Мирбек Атабеков: «АТАМ МЕН 99га ЧЫККАНДА КЕЛЕТ ДЕЧҮМҮН»

Балалыктын айылына кимдин гана бир кайрылып баргысы келбесин. Чыбыкты ат кылып минип, чүкө атып кеч киргизген күндөр ай... Бүгүн Мирбек Атабеков балалыгына кайрылмакчы.

«Атам укмуш ырдачу экен»

– Мен Таластын Жон-Арык айылынын кулуну болом. 2,5 килограмм болуп төрөлүптүрмүн. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” деп бекер айтылбаса керек. Эки жашка чыкканымда атамды поезд сүзүп кетип, каза болуп калыптыр. Ошондуктан атамды элес-булас эле эстейм. Анан апам өзү менен чогуу мени шаарга алып кетмекчи болот. Чоң энем “көкүрөк күчүгүм Бообектен калган туякты бизден ажырата көрбө” деп ыйлап, мени алып калыптыр.
Ошентип, чоң атам менен чоң энемдин колунда чоңойдум. Мени көргөндөрдүн баары эле: “Бообек жаш кетти. Ушул баласына өмүр берсин”,- деп ыйлай беришчү. Бирок мен баламын да, бул сөздөргө түшүнбөй эле чоң энемден “атам качан келет?” деп сурай берчүмүн. Анда чоң атам “сен 99га чыкканда” деп койчу. Анан элдин баарына “атам мен 99га чыкканда келет” деп айтчумун. Атамды эскерип калганда анын укмуш ырдаганын айтып калышат.

«Апамдын юбкасына жашынчумун»

– Мен абдан эрке өстүм. Айрыкча чоң энем Күмүшкан мага такыр сөз тийгизчү эмес. Тентек кылып коюп, анын белдемчисине кирип, жашынып калчумун. Аны мен юбка дечүмүн. Абдан арык, ичке бала болгондуктан, батчу болушум керек.
Кийин мектепке бардым. Биринчи мугалимим Зууракан эжей бизге “Айчүрөк Иманалиева менин окуучум” деп сыймыктанып айтып калчу. Муну угуп мен да ичимден “ырчы болсом” деп кыялданып койчумун. «Жаштын тилегин берет» деген чын болуш керек. Музыкадан берген Муса деген агай ошондо эле менин талантымды байкаган окшойт. “Таласым”, “Энекем” деген ырларды жаттатып, кошуна айылга концерт койгонубуз эсимде. Ошентип, ырчылыкты 1-классымда эле баштагам десем да болот.

«Чуурган акчаларды уурдагам»

– Анда 3-класста окуп калгам. Бир күнү Бейшенбек чоң атам пенсия алып келип кыйшайып уктап калыптыр. Карасам эле 20 сомдуктар чөнтөгүнөн чууруп калыптыр. Баламын да, көзүм кычышып, бир топ 20 сомдуктарды чөнтөккө урдум да, түз эле дүкөнгө жөнөдүм. Ошондо “Сникерс” жаңы чыгып, популярдуу шоколад болчу. Балдардын көзүн кызартып, болгон акчама шоколад алып жедим. Анан күндө эле атам уктап жатканда карап жүрдүм, качан акчасы чууруп калат деп. Күтө берип тажаганда, бир күнү кемселин күбүсөм, чөнтөгүнөн акчалар чыкты. Анан дагы шоколадга тойдум. Бирок бул жолкусунда билинип калды. Атам “акчаларымды кошунанын чычкандары алып кеткен окшойт” деп кыйытып айтса, мен унчукпай кутулгам. Анан уктап калгам. Бир маалда эле бетке бирөө чапкылаганынан ойгонуп кетсем, атам экен. Көрсө, чөнтөгүмдөгү шоколаддан арткан акчаны таап алыптыр. Чоң энем да: “Менин көзүм ачык. Сен эле алыптырсың, мына 20 сомдуктарды көрүп турам. Мен баарын билип коём”,- деп айтып калды. Буга мен аябай ишендим. Себеби энем дем салып, киши көрчү. Ошондон кийин башка бирөөнүн оокатын сурабай алгандан коркуп калгам.

«2» алганда барактарды айрычумун»

– Айылда 5-класска чейин окудум, анан апам шаарга алып келди. Мурда менин сабак окуганыма көп деле көңүл бурулчу эмес. Бул жактан апам күндө эле текшере берет. “2” алып калган күнү дептердин ошол барагын айрып салып, баарын кайра көчүрүп чыгып, сулуу жазган кыздарга жакшы баа койдуруп алчумун.
Айрыкча математика менен химия сабагын жаман көрчүмүн. Ал эми кыргыз адабияты менен тарыхты өтө кызыгып окучумун. Кээде эженин айткандарына өзүм ойлоп чыккан “историямды” кошуп айтып берип койчумун.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-15 06:11:49
хи хи
0
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан