Чет жерде жүрүп каза тапкан адамдын сөөгүн мекенине алып келүү түйшүктүү иштердин бири. Жакыны каза болгон жарандар мындай учурда кайда барып, кимден кеңеш, жардам сурашты билбей баш катырышат. Андыктан бул жаатта маалымат берүүнү туура көрдүк.
СӨӨКТҮ ЖЕТКИРҮҮДӨ КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ?
СӨӨКТҮ ЖЕТКИРҮҮДӨГҮ НЕГИЗГИ ЧЫГЫМДАР
Сөөктү жеткирүү жаатында кененирээк маалымат алмакка чет өлкөдөн жарандарыбыздын сөөгүн алып келүүгө көмөк көрсөтүп келе жаткан «Замандаш» ассоциациясына кайрылдык. Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын ассоциациясынын аткаруучу директору МАЙРАМБЕК ЖАПАНОВ төмөнкүдөй маалыматтарды берди:
– Мисал катары Москва шаарынан Бишкекке сөөктү ташып келүүдөгү чыгымдарды алалы:
Буга чейин Кыргызстанга сөөктү жеткирүү үчүн учакка билет сатып алуу керек болчу. Анын баасы жүктүн салмагына жараша төлөнүп келген. Бир сөөк салынган табыттын салмагы 200 килограммды түзөт. Мындай көлөмдөгү жүктү Москвадан Бишкекке жеткирүү үчүн мурда 45 миң сомдун тегерегиндеги каражат талап кылынчу. 2012-жылдын 10-декабрынан тарта «Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары каттаган бардык өлкөдөгү сөөктөрдү Кыргызстанга жеткирүү акысыз ишке ашырыла баштады. Муну менен сөөктү жеткирүүгө кеткен чыгым бир кыйла азайды. Чыгым жалпысынан алганда орто эсеп менен 56000 сомду түзөт. Бул бир гана Москва шаарынын аймагы боюнча эсептелди.
Ал эми Орусиянын алыскы аймактарында каза болгондорду алып келүүдө кыйынчылыктар көп. Мисалы, Японияга чектеш аймактардан алып келүү кыйынчылыкты жаратат. Себеби жол алыс жана даректи табууга эле көп убакыт кетет. Мына ушул аптада эле Красноярск крайына караштуу Дудинка шаарынын ооруканасында жатып каза болгон жарандын сөөгүн чыгарбай жатышат. Себеби ооруканадан сөөктү чыгарып кетүү соттук-медициналык эксперт тарабынан каралып, анан чыгарылат. Ал эми аталган шаарда андай экспертиза жоктугуна байланыштуу Новосибирск же Краснодардын өзүнөн эксперт алып барууга туура келүүдө. Мына ушундай кыйын учурлар да кездешет. Ушул жерден чет жактагы мекендештерибиздин биримдигин айта кетүү керек. Жамандык, жакшылыкта кайсы жерде болсо кыргызчылык кылып ошол аймактагы жарандарыбыз аянбастан жапа тырмак каражат чогулта калышат. Колунан келген жардамын көрсөтүшөт.
КОҢШУ ӨЛКӨЛӨР СӨӨКТҮ МАМЛЕКЕТТИН ЭСЕБИНЕН АЛЫП КЕЛЕТ, А БИЗДЕЧИ?
Чет жерде иштеп жүрүп көз жумган жарандардын сөөгүн мекенине алып келүүнү Өзбекстан жана Тажикстанда мамлекет өзү колго алган. Ал эми Кыргызстан каза болгондордун жакындарынын чыгымын толук түрдө болбосо да, жол кирени жана өлүкканага кетүүчү каражатты төлөп берүүгө аракет кылууда. Сөөктү алып келүүгө кеткен чыгым бир катар документтерди чогулткандан кийин гана Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу Жарандарды жумушка орноштуруу борбору тарабынан төлөнөт. Ал үчүн кандай документтерди чогултуу керек деген сурообузга аталган борбордун директору НУРДИН ТЫНАЕВ төмөнкү маалыматтарды билдирди:
– Бул документтерди атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, мыйзамга туура келсе жана документтер толук болсо, компенсация төлөнүп берилет. Эскерте кетчү жагдай, чет жерде иштеп жүрүп каза болгон Кыргызстандын жарандарына гана берилет. Ал эми саякаттоо, окуу үчүн кетип каза болгондорго жана башка өлкөнүн жарандыгын алып алгандарга берилбейт. Ошондой эле компенсация алуу үчүн арызды 6 айдын ичинде тапшыруу зарыл. Бул убакыттан кеч кайрылгандарга төлөнбөйт.
Учурда чет жерде иштеп жүргөн жарандарыбыздын саны 500 миңге жетет. 2012-жылы каза болгон 328 жарандын жакындарынын ичинен компенсация алууга 52 арыз түшкөн. Алардын арыздарынын негизинде 45 жаранга компенсация төлөнүп берилген. 5 жарандын документтери туура эмес болуп калган. Ал эми эки жарандын бири көзү тирүүсүндө чет элдин жарандыгын алгандыктан берилбеди, экинчисинин туугандары бизге кеч кайрылышкан.
«ЭЛЧИЛИК АКЧАСЫН ЭСЕПТЕП БЕРГЕНГЕ ЭЛЕ ЖАРАПТЫР...»
Орусияда иштеп жүргөн сиңдисинен айрылып калган Эсенбүбү Калыкова сөөктү алып келүү көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүштү:
– Сиңдим Орусиянын жарандыгын алып, эки кызы менен 5 жылдан бери Москвада эле. Иштеп жүрүп, өткөн жылдын ноябрында оорудан каза болуп калды. Сиңдим жана анын кыздары менен бирге студенттер да жашашчу. Ал кайтыш болгондо тиги жаш балдар кимге кайрылып, эмне кыларын билбей калышты. Биз да бул жактан эмне кыларыбызды, кимге кайрыларыбызды билбедик. Анан ал жактагылар элчиликтен жардам болобу деп барышса, сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүгө керектүү документтерди жана сарпталуучу акчанын суммасын жазып колуна карматыптыр. Андан башка эч кандай жардам беришкен жок. Акча керек дегенде биз бул жактан акча жөнөтүүгө камдандык. Бирок акча таап салууга эле бир топ убакыт кетип калмак. Аңгыча «Замандаш» ассоциациясы ушундай иштерге жардам берет дегенди угуп, аларга кайрылдык. Алар дароо эле ишке киришти. Бир тыйын сураган жок. Сөөктү Бишкекке чейин жеткиришти. Жанындагы эки кыздын билетине чейин алар көтөрдү.
ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНЕН МААЛЫМАТ
«ЖҮК 200» ТЕРМИНИНИН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Ооган согушунда курман болгон советтик жоокерлердин сөөгү атайын цинктен жасалган табыттарга салынып мекенине жеткирилип турган. Сөөктү жеткирүүдө толтурулган документтин аталышы "№200" болгон. Мына ушундан улам жана сөөк салынган табыттын салмагы 200 килограммдын тегерегин түзгөндүктөн аскердик кызматтагылар арасында «жүк 200» деген термин пайда болгон.
«Жүк 100» – чарчап калган жаш баланын сөөгүн ташуу.
«Жүк 300» – жарадар болгон жоокерди ташуу.
«Жүк 700» – акча ташуу.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛЧИЛИКТЕРИНИН ИШИНЕ КАНААТТАНАСЫЗБЫ?
Дамира Исамова, Италия:
– Бизде, тилекке каршы, элчилик жок. Өз арабабызды өзүбүз тартып келатабыз. Италияда кыргызстандыктар көп, элчиликке муктажбыз. Ата-энеси бар туруп каралбаган баладай, өз киндигибизди өзүбүз кесип, документтерди өз күчүбүз менен бүтүрөбүз.
Узакбек Кадыров, Түштүк Корея:
– Түштүк Кореядагы кыргыз элчилигинин аткарып жаткан иши алгылыктуу. Ар бир кайрылган кыргыз жаранынын көйгөйүн чечип берүүгө аракет кылып жатышкандарына күбө болуп жатабыз. Элчиликтин иштерине ийгилик каалайм!
Айсулуу Жунусбекова, АКШ:
– 4 жылдан бери бул жактамын. Жаңы келгенимде жердеш агалар жардам беришти. Алардан маалымат алып, иш да таптым. Элчиликке нааразычылыгым – кыйналган жаштарга жол көрсөтүп берүүгө жарабайт. Кыргыз болгондон кийин колдоо көрсөтүп турушса болмок.
Кошойбек Мойдунов, Тайвань:
– Тайванда Кыргызстандын элчилиги жок. Элчилик болсо, кеңеш алууга барып турмакмын. Бирок бул жакта элчиликтин деле кереги жок. Тайванда башка өлкөнүн жарандарына өзгөчө көңүл бурулат. Бардык маселелерди жергиликтүү бийлик тез жана кыска убакытта чечип берет.
Эльвира Макеева, Түштүк Корея:
– Бул жакта бир жарым жылдан бери жашайм. Азырынча элчиликке кайрылып көрө элекмин. Ал эми 10 жылдан бери жашап жүргөндөр "элчиликтин иши канааттандырбайт, маселе боюнча кайрылгандарга жарытылуу жардам көрсөтпөйт" деп айтышат.
Акжол Маматалиев, Орусия:
– 2-3 жыл мурда паспортумду жоготуп жиберип, жаңысын алуу үчүн кезек күтүп аябай кыйналгам. Азыр Москвадагы элчилик жакшы иштеп жатат. Жаман иштеп жатат дегенди уга элекмин. Маселе менен кайрылса, бат бүтүрүп беришет. Кейиткени – кичинекей эле кагаз үчүн көп акча талап кылышат.
Турусбек Сапаров, Казакстан:
– Алматынын базарында эле 9 миңге жакын жараныбыз эмгектенет. Алардын балдарын бул жактагы мектеп, бала бакчалар акчасы жок болсо кабыл алышпайт. Казак бийлиги иштеп жаткан мекендештерибизди кууй баштады. Мына ушундай көйгөйлөрдү элчилик чечпей жатат.