Ысык-Көл облусунун борборунда 3000 орундуу мечит курулат. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинин депутаты Максат Касенов билдирди. Анын айтуусунда, мечит жаз алды менен курулуп, ушул жылдын аягына чейин ишке кирет. Мечит үчүн Токтогул жана Жакыпов көчөлөрүнүн кесилишинен жер бөлүндү. Белгилей кетсек, мечитке сарпталчу 450 миң доллар каражатты Кувейт өлкөсү бөлүп берет.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg