14-январда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл округунун Жети-Үй участкасынын элинин коюн кайтарып жүргөн Капар Молдалиев аттуу жаранды Өзбекстан тараптан 3 адам келип уруп-сабап, 79 баш коюн Өзбекстанга айдап өтүп кетишкен.
1-Май айыл округунун жергиликтүү кеңешинин төрагасы Муктар Шербаев маалымдагандай, ошол учурда коюн кайтарткан 30-40 адам чогулуп, калып калган койлорун айдап кетишкен. Ала-Бука районундагы 20-30-чек ара аскер бөлүгүнүн ыкчам иштер боюнча иш алпаруу бөлүм башчысынын орун басары Алишер Жакишев, 1-Май тосотунун башчысы Ислам Будайчиев, 1-Май айыл округунун башчысы Сабыр Ташбаев жана айылдык кеңешинин төрагасы Муктар Шербаев окуя болгон жерге келип, териштирип, иликтеп жатышат.
М.Шербаевдин айтымында, сабалган К.Молдалиев жакынкы ооруканага жөнөтүлүп, алгачкы жардам көрсөтүлдү. Аталган өкүлдөр Өзбекстан чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада кыргызстандык чабанды урган 3 адам кармалды. Учурда 79 баш кой кайтарылып алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg