«УУЛУМДУН ӨЛҮМҮНӨ СЕБЕПЧИЛЕР БОШТОНДУКТА»

Аймактык кеңсебизге ар түркүн адамдар келишет. Алардын бири уулун жоготкон Мамат мырза болду. Анын айтымында, уулунун өлүмүнө жетекчилери күнөөлүү.

«ТЕРРОРЧУЛАР АТЫП САЛЫШТЫ ДЕШТИ»
– Мен уулумдан, көкүрөк күчү­гүмдөн айрылып, кан жутуп калдым. 2011-жылы уулум Пиридин Ысмановду жана жанында жүргөн эки милиция кызматкерин атып кетишкен. Баламды дайыма чынчылдыкка үндөгөм ал мен ойлогондой адам болуп чыкты. Жакшы кызмат өтөгөнү үчүн кызматынан көтөрүлүп келе жаткан.
Бишкек шаарындагы Октябрь районунун аймактык инспектору болуп иштеп жүргөн учурунда, 2011-жылдын 3-январында Пиридин өзүнүн эки кесиптеши менен Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан 16 кабаттуу үйдүн 14-кабатынан курал-жарактын 120 даана огун табышкан. Окторду мамлекетке тапшырып берип коюп, кийинки күнү уулум ошол эле кесиптештери жана Асан Чалбаев аттуу милиция кызматкери менен ок табылган жерге барышкан экен. Асан Чалбаев деген милиция кызматкери сыртта калып, менин балам менен анын эки кесиптеши үйгө кирип бара жатканда ок жаңылыптыр. Алар 14-кабатка чыкканда ал жерде террорчулар болуп, куралсыз милиция кызматкерлерин атып салышкан деп түшүндүрүшкөн.
Менде суроо туулат, эмне үчүн ал жерде коркунучтуу кылмышкерлер бар экенин билип туруп оперлер тобун кошуп же колдоруна курал да беришкен эмес. 2011-жылы ИИМдин «аймактык инспекторлорду курал менен камсыз кылгыла» деген буйругу чыккан. Буйрукту билип туруп шалаакылык жасагандыктын айынан үч адамдын жаны мерт болуп отурат. Ал эми аткан террорчулар үч адам болуп, экөө качып кеткен, дагы бирөө УМККнын СИЗОсунда отурат.

«БАЛАМ ҮЧҮН АКЫЙКАТ ЧЕЧИМДИ ТАЛАП КЫЛАМ»
«Милиция кызматкерлеринин өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар» деп Осмонкул Исаев жана Калысбек Балтабаев Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталып, сотко кароо үчүн жөнөтүлгөн. Тергөө амалда­ры жүргөн мезгилде биз баламды кө­мүп жүрүп билген жокпуз. Жабырлануучу катары мен кызыма ишеним кат бердим. Менин карылыгыма, ден соолугума байланыштуу кызым Алия Исманова экөөбүз сотко жактоочусуз келдик. Тергөө амалдары менен таанышкан эмеспиз. Ошонун негизинде Жогорку Соттун чечими менен иш кайрадан кароого жөнөтүлгөн. Кийин келиним «бул адамдарга доом жок» деп жазып берип коюп, айыпталып жаткан экөө тең боштондукка чыгарылган.
Кылмыш иши каралып жаткан мезгилде судья Шагивалиев биздин сотко катышуубузду каалабады. Ошол мезгилде мен өзүмдү жабырлануучу деп таап берүүнү өтүнгөм. А.К.Шагивалиев мени «уулуңуздун аялы, балдары бар экен» деп өтүнүчүмдү четке какты. Судьянын ою боюнча, баласын жоготкон атадан да анын аялы менен балдары жогору экен. Мындай жагдайда негизги жабырлануучу ата-эне го деп эсептеймин.
Соттордон суранарым, мыйзам чегинде акыйкат карап, ким ак, ким кара экенин айгинелеп чечмелеп берүүңүздөрдү чоң үмүт, ишеним менен күтөм. Буга чейин Жогорку Сотко чейин бардык, эч кандай майнап чыккан жок. Эми жаңы жагдайлар менен мен жана бир туугандарым Алия Исманова, Нүрүдүн Исманов болуп кайрадан сотко кайрылабыз. Бул жолу сот кылмышкерлерге жаза берет деген ишеничтебиз.

Макала даярдалып жатканда экинчи тарапка байланышуу мүмкүн болгон жок. Алардын да жообу болсо, чагылдырып берүүгө даярбыз.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aikoldar
2013-01-21 22:58:40
Тушунбодум, булар кимди куноолуу деп атышат. Куноолуулор эркиндикте эмес эле камакта эмес беле. Ал эми милиция жетекчилигинде эмне куноо болмок эле? Куноосу болсо да кечирим сурап, анын уйбулосуно 2 квартира, коптогон акча, дагы миллиондогон жардамдарды беришпедиби.
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан