ЧЭЭНДЕГИ ЖАНЫБАРЛАР

Жаныбарлар кышында чээнде кандай жашоо өткөрүшөт? Келгиле, баарыбыз чогуу чээнде жашаган жандыктардын айрымдарыныкына «конокко» барып келебиз.

Кирпи денесине башын катып, кургак жалбырактар, чөптөр менен оронуп алып былк этпестен 6 ай бою уктайт экен.

Аюулар чээнге кирерде калориялуу азыктардан жеп, денесине ашыкча май топтошот. Дал ушул майы менен кышкы сууктан сактанышат жана азыктанышат. Кызыгы, алар укташпай, үргүлөп гана жатышат экен. Анан да эне аюулар чээнден төлдөп чыгышат.

Суурлар чээнде үй-бүлөсү менен чогуу кышташат. Бир ийинде 10дон ашыгы жашайт. Алар ийинди кургак чөптөр менен төшөп, бир уктаган боюнча жаз келгенче ойгонушпайт. Ошондуктан алар кышкыга деп эч кандай азык камдашпайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан