ӨЛКӨНҮ 5 ЖЫЛДА ӨНҮКТҮРҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Кыргызстанды капчыктуу өлкөлөрдүн катарына кошуп санай албайбыз. Апта башында өлкөнү экономикалык баткактан сууруп чыгууну көздөгөн «Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясы» кабыл алынды. Стратегия Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү кеңеши тарабынан колдоо тапты. Ошондой эле бул апта курч окуялар менен коштолду.

ЭМНЕ ҮЧҮН 2017-ЖЫЛ?
14-январда өткөн кеңештин жыйынын өлкө башчы Алмазбек Атамбаев ачып, өнүктүрүү стратегиясы тууралуу буларга токтолду: "Айрымдар стратегиянын узак мөөнөткө, 20-30 жылга пландалбаганын сынга алышууда. 2017-жылга чейин белгилениши менин президенттик мөөнөтүмө байланыштуу. Анткени президенттик кызматтан кеткиче өнүктүрүү стратегиясы ишке ашканы же ашпай калганы боюнча жооп беришим керек".

КАНДАЙ МАКСАТТАР КОЮЛГАН?
Бул документте 70ке жакын долбоор белгиленген. 2017-жылга чейин Кыргызстанды бизнес жүргүзүү рейтинги боюнча мыкты делген 30 өлкөнүн катарына кошуу, коррупцияны азайтуу боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн бирине айлантуу каралган. Ошондой эле 5 жыл ичинде өлкөдө 350 миңден ашуун жумуш ордун түзүү, жакырчылыкты 12 пайызга кыскартуу жолдору белгиленген.

ТАШИЕВ ООРУКАНАДА
12-январда абактагы «ата журтчу»депутаттардын бири Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу УМККнын СИЗОсунан ооруканасына которулду. Бул тууралуу депутат менен жолугушуп чыккан акыйкатчы Турсунбек Акун маалымдады. Анын айтымында, учурда Ташиев белгиленген дарылануудан өтүп жатат. Бул ортодо депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот ишин кароочу жаңы судья дайындалып, ишти мындан ары судья Адылбек Субанкулов карамай болду.

КРИМЧӨЙРӨ КАЙРАДАН БАШ КӨТӨРӨ БАШТАДЫБЫ?
11-январда Ош шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм жетекчиси Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшү өлкөнү "селт" эттирди. Серепчилер муну «өлкөдө кримдүйнө кайрадан баш көтөрө баштады» деп жорушту. Бишкек шаардык ИИББнин башчысы Мелис Турганбаев Шоноевдин көзүн тазалоого эл аралык издөөдө жүргөн кримавторитет Алмамбет Анапияевдин катыштыгы бар экенин айтып чыкты. Ал эми Анапияевдин жактоочусу Самат Заков бул маалыматты четке какты. 17-январда Алмамбет Анапияевдин кичи мекени болгон Чоң Алай районунда 3 миңдей адам митингге чыгып, бийликтен аны күнөөлөөнү токтотууну талап кылышты. «17 адамдан турган Анапияевди коргоо комитети түзүлдү» дейт жергиликтүү тургун Байзак Жунусов. Бул ортодо ИИМ аталган милиция кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу так маалымат берген жарандарга 1 миллион сом бериле турганын жарыялады.

СОХТУН ТУРГУНДАРЫ КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨЙ БАШТАШТЫ
Баткен облусунан орун алган Сох анклавындагы жаңжалда токмок жеп, унаасы өрттөлгөн кыргыз жарандарына өзбек тарап компенсация төлөй баштады. Тополоң учурунда Өзбекстан жарандары тарабынан өрттөлүп кеткен 7 унаага алар 25,4 миң доллар төлөп берди, дагы 150 миң доллар төлөп бере тургандыгы айтылууда. Бирок муну менен Баткендеги чек ара көйгөйү чечилип калган жок, эки тараптын тең чек ара посттору жабылуу бойдон. Учурда район борбору менен байланышсыз калган Чарбак, Бөжөй өңдүү кыргыз айылдарына ӨКМ тик учак менен азык-түлүк, дары, керектүү каражаттарды жеткирип берүүдө. Аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, бул көйгөйдү тез арада чечүү үчүн өкмөткө тапшырма берилмекчи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aote
2013-01-21 12:17:18
стабилдуулук ж.а мыйзам болсо гана онугот элек!
0
Aisi-orhidey
2013-01-21 16:21:33
максаттар жакты. кана эми кыргызстанда онуп оскон дуркурогон олко болсо.
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан