Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов 16-январда жүргүнчүлөрдү тейлөөчү ишканалардын ишин сынга алды. Шаар башчысы эл ташыган маршруттук каттамдардагы баш аламан көрүнүшкө нааразы болуп, «жүргүнчүлөрдү салууда жана аларды түшүрүүдө баш аламандык уланууда. Биз кимдер үчүн аялдамаларды оңдоп жаткандыгыбыз түшүнүксүз» деди. Маалым болгондой, учурда Бишкек шаарындагы калкты тейлөө үчүн күнүнө 41 жеке компаниядан 2150дөн 2280ге чейин кичи автобустар жумушка чыгат. "Жаңы троллейбустар келери менен кээ бир маршруттук каттамдар өзгөрөт, атүгүл айрымдарынын каттамдары кыскарат",- деди мэр.