НАРЫНДАГЫ ООРУКАНА УРАП КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА

Элдин ден соолугу чың болсо, коомдун да көйгөйү азыраак болот эмеспи. А бирок оорулууну дарылоочу жайлар мышык ыйлачудай абалда экени кейитет.

Нарын жергеси тоолуу аймак болгондуктан, калктын басымдуу бөлүгү жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыр тартып келишет. Буга кошул-ташыл болуп калктын тамактануусу эт, сүт жана буудайдын күчтүү сортторунан туруп, адамдардын көбү жогорку кан басымда жүрүшөт. Нарын облустук бириккен ооруканасындагы бейтаптар эң көп кайрылган кардиология жана неврология бөлүмдөрү. Учурда бул эки бөлүмдүн шартын, абалын билмекке аталган ооруканаларды кыдырдык.
Кардиология бөлүмү профессор Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин атын алып, имараты неврологияга салыштырмалуу жаңыраак жана заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Бөлүмдүн имараты 1970-жылдары курулган. Ал эми неврология бөлүмү боюнча алып карасак, көйгөйдүн баары ушул жерде. Бейтаптарды дарылоодо кадр жана имарат маселеси 10 жылдан ашык убакыттан бери кыйнап келүүдө. Неврология бөлүмүнүн имараты оор абалда. Учурда дарыгерлер бейтаптардын ден соолугуна кам көрүп жатышканы менен, өздөрүнүн коопсуздугуна көз жумуп коюп эле иштешүүдө. Бир аз жер силкинүү болсо, араң турган имарат кулап калбайт деп ким кепилдик бере алат? Анын ичиндеги бейтаптар жана дарыгерлер эмне болмокчу? Эскилиги жеткен бул жыгач имарат 1960-жылдары курулган экен.
Азыркы учурда кан тамыр оорулары менен жабыркаган адамдардын саны көбөйүп, 1 айлап кезекке турушат. Ал эми «Тез жардам» менен катуу абалда келген адамдар үчүн төрт кишилик бөлмөлөрдү алты кишилик кылып, кошумча керебеттерди коюп кабыл алышат. Бул көрсөткүч оорулуулардын санынын өтө көп экендигин билдирет.

Ооруканада жаткан бейтаптардын бири ДАРИКА АБДЫКАДЫРОВа аттуу айымды сөзгө тарттык.
– Авариялык абалдагы ооруканада дарылануу сизге коркунуч туудурбайбы?
– Оору кыйнап, дарыгерлердин жар­дамына муктаж болгондо айла жоктон кооптуу болсо деле келип дарыланам. Нарындагы жалгыз неврологиялык бөлүм ушул. Башка жакка барууга шарт туура келбейт. Жергиликтүү ооруканада дарыланган акча каражаты борбордон оорунун анализин тапшырганга да жетпейт, акча көп керектелет.
Имараты мындай болгону менен, дарыгерлердин мамилеси, билими жана жылуулугу, суусу, тамак-ашы жана башка тейлөөлөргө эч кандай доо жок. Бир гана жаңы имарат болсо, орундар көбөйсө, кезекке тургандардын саны азайып, бир кыйла жеңилдиктер болот эле. Өзүм мезгил-мезгили менен келип дарыланып турам. Бул жерге баспай келип, бутунан туруп кеткен бейтаптар болот.


Биз кеп кылып жаткан көй­гөй­лүү маселеге качан чекит коюларын, качан жаңы имарат салынарын билүү максатында Нарын облустук ооруканасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, хирург МУРАТБЕК АТБАЕВге кайрылдык.
– Агай, шартыңыздар оор экен. Кандай чара колдонгон жатасыздар?
– Неврология бөлүмүнүн имарат маселеси бизди 10 жылдан ашык убакыттан бери түйшөлтүп келет. Эми айтып эле келе жатабыз. 2012-жылдын аягында биздин үнүбүз жогору жакка жетип, мамлекеттик казынадан 10 миллион сом каралган. Алгач 3 миллион сом бөлүнүп берилип, имараттын пайдубалын тургузуу үчүн чуңкурун каздырып койдук. Декабрь айында 1,5 миллион сом бөлүнүп, алгачкы иштерин баштадык. Кыш мезгили келип калгандыктан, курулуш иштери токтоп турат. Эгерде убагынан кечиктирилбей, акча толугу менен которула турган болсо, куруучулар 2013-жылы бүтүрүп, жылдын аягына жетпей ишке берип калабыз деп ишендиришүүдө.

– Ал эми бейтаптардын мынчалык көптүгү оор маселе жаратпайбы?
– Ушундай имаратта дарыланып жаткан бейтаптардын абалы кейиштүү. Дегеним, бир палатада оор абалда жаткан бейтап, анын жанында жөн эле бели ооруп жаткан бейтап, инсульт алганы деле дарыланып жатышат. Каза болуп калгандары да кездешет. Бул көрүнүш жеңил оору катары келген бейтапка психикалык тескери таасир бериши мүмкүн.

– Имараттын курулуп бүтүшүн гана күтүп жаткан экенсиздер да...
– Буюрса, келечекте курула турган жаңы имаратка жаңы кадрларды алып, 3 багытта иштейли деп турабыз. Биринчи багыт ангиологиялык инсульт менен жабыркагандарды дарылайт. Экинчиси – жалпы неврология, үчүнчүсү – реабилитациялык багыт. Республикада мындай жаңы ыкма биринчи жолу биздин Нарында жүргүзүлгөнү жатат. Жүрөк жана кан тамыр ооруларын дарылоо бөлүмдөрүндө медайымдар өз жумуштарына жетише албай калып жатышат. Андыктан медайымдардын алдына жардамчы медайым деген жумуш ордун ачуу алдында турабыз. Эгерде биздин ооруканаларда бул ыкма жакшы натыйжа бере турган болсо, анда бүткүл республикага жайылтуу аракетин көрөбүз. Натыйжада тейлөө сапаттуу болуп, адистер да кошумча жумуш орундары менен камсыз болушат. Негизи эле калкыбыздын ден соолугунун чың болушуна салымыбызды кошсок деп турабыз.

– Сизге да ден соолук, иштериңизге ийгилик каалайбыз.

Окурман, 2013-жылдын ичинде жаңы салынган имаратты жаркыраган сүрөтү менен камтып, жакшы жаңылык катары биздин гезит бети аркылуу бөлүшүп каларбыз деген изги тилек менен кайттык.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
altinim
2013-01-22 16:00:43
биздикилерди тепсе тегеренбес дечу беле урап, бири экоосу оор жаракат алып, ушундай бир ситуация болуп кеткенде гана ошондо дагын былтыйышып сееекин козголушатле Кудай Сактасын!
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан