Нурдөөлөт Копоев, актёр, телеалпаруучу:«БЫЙЫЛ ӨЗҮМДҮН ЧӨЙРӨМДӨГҮ КЫЗГА ҮЙЛӨНӨМ»

– Нурдөөлөт, таң заардан теледе салат жасап элдин табитин ачып эле отурасыз...
– Ооба. Кыргыздар конок келгенде дароо дасторкон четине сүйрөйбүз да. Бирөө айткандай, кыргыздын «смакчысы» болуп жүрөм. 20 мүнөттүн ичинде баарына үлгүрүшүң керек, ырчыны ырдатканга, салат жасатканга, өзүң сүйлөгөнгө дегендей. Бир жолу бир ырчы конокко келген. Экөөбүз тузду таппай калдык. Карасам идиште сода туруптур, салатка соданы салдым да, ооз тийип туруп "мм... даамдуу болуптур" деп койдум. А элестетип көргүлө, салатка сода кошулганын. Тимеле окшуп, кускум келип араң чыдагам.

– Бул нерсеге да кызыгуу керек го дейм. Айрыкча кыргыз мырзалары ашканага анча аралашпайт. Демек, ашканада мыкты окшойсуз?
– Турмуш баарына үйрөтөт экен. Он жылдан бери орус кемпир менен турам. Чоң энемдей эле болуп калды, ага кол кабыш кылам. Бир күнү орус тамагын, экинчи күнү кыргыз ашканасындагы тамактарды жасайм. Тааныштарым телефон чалып «Нурдөөлөт, конок келип калды, салаттын рецебин айта калчы» дешет. Кээде дүкөнгө кирип калганда артымда он чакты кардар кезек күтүп турса да, сатуучулар «бүгүнкү жасаган салатыңдын рецебин айт» деп жазып алышат.

– Алпаруучулук менен чектелип, актёрлук кесип артта калып кеткен жокпу?
– Менде да ошондой кооптонуу болот. Анткени көптөн бери кино жаатына аралаша элекмин. Жакшы киного сунуш болсо, алпаруучулукту жыйыштырып, актёрлук кесибиме кайтмакмын деп ойлойм.

– «Апамдын махабатынан» кийин кинодон көрбөй калдык же эпизоддук роль ойноп жүрөсүзбү?
– Мунуңа кошулам. Чындыгында, «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр» тасмалары аркылуу элге таанылдым. Андан кийин «Окуя» аттуу тасмада роль ойнодум. Бир топ фильмдерде эпизоддук ролдорум бар. Кино жааты "уктап" калганы менен, менде азыр театр жагы түзүк эле. Былтыр 10 жыл мурда ойногон спектаклди кайра койдук. 10 жыл мурда баланын ролун аткарсам, эми атанын ролун жараттым. Кыйын эле, жаш туруп 80деги кишинин ролуна түшүү. "Учур" театрында эч токтобостон спектакль коюп, фестивалдарга барып жатабыз. Бул жаатта актёрлугумду мактануу менен айта алам.

– Азыр актёр-актрисалар ырдаган, ырчы-чоорчусу алпаруучу болгон заман, балким, сиз деле ырдап чыгаттырсыз же болбойбу?
"Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деп коёт. «Кош жылдыз» долбооруна чакырышкан, барбадым. Спектаклдерде ырдайм, бирок чоң сахнага чыкпайм. Отуруштарда «арабыздагы артист баштап берсин» деп түрткүлөп калышса, элдик ырларды созуп калам.

– Канча бир туугансыз?
– Нарындын Ат-Башы жергесинин Кара-Булуң айылынан болом. 16 бир тууганмын. 10 кыз, 6 эркектин он үчүнчүсүмүн. Менден башкасынын баары үйлөнүп-жайланган. Көпчүлүгү ата-энемдин жолун жолдоп кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Эжем зергер, бир эжем ээр чабат, бир байкем темир менен алектенет. Атамдын агасы согуштан келбей калган экен, анан «жеңеңди сен багасың» деп атама жеңесин алып берип коюшат. Ал 3 бала менен келиптир, атамдан 4 балалуу болот. Ал кезде атам 14төгү бала, жеңеси 30дан ашкан келин экен. Кийин ажырашып кетип, апамды алыптыр. Ошондо тиги 4 бир тууганды кошкондо 20 бир тууганмын. Алар мени экрандан көрүп «ушул бала биздин бир тууганыбыз болуш керек» деп издеп келип таанышып, табышканбыз.

– Анда Копоевдердин мамлекети Кыргызстандагы калдайган калаа болгон үй-бүлөнүн катарын толуктайт турбайбы...
– Ооба. Убагында килейген эки айылды атам тейлечү. Кесиби уста болгондуктан, күнү-түнү эле балка кармап отурчу. Өкүнүчтүүсү, ошонун баары нервге таасирин тийгизип, микроинсульттан каза болуп калды. Ошентсе да атамдын артында Төлөмүш Океев тарткан «Устанын өз бактысы» деген фильми, бир топ журналисттердин телеберүүлөрү калды.

– Айылдан чыккан бала Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайда кантип окуп калган?
– Атам «койчу балам жок, Нурдөөлөт, малга тыңсың, колхоздун коюн багасың» десе ыйлачумун. Кудай жалгап колхоз тарап кетип, койчу болбой калдым. Окууну бүткөндө эжем борборго, Дүйшөн Байдөбөтовго алып келди. Ал киши мени карап туруп «болот» деп койду. Ошентип, драма театрда окуп калдым. Москвага окууга сынак башталды. "Козунов деген профессорго ким жакса, сынакта эле айтып коёт" дешти. Кирсем эле «оо, такие белые зубы...» десе ого бетер ырсайып күлө баштадым. Канча бир тууган экенимди сураганынан 16 десем «обморок» кетпесин деген ой менен 4 деп алдап койдум. Кийин студент болуп жүргөндө баягы агайыма чындыкты айтайын десем, «билем, сен 16 бир туугансың» дейт, көрсө, анкетамды окуган экен.

– Тата Улан менен курсташсыз, кандай күндөр өттү?
– Тата Уланды биринчи көргөндө "оо, Кудай, ушул бала өтпөй калса экен, бандит бейм" деп коркком. Чачы кырылган, казакча, орусча сүйлөгөн, жынсы кийген бала болчу. Поездде баратып таанышып, анан жакшы бала экенин билгем. Москва көз жашка ишенбейт экен, баарыбызды дос кылды. Кээде "азыр айылда эт жеп отурбайт белем" деп ыйлачумун. Үйдөгүлөр менен сүйлөшкөндө кыйналганыбызды айтчу эмеспиз. Улан деген балабыз бир күнү «апа, 3 күн болду, нан жей элекпиз» деп айтып жатат. "Айтпа!" деп араң токтотконбуз. Өкүнүчтүүсү, 4 жыл ысык-суукка чыдап окуп келген 20 баланын көпчүлүгү иштебей койду. Бизди өкмөт тарабынан үй маселеси чечилет, айлык жакшы болот деп кетирген, келсек эле Политехтин жатаканасына тыгып коюшту. 2001-жылдары 700 сом айлык алып отуруп калдык. Жөө жүрүп, китлапты ток чайнекке салып бышырып жеген күндөр өткөн.

– Отуздан аштыңыз, купулга толчу кыз жокпу кыргызда? Мындан үч жыл мурун "апам негр болсо да үйлөн деп жатат" дедиңиз эле?
«Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай берет буйрукту» дейт. Быйыл апамдын ак жоолугун саргайтпайын деп турам. Сүйлөшкөн кызым бар, кесиптештерим аны апама окшоштурушат. Өзүмдүн эле чөйрөмдөн. Актриса болуп эл алдына чыга элек, бирок чыгармачылыкка киришип жүрөт.

– Оо, оңойлук менен жибибеген жүрөктү кантип жибитти, жеңе болчу кыз?
– Жөнөкөйлүгү, ыймандуулугу менен тартты. Эң башкысы, ал жакшы кожойке болуп берсе болду.

– Сизге карата катуу айтып, көңүл ооруткандар болгонбу?
– Өзгөчө актёрлор өтө ишенчээк, гүлдөй назик көңүл болуп калат экенбиз. Болор-болбоско таарынып, кээде бирөөгө катуу айтып, кайра өзүбүз капа болгон күндөр өтөт. Ар кандай сөздөрдү айтышат, айрыкча «артисттер» деген сөз катуу тиет. Азыр эмне сөз болуп жатат, көңүл бурбайм.

– Кийимиңизге асыла бергендер бар го, «Нурдөөлөт кызыл-тазыл кийинет» деп?
– Жашоодо актёр эмесмин, сахнадамын. Өзүм карамын, ачык кийбей кара кийип алсам ого бетер капкара болуп калбаймбы. Кара кийсем, «кара адам ачык түстө эле кийинбейби» деп айтышат, адамдардын баарына жагуу кыйын.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Быйыл өзүмдүн чөйрөмдөгү кызга үйлөнөм" дейт Нурдөөлөт Копоев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
elnurakai
2013-01-21 14:34:33
Апаныз менен тушкон суротунуз сонун экен..............
+2
Нургүл Чабдарова
2013-01-21 17:13:01
aika2009 анчалык эмне тан калдын мен да где то 3 минуттай кулдум сага аябай чоочудун го
0
Apsi
2013-01-21 21:43:46
guldoi jan bolup jurup uilongodu unutup koigon go!!!
0
Narynbek
2013-01-22 01:21:03
Отуз ашпай эле 40ка чыгайын деп калды го.Убагында үйлөнсө,баласы өзүндөй болуп калмак.
-2
zvezda...
2013-01-22 01:48:51
Азыркы анча-мынча актёрмун деп киного катышкандарга караганда,бул жигиттин актёрдук денгеели алда канча жогору.Ишинизге ийгилик!Эрте же кеч уйлонсо дагы эң башкысы БАКТЫЛУУ болуш керек да...
+3
Emine
2013-01-22 09:12:11
ооо....такие белые зубыыыыы..... :)))) 20 бир тууганмын десе оппааааа дедимго. Замананы жакшы алып барат азаматсыз. Актер катары сыйлайм.
+1
mikatagaev
2013-01-22 09:20:31
ERKEK syilaimda ushul baikeni
0
Cho
2013-01-22 11:48:38
бул брат бир болсо айтып жаткан 10жылдан бери жашап жаткан кемпири менен алла пугачева и максим галкин ошогода уйлонбой журсо керек
-2
altinim
2013-01-22 14:09:51
и эми бизге галкин менен алла жетишпей аттыле
-1
Mirko.93
2013-01-22 14:41:52
спектакль вобще жакпайт. кино ж.а алып баруучулук сизге жарашат, ийгилик сизге.
0
nazgul.83
2013-01-23 23:03:38
мага суйлогону жакты орусча кошпой суйлогону анан калса да жердешим экен жонокой экен
0
daniyar.
2013-01-24 01:02:00
Оо менин байкекмда озу, азаматсын суйлосон баары топ келген ишине ийгилик арабызда бар бол буйурса тойуна барып калам .Бакыт байке майеке келип кошулбайт беле?
0
dia-omur
2013-01-25 19:56:16
tata ulandan korkkom degeni jaman jaktyda.maiekiniz a9bai jakywy boluptur kulkulu suiloit ekensiz a9bai/
0
dia-omur
2013-01-25 19:57:21
karetaga katywsam okwoit kyin erge tyigende men dagy kotorup 4ap ustuno olturup alam /
0
best-life
2013-01-27 23:53:24
Эми чыгармачылыктагы адам да, ошого байланыштуу уйлонбой журсо керек. Мага да жагат бул мырзанын алып барганы, баары орундуу. Кантсе да маданияттын кишиси эмеспи. Ишинерге ийигилик.
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан