МАЙЫП БОЛСОҢ ДА СЕНИ ТАШТАБАЙМ

КАПЫСТАН КЕЗИГҮҮ

Ошол күз менин жадымда түбөлүк сакталып калды. Анткени, ошол күздө апам экөөбүздүн тилегибиз ишке ашып, мен институтту кызыл диплом менен аяктап, жакшы жумушка орноштум. Менин кубанычыма орток болоор бир гана жакын адамым бар эле. Ал апам! Байкушум ай. «Берметим кызыл диплом менен бүттү» деп кошуналарды чакырып, бапыраңдап майрамдаганы эсимде. Анткени, апамдын өмүрүндөгү жалгыз кубанычы мен болчумун. Атам... ал адам жөнүндө эч качан апамдан сурабагам. Алтургай, сүрөтүн да көргөн эмесмин. Болгону, бир аялдын үстүнө кирип жашап алганын кулагым чалган.
Мен үчүн жашоонун жаңы тилкеси башталган кезде мен чыныгы сүйүүмө жолуктум. Ооба, ал менин гана адамым экенин бир көргөндө эле сезгем. Ал күн күнү бүгүнкүдөй эсимде...
– Саламатсыз...- деп коңур үн тушумдан угула бергенинен башымды көтөрдүм.
– Буюрса, чогуу иштейт экенбиз. Менин атым Кадыр,- ишенимдүү сүйлөп, чапчаң кыймылдаган жигит шадылуу колун суна койду.
– Саламатсыз...
Анын шашма мүнөзүнө эрксизден жылмайып жибердим.
– Оо, сиздин жылмайганыңыз Мона Лизаныкынан да табышмактуу көрүнөт. Атыңыз ким болот?
– Бермет,- дедим. Ал көзүмө тигиле менин колумду көпкө кармап турду. Мындай от чачкан көздү көрбөгөм. Эмнеси бар экенин билбейм, ушул адам жүрөгүмдү бир карашта багындырып алды.
Көп өтпөй мен аны сүйүп калганымды сездим. Шорумабы, бактымабы, эч нерсе көзүмө көрүнбөй акылымдан адашып сүйдүм. Артын ойлогонго да чамам келбей калды. Апаке, кечир кызыңды...
– Апа, капа болбочу, мен... сен мени...
Мукактанып кеттим. «Кечир, апа» деп айта албай, чачылып жаткан кийимдеримди кармалап отуруп калдым. Кулагыма Кадырдын сөздөрү жаңырды. «Биз эмес, элдин баары эле ушинтип жашап жатпайбы. Бир-эки жыл никесиз жашап, анан үйлөнгөндөр көп. Азыр мен сага үйлөнө албайм. Бирок, сенден ажырап калгым да келбейт. Эки жылдан кийин сөзсүз тоюбуз болот. Ага чейин...» Айтор, кечке ушин­­тип кулагыма куюп жатып, никесиз эле бирге жашаганга көндүргөн эле. «А апамчы?» десем, «Апаң өзүнчө жашап турсун, кийин колубузга алып алабыз» деген.
Өх, өмүрүмдөгү эң оор нерсе ушул болду болуш керек. Айтаарымды айтып, терс карадым. Апамдын көзүнө тике карай албадым. Билбейм, канча убакыт өттү. Бир кезде апамдын кайраттуу үнү чыкты:
– Көтөр башыңды, балам. Мен эч качан күнөөлөбөйм. Мен да жаш болгом. Эч качан өз жүрөгүңдүн буйругуна каршы чыкпа. Мага каралаба. Эгерде ошол адам сени бактылуу кылса, апам жалгыз калат дебе. Бирок, ушул үйдөн топураган той менен кетет деп ойлодум эле. Кантейин, ал тилегиме жетпей калдым.
Апакемдин жүрөгү тилинип жатканын кантип сезбейин. Эшиктен машинанын сигналы угулду. «Селт» дей түш­түм. Апамдын жаш чайыган көздө­рү­нөн өөп алып, чемоданымды алып эшикке бет алдым. Босогодо селейген апамдын жалгыз караанын көргүм келбей артыма кылчайбай кеттим.

БУЛ КИМДИН СҮРӨТҮ?

Ошентип, Кадыр экөөбүз граждандык никеде жашап калдык. Алгачкы күндөрү үйлөнөөрүбүз жөнүндө көп айтса, Кадыр кийинки кездерде ал тууралуу таптакыр сүйлөбөй калды. Алтургай, кийинки кездерде үйгө көп түнөбөй достору менен бир жакка кетип калчу болду. Акыры Кадырдын оюнчугуна айланып бара жатканымды түшүндүм. Бирок, айлам жок эле. Анткени, мен анын аялы болбогондуктан, тилим кыска болчу. Ал күнү да адаттагыдай кеч келди. Бир бөлмөлүү үйү­бүздө айлам кете тыпырап күтүп жаттым. Бир кезде шарактап эшик ачылып, кызуу боюнча Кадыр кирип келди.
– Салам,- деди адатынча күлүмсү­рөп.
– Салам, эмне мынча кеч?..
Ал мага жооп бербей мыйыгынан жылмайып койду да, шашпай кийимдерин чече баштады. Кийимдерин туш келди ыргыта ваннага жөнөдү. Анын жерде чачылган кийимдерин жыйнап киргенимде чөнтөгүнөн бир кыздын сүрөтү түшүп калды. Ошол сүрөт менен кошо жүрөгүм «болк» дей түштү.
– Кадыр, бул кимдин сүрөтү?
Калтыраган үнүмдү эптеп басып, артынан ваннага келдим.
Ал сүрөттү колумдан алып карап турду да, кайдыгер жууна берди.
– Аа, булбу? Бул Гуля.
– Бул эмне дегениң?
– Койчу, аялым болсоң таптакыр кууратмак экенсиң...
Бул сөздөр октой тийди. Көз жашымды араң жутуп кетенчиктей бердим. Демек, менин баам ушул экен да. Мен ал үчүн өзүмдү курмандыкка чалганым, ал менен жашаган үч жылдан берки өмүрүм эч нерсеге татыбай калат экен да. Жүрөгүм тызылдап өрттөнүп бара жатканын сезбей Кадыр уктап калды. Бирок, бардыгынан жаманы мен ага канчалык таарынсам да, баары бир байланып калганымды сезип турдум.

ӨЛҮМ ЖАНА КЫРСЫК

Оорукана. Апам... апакем ара жолдо жатты. Өз кайгым менен жүрүп апам­­дын ооруп жүргөнүн деле сезбеген экем. Эми...
– Бермет! Кызым...
– Апа, мен жаныңда отурам.
Акырын көзүн ачкан апам менин ыйлап отурганымды көрүп, оор улутунду.
– Эмне мынча жашык болуп кеткенсиң, балам? Мен айыгам. Мен сенин балдарыңды, менин неберелеримди багам али. Ыйлаба, жарыгым. Айнектей кызымдын, сенин убалыңдан коркподу Кадыр... Ага Кудай жеткирет.
Апам бир азга үн катпай калды да, аста сөз баштады:
– Эми үч жылдан бери ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келдиң. Таштачы, балам. Мен десең ошондон кол үзчү.
– Апа...
Апам менин жообумду өзү түшүндү. Ушундан көп өтпөй апам оорукандан көз жумду. Апамды акыркы сапарына өзүм узаттым. Кадыр жанымда турган жок. Ийнимден жөлөп, таянаар таянычым болот деген маалда түгөнбөгөн командировкасына кетти. Келгенде маңдайыман өөп койгону болбосо эч нерсе деген жок. Мурункудай эле өз иши менен алек. Мурункудай эле тамагы жасалуу, кийими жуулуу. Каалаганда түнү менен келбей калат. Никелүү аялы болбогондон кийин мага кайда жүргөнүн, эмне кылганын айтпайт. Бир күнү үйгө кирип келе жатып капысынан досу менен сыр чечишип отурганын угуп калдым.
– Мен аны менен жашап жатканыма үч жылдан ашып кетти, досум. Эми кандай кылаарымды билбейм. Кетип да кала албайм. Анткени, ага биротоло көнүп калдым. Үйлөнө да албайм. Башында сүйчү­мүн, анан эмне болуп кетти билбейм. Бекер убалына калган окшойм...
– Дос, азыр деген кыз көп. Чекеден чертип аласың. Мындан жакшысын, мындан жашын аласың. Андан көрө келе, арактан куй.
– Кеп анда деле эмес дечи.
Андан аркысын уккум келген жок. Көз жашымды төгө эшикти акырын жаап кете бердим. Мындан аркы жашоом мен үчүн туман эле. Жалгыз караан кылган апам да жок. Кадыр деп жүрүп жалгыз калаарымды билбеген экем. Эмне кылаарымды билбей отурсам, эшикти ачып Кадыр баш бакты.
– Бермет, мен Асандар менен кеттим.
– Кайда?
– Бильярд ойноп келебиз деп келишиптир...
– Кадыр, качанкыга чейин ушинтип жашайбыз... Мен да эл катары никелүү аял болгум келет. Балалуу болгум келет. Мен мындан ары минтип жашай албайм. Эгерде...
Андан ары айталбай тамагым буулуп токтоду. Ал мени карап турду да, мыскылдап жылмайды:
– Эмне, эгерде?
– Эгерде мени менен жашагың келбесе, мени коё бер...
– Коё бергендей мен сени кармап келдим беле... Кеткиң келсе кете бер!
Кулагым чуулдап жер көчүп кетти.
– Жок! Мен сенсиз жашай албайм. Сөзүңдү кайра ал. Суранам сенден...
Кантип буркурап, боздоп бутуна жыгылганымды билбейм. Кадыр менин көз жашыма да карабай чыгып кете берди. Боорумду жерден көтөрө албай боздоп ыйлап жаттым. Ушул учурда Кадырдан биротоло айрылганымды түшүндүм. Бирок, тагдырдын мага деген сыноосу али деле бүтпөгөн экен...

ххх

– Бермет, Кадырдын абалы кандай?- деп сураган курбума таң кала карадым.
– Эмне дейсиң?
– Сен уга элек белең? Ал кырсыкка кабылып, оор абалда жатат деп жатышпайбы...
Көрсө, ошол менден кеткен күнү Асан аттуу досу экөө машина менен бара жатып кырсыкка кабылган экен.
– Барасыңбы?
– Жок, барбайм,- деп бурк эттим. Ал чыгып кеткенден кийин колумдан ишим түшүп отуруп калдым. Апам үчүн, өзүмдүн көз жашым үчүн Кадыр деген атты биротоло көкүрөгүмдөн чийип салам деп ойлогон элем. Бирок, анте албадым. Жүрөгүмдөгү сүйүү дале өчпө­гөн экен. Ошентип, бир жагынан көкү­рө­гүм түтпөй, ошол эле күнү ооруканага жөнөдүм. Акыры дарылаган врачты таап, калтырай суроо узаттым:
– Айтыңызчы, доктор, Кадыр аттуу жигиттин абалы кандай?
Орто жаштардагы врач мени карап туруп:
– Сиз кимиси болосуз?- деди.
– Мен... мен...- эмне дээримди билбей тумчуга түш­түм.
Врач менин абалымды түшүндү­бү, аста гана баш чайкап койду.
– Оор абалы, карындашым, омуртка сөөгү катуу жабыркап калган экен. Басып кетиши да, буттары шал болуп калышы да мүмкүн. Эми бул убакыт менен организминен көз каранды. Ошон­дуктан, үмүт үзбөө керек.
Врач кете берди. Арадан аз күн өткөндөн кийин гана Кадырдын үстүнө киргенге уруксат беришти. Көз жашымды сүртүп палатага кирдим. Өңү бозоруп жаткан Кадыр мени көрүп бир обдулуп алды. Көпкө бири-бирибизди карап үн-сөзсүз отурдук.
– Абалың кандай?- жанына отуруп бетинен сыладым. Ал көзү жашылдана терс бурула берди.
– Эмнеге келдиң? Табалаганы келдиңби?
– Сенин абалыңды угуп, чыдабадым. Ичим түтпөдү.
– Эми сага майып күйөөнүн эмне кереги бар?
– Жок, сен үмүт үзбөшүң керек. Мен сени өзүм айыктырып алам. Көрөсүң го, басып кетесиң. Андай болбогон күндө да мен сени баары бир таштай албайм. Мен... сени сүйөм, акылсызым.
Мен анын көзүнүн жашын аарчый берип жылмайып койдум.
Ушуну эле күтүп тургансып ал менин колумдан өпкүлөп жиберди:
– Кечир, асылым. Мени Кудай өзү жазалады. Сенин көз жашың, апаңдын көз жашын ойлобопмун. Кечир... Мен эми гана сени сүйөөрүмдү түшүндүм.
Мен өмүр бою ушул сөздү күтүп келген элем. Буркурап кучагына боюмду таштадым...

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Hanzada
2015-08-25 21:54:07
Жазасын алыптырда
0
Kadyrbek09.10.2015
2017-01-30 21:12:46
Чыныгы сүйүү
-1
MIRBOLOT
2018-03-12 19:07:00
АЛЛАХЫМ кандай гана калыс! Баардыгын калыс таразалайт!
+2
Tyty1990
2018-03-13 10:04:35
Зынаа
0
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан