"Кыргызстанда каза болгон адамдардын саны боюнча жүрөк, кан тамыр оорусунан көз жумгандар биринчи орунда турат". Мындай маалыматты КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бул дарттын айынан акыркы 20 жыл ичинде өлкө боюнча 30-39 жашында каза болгондордун саны 40,5 пайызды түзсө, 40-59 жашта көз жумган адамдардын саны 18,1 пайызды түздү. Министрлик билдиргендей, Кыргызстанда бул дарттан жылына 18 миң, күнүнө 50 адам каза болот. Ошондой эле өлкөдө сасык тумоо жана жугуштуу инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жатат. 2013-жылдын биринчи аптасына салыштырмалуу экинчи аптада бул оорулар менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйдү. Январь, февраль айларында бул илдет күч алышы мүмкүн.