Жалал-Абад – өлкөбүздөгү өнүгүүсү тездеп келе жаткан көрүнүктүү шаарлардын бири. Анда өзүнө тиешелүү көйгөйү жана маселелери бар. Биз бул санда ошол маселелердин бирине токтололу дедик.
Шаардын тургуну катары көп нерсени өз көзүм менен көрүп келем. Жалал-Абаддагы чоң базарлардын бири болгон «Шабдалы базардын» айланасындагы тыгынга учураган унаалар көзгө урунат. Аталган базардын чыга бериш жери дал борбордук базарга такалат. Күнүмдүк тиричилиги менен алек болгон сатуучу, алуучу да ушул жолдон өтөт. Байкалган нерсе, эч ким жол кыймылы коопсуздугунун эрежелерин сактабайт. Базардан чыккан адамдар жүрүп бараткан машинаны карабай чуркап өтө беришет. Тескерисинче, унаалар аз ылдамдык менен келип, адамдарды өткөрүп жиберип, анан жолун улашат. «Бул базардын жанынан же жер асты менен өтүүчү атайын жол куруу, же өйдө тараптан өтүүчү көпүрө салынуусу керек» деген кептерди шаар тургундарынан нечен ирет укканбыз.
Базардын айланасында соода кылган сатуучулардан көргөн-билгенин айтып берүүсүн сурандым. Алардын айтымында, бул жерде көп жол кырсыгы катталат. «Кээде жолдон өтүп бара жаткан адамдарды унаалар сүзүп кетет. Кээде унаа менен унаа кагышып кеткен учурлар болот» дешти алар. Бул көйгөйдүн тегерегинде кандай пландар жана максаттар бар экенин билүү үчүн шаардык мэрияга баш бактык.
Мэриянын курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун башчысы МИРГҮЛ ЭГЕМОВА БИЗДИН суроолорго төмөндөгүчө жооп берди:
– Борбордук көчөлөрдү кеңейтүү пландарыбызда бар. Анын ичинде сиз айткан көчө да бар. Бул боюнча кеңештин токтому чыккан, бардык чыгымдар эсептелген. Эми бизде даяр долбоор бар, бирок каражаттын тартыштыгынан улам бул пландар четке жылууда. Быйылкы же келерки жылга планга киргизип алсак, буюрса, көчөлөрдү этап менен кеңейтүүгө киришмекпиз. Андан тышкары унаалардын саны кескин түрдө көбөйгөндүктөн, жолдор тар болуп, тыгын көп болууда.
Сиз айткандай, Ленин көчөсүндө дээрлик 4 базар бар: «Мадумар-Ата», «Айгүл» соода борбору, «Береке» жана «Шабдалы базар». Булардын баары Ленин көчөсүндө жайгашкандыктан, бул чөлкөмдө эл өтө көп жүрөт. Биз жол кыймылы коопсуздугунун кызматкерлери менен кандайдыр чараларды көрсөк болот, бирок жөө жүргүнчүлөрдүн тобун, багытын өзгөртүү кыйынга турчу маселе. Ошол себептен жер асты же үстү менен өтүүчү жолдордун долбоорун түзүп чыкканбыз. Бул биздин келечек пландарыбызда бекитилген нерсе.
– Жер асты менен өтүүчү жолду куруу жеңилби же бийик көпүрөлөрдү куруубу?
– Жер астындагы өтмөк курууга 60 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталуусу каралган. Андан тышкары дагы бир ыңгайсыздык бар. Андыктан биз адамдар өтүүчү көпүрө куруп койсок деген максаттабыз. Ошондо да бардык шартты камтыган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да өтө алчу атайын ыңгайлуулуктары менен 6 метрлик кенендикте жасоону пландаганбыз.
– Шаар тургундары «базардын бардыгы шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан, тыгынга көп учуроодобуз» дешет. Базарды башка жерге көчүрүү багытындагы маселе каралганбы?
– Базарды шаардын борборунан көчүрүү тыгын жана калктын коопсуздугуна коркунучту азайтышы мүмкүн, бирок ал бардык ыңгайсыздыктарды жоёт дегендик эмес. Шаардын келечек пландарында, буюрса, ар бир имаратты унаа коюучу жайы менен кошо куруу пландалып жана кандай гана курулуш, мейли, кафе болобу же ресторан болобу, атайын талапка киргизилүүсүн койгонбуз. Буюрса, бул пландарыбыз ишке ашат деген ойдобуз.