Республикалык мектеп олимпиадасынын тизмесинен АДАМ ЖАНА КООМ, ӨЗБЕК ЖАНА ФРАНЦУЗ ТИЛИ сабактары чыгарылды.
«Түндүк электр» ишканасы 2012-жылы Кыргызстанда калктын электр энергияга болгон төлөмүн чогултуу 101,4 ПАЙЫЗГА аткарылганын маалымдады.
Маданият жана туризм министрлиги 2013-жылы Кыргызстандагы бардык китепканалардын ЭЛЕКТРОНДУК БАЗАСЫ түзүлө тургандыгын билдиришти.
Кыргызстанда 2008-2012-жылдар аралыгында КӨП АЯЛДУУЛУК боюнча 3 кылмыш иши козголгон.
16-январда Бишкекте Ак үйдүн алдына 30дай оор жүк ташуучу унаалардын АЙДООЧУЛАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫП, кытайлык 80 тонналык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салууну талап кылышты.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча МАМЛЕКЕТТИК ДИРЕКЦИЯСЫ ЖОЮЛДУ.
ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВА Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорлук кызматынан бошотулду.
14-январда НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН ден соолугуна байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Бишкек шаарында 2012-жылы коомдук унаалардын катышуусунда 190 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталгандыгы белгилүү болду.
«Кыргызстанда кооптуу жерлерде жайгашкан 112 МИҢ 115 турак үй бар»,- деп билдирди 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
15-январда өткөн сот жыйынында айыпталуучу МУРАТ СУТАЛИНОВ 7-апрель боюнча кылмыш ишинин материалдары менен таанышуудан баш тартты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ulukbek8990
2013-01-27 21:17:48
112 МИҢ 115 турак кызык ушинтип да жазабы
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.