Кыргызстандагы «Жер-үй» алтын кени сатылуу алдында турат. Өкмөт аталган кенди сынак жарыялоо жолу менен сатуу чечимин 12-январда кабыл алды. Анын баштапкы баасы 100 миллион долларды түздү. Сынактын биринчи этабы 30 күндүн ичинде аяктап, кийинки 10 күн аралыгында жыйынтык чыгарылат. Өкмөт билдиргендей, бул кен боюнча долбоор 2 миңдей кишини иш менен камсыз кылып, Талас облусунун бюджетин эки эсе көбөйтмөкчү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Алимбеков билдирди. Айтымында, аталган кенди сатууда сөзсүз түрдө мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынат. "Жаңы мыйзамда биз жергиликтүү калк үчүн жеңилдиктер каралуусу боюнча өзгөртүү киргиздик. Кенди сатып алган компания алтынды Кыргызстанда иштетет",- дейт Алимбеков.
Автандил Добулбеков,
Ширин Жумадилова
politika@super.kg