Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 15-январында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл округундагы Көк-Таш көчөсүндө жайгашкан №222-үй өрттөнүп кеткен. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» демекчи, тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн жыгач чатыры жана ичиндеги төшөнчүлөр күйүп кеткен. Тилсиз жоодон жабыркаган Жахангир Юлдашев аттуу жаран да өрттөн каза тапкан. Кырсык өрт коопсуздугунун эрежесин сактабастыктан улам келип чыккан.