ЖАРЫШКА ТҮШКӨН АЗАМАТТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Шайлоо жакындаган сайын талапкерлердин саны азайып, 11ге түштү. Айрымдары өз каалоосу менен баш тартса, айрымдары Шайлоо Кодексинин талаптарын аткарбагандыгы үчүн, айрымдары мамлекеттик тил боюнча сынактан өтпөй, БШК тарабынан тизмеден чыгарылды. Көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып турган талапкерлерге шайлоого байланышкан, байланышпаган да суроолорду узаткан элек. Башка талапкерлерден айырмаланып, учурдагы президент К.Бакиевдин саат эмес, мүнөттөрү саналуу. Андыктан бул талапкердин жоопторун гезитибиздин келерки сандарынан окуйсуздар. Ал эми биринчилерден болуп жооп бергендер төмөнкүлөр болушту.

Темир Сариев

– И.Исаков президенттик шайлоодон баш тарткандан кийин, айрым санаалаштарыңыз сизди да баш тартат деп айтышууда. Бул мүмкүнбү?

– “Ак шумкар” партиясынын курултайында мени президенттикке талапкерликке көрсөтүштү. Мен өзүм чыгып, жеке кызыкчылыгым үчүн талапкер болгон жокмун. Ошол курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегациялар катышты. Алар “эл колдоп жатат. Сиз партиянын атынан шайлоого барыңыз” деп менин талапкерлигимди сунушташты. Ошондуктан баш тартпайм, акырына чейин жарышка катышам. Бул партиянын чечими, бул чечим туруктуу болот.

– Т.Сариев “БЭКтин уставын бузуп, талапкер болду. Добуштарды бөлүү максатында учурдагы бийлик менен сүйлөшүп алды” дегендерге жообуңуз кандай?

– Партиянын өзүнүн көз карашы бар. Мен эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Сүйлөштү деп айтып жаткандарга болсо, бул алардын алсыздыгы деп билдирем. Мурунку санаалаштарымбы же башка күчтөрбү, айтор, учурда ар кандай ушактарды таратып жүрүшөт. Мен муну алардын уятына койдум. Партиянын курултайдагы билдирүүсү туруктуу. Партиянын саясаты учурдун талабына жооп берет. Ошондуктан “Ак шумкар” партиясы жарыштын аягына чейин бекем туруп, элден колдоо табат деп ишенем.


Алмазбек Атамбаев

– БЭК жеңишке жетишсе, АКШнын аба базасы боюнча бир пикирге келе аласыңарбы?

– АКШнын аба базасы боюнча учурда укуктук процесс ишке кирди. 18-августта бул аба база өлкөдөн чыгып кетиши керек. Жаңы шайлана турган президенттин инаугурациясы жана президенттик кызматка киришүүсү бул датадан кийинки убакытка туш келет. Ошондуктан аба базаны чыгаруу же чыгарбоо чечими учурдагы өлкө башчысы К. Бакиевдин эркинде деп эсептейм.

– Президенттик шайлоодо Кыргызстандын бардык аймактарынан колдоо табарыңызга ишенесизби?

– Колдоо табам, эл бизди колдоп жатат. Учурда БЭКти колдоп, 500 миңге жакын адам кол коюп берди. Биз бир талапкер менен чыктык эле, бирок Т.Сариев өзүнчө кетти. Аны Кудайга койдум. Кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт. Бийлик тарабынан ар кандай коркутуулар болуп жатса да, мамлекеттик кызматтардан кетирип жатса да, эл бизди колдоп жатат. Кыргызстандын бардык аймагынан колдоо табарыбызга ишенебиз.


Нурлан Мотуев

– Тил сынагы учурунда “коррупциячыларды 50 жылга камаш керек” дедиңиз муну кантип жасайсыз? Ишке ашаарына көзүңүз жетеби?

– Учурда Кыргызстанда коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик да, коомдук да атайын уюмдар бар. Бирок алар реалдуу күрөшпөй жатышат. Эгер мен президент болсом, мыйзамдарды өзгөртүп, паракорлорду 30-40 жылга чейин камап, уурдаган байлыгын мамлекеттин казынасына өткөртүп бермекмин. Укуктук-нормативдик актыларды иштеп чыгып, пара алган адамды, мамлекетке чыккынчылык кылган берене менен бирдей кылмакмын. Бийлик коррупцияны ооздуктап жатабыз дейт. Андай болгон жок, азыр мектептерде аттестат алыш үчүн пара сурап жатышат. ЖОЖдордо экзамендерде жалаң акча менен иш кылып калышкан. Бир кызматка барып иштейм десең, сөзсүз түрдө пара беришиң керек. Өлкөдө ушундай иштер болуп жатса, Кыргызстан кантип өнүксүн?

– Өлкөдө радикалдуу диний күч­төр­дүн таасири күчөп баратат деп тынчсызданбайсызбы?

– Мен антип кооптонбойм. Анткени биз Ооганстан, Пакистан же Өзбекстан эмеспиз. Бул өлкөлөрдө радикалдуу диний күчтөр колуна курал алып, бийликке баш көтөрүп жатышат. Бизде андай жок. Бирок оппозиция айткандай, парламенттик республика боло турган болсок, 90 бай-манап өзүнүн уруусун, айылын, районун бөлүп алып, борбордук бийликке баш ийбесе, ошондо гана мамлекеттин коопсуздугуна доо кетет. Анан бара-бара Ооганстанга айланабыз. Ал эми динден эч кандай коркунуч жок деп ойлойм.


Жеңишбек Назаралиев

– Апийим өстүрүп, Кыргызстан­ды кризистен алып чыгууну сунуш­тадыңыз. Мындай шартта өлкөдө баңгилик күчөйт деп кооптонбойсузбу?

– Кооптонууга негиз жок. Биз апийимди фармакологиялык негизде өстүрүп, мамлекетке түшө турган киреше жагын ойлонушубуз керек. Жаштарыбызга жакшы билим берип, аларды апийимден алыс тутуп, экономиканы көтөрө алабыз. Мисалга алсак, Индия мамлекетине фермерлери жыл сайын 750 миң тонна апийим өндүрүп берет. Кыргызстанда апийим өстүрүүгө толук шарт бар. Эмне үчүн биз муну пайдаланбашыбыз керек? Аны медициналык максатта өстүрсөк, өлкөнүн экономикасына жыл сайын 20-30 миллиард доллар киреше алып келет. Кыргызстандын бул тармакта практикасы бар, 1940-1945-жылдардагы Дүйнөлүк согуш учурунда кыргыз апийими миллиондогон өмүрдү сактап калган.
Ошол эле учурда 6-8 чоң жана 30-40 чакан ГЭСтерди куруп,
өлкөнүн экономикасын көтөрсө болот.

– Президенттик шайлоодо өзү­ңүзгө атаандаш катары кимди айта аласыз?

– Менин эң негизги атаандашым катары учурдагы өлкө башчысы К.Бакиевди айта алам. Анткени анын колунда күчтүү админстративдик ресурс турат. Элден ким колдоо табарын күтө туралы. СДПК фракциясынан Бакыт Бешимов менен тандем курмакмын, бирок тилекке каршы, ал президенттикке талапкерлигин койгон жок. Учурда президенттикке татыктуу деп эч кимди айталбайм.


Акбаралы Айтикеев

– Кесибиңиз өндүрүшчү. Кыргызстанды өндүрүш менен көтөрсө болобу, болсо кантип?

– Мен шайлоо программамды жа­кын­кы күндөрдө элге жарыялайм. 2005-жылдагы шайлоодо да “өндүрүштү көтөрүп, элди багам” деп сөз бергенимде, эл мени колдоп, ардактуу орунду алып берди. Ошол ураанымды кайра кайталайм. Элди бакканга күчүм жетет. Өлкөнүн кен-байлыктарын, жер-суусун токтоосуз ыйык коргоого алам. Мени колдоого алган элдин талабын аткара алам деп ишенем.

– Жеңишке жетишсеңиз, алгачкы кадамыңыз эмне болот?

– Элге дем берип, жаңы саясый багыт ачуу керек. Төрөгөн ар бир энеге мамлекеттин эсебинен 25 миң сом сүйүнчү бөлдүрүү боюнча токтом чыгаруу керек. Жаштарды мамлекеттик кызматка тартып, иш орундары менен камсыз кылуу зарыл. Свет жайы-кышын өчпөй, суу сатылбай, кыргыз элине электр энергиясы арзан баада берилиши зарыл. Булар менин алгачкы кадамдарым болмокчу.


Токтайым Үмөталиева

– Айрым саясатчылар бей­өкмөт уюмдарды “Батыштын тыңчылары” деп айтышат. Буга кандай карайсыз?

– Ошентип айтып жаткандар өздөрү тыңчы. Алар бейөкмөт уюмдардын эмне экенин билишпейт. Бул уюмдар мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатат. Мисалга алсак, экономикалык, социалдык, гендердик багытта изилдөө жана окутуу иштерин жүргүзүп, мамлекетке жардам берип жатат. Ошол эле учурда, мамлекетке канчалаган программаларды алып келип, иш орундарын камсыз кылууда. Учурда өлкөдө иш алып барган АРИС программасы да БӨУнун демилгеси менен түзүлүп, иштеп жатат. Өлкөдө 8 миң БӨУ болсо, алардын ар биринде жок дегенде 3төн кыргыз жараны иштеп, айлык алып, үйбүлөсүн багып жатат. Жогоркудай пикирди айткандар дагы бир жолу ойлонуп көрүшсүн.

– Кыргызстанды аял киши башкара турган убакыт келди деп айта аласызбы?

– Айта алам, себеби акыркы убакта дүйнөдө аялдар бийликке келип, чыр-чатагы жок эле мамлекеттерди башкарып келе жатышат. Аялдар канткен күндө да энебиз да. Ошондуктан уул-кыздарыбыздын келечегин ойлоп, согушсуз, тынч жашоо түзүп бергенге аракет кылабыз. Өзүбүздүн тарыхты эле алсак, эң оор учурда эл бөлүнүп-жарылып баратканда, Курманжан Датка энебиз элди бириктирип, мамлекетти сактап калган. Эркектерге караганда, аялдар мээримдүү, күйүмдүү деп ойлойм.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-15 06:13:34
жаман
0
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан