16-январда президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алды. Америкалык маалымат булактары Блейктин Кыргызстанга иш сапарынын негизги максаттарынын бири «Манас» аба майданындагы АКШнын транзиттик ташуулар борборунун, түз маанисинде айтканда, аскердик базасынын мөөнөтүн узартуу тууралуу өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүү боло турганын жарыялашкан. Бирок базанын Кыргызстанда калуу мөөнөтүн узартуу боюнча АКШнын тилеги оңунан чыкпады. «Манас» эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу КРнын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң «Манас» аэропортунда АКШ аскерлерине тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес»,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.