздардын сырткы келбетине талап коёсузбу?
– Бийчилердин баарынын тең чачтары узун, келбеттери, жылдыздуу жүздөрү да окшошуп кетет. Андыктан кыздардын сырткы келбетине, тулку боюна катуу талап коёт окшойм деп ойлоп калам.

– Учурда бийдин канча түрүн бийлейсиздер?
– Бийдин дээрлик бардык түрүн бийлейбиз. Элдик, гимнастикалык, чыгыш бийлерин жана башка бий түрлөрүн сахнага алып чыга алабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bayas_Tural
2013-01-27 01:17:41
Света еже ишиңиздерге ийгилик . дайум ден соолукта болуңуз жана кыздарыңыздын өнөрлөрү өркүндөй бөрсин
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан