Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдиргендей, 2013-жылдын 12-январь түнү саат 00:30 чамасында Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 125-чакырымынан Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургундары Эмилбек Райымбековду жана Марат Сураповду белгисиз автоунаа койдуруп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада оор жаракат алган эки атуул Талас облустук биргелешкен ооруканага келип түшкөн. Жандандыруу бөлүмүндө денесиндеги оор жаракаттардан улам 24 жаштагы Марат Сурапов каза болгон. Бул жол кырсыгы боюнча Талас РИИБнин өздүк курамынын ыкчам иш алып баруусунун негизинде Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын тургуну Кадырбек Апышев кармалып, өзүнө таандык болгон Ауди-80 үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүп кеткендиги аныкталган. Учурда бул иш тергелүүдө.
Нургүл Чабдарова
talas@super.kg