Жанры – Ток-шоу
Урааны – «Биз унчукпай коё албайбыз, реалдуу окуяларды талкуулайбыз»
Алпаруучусу – Андрей Малахов
Өлкөсү – Орусия
Берүүнүн узактыгы – 60 мүнөт
Негизделген жылы – 2001-жыл, 23-июль
ТОК-ШОУНУН ЗАМАНЫ
Адатта, биз телевидениени маалымат булагы жана коомду тарбиялоочу курал катары эсептейбиз. Андыктан андагы ар бир берүүнүн терең тарбиялык мааниси болушу шарт. Соңку кездерде талаш-тартыш, ызы-чуу, пикирлештер арасында кайым айтышууларды курчутуп рейтингин көтөрүп жаткан телеберүүлөр көбөйүп, ток-шоунун заманы болуп калды. Ток-шоу учурунда айрымдар эмоцияга алдырып, ыплас сөздөр менен каршылашын сөксө, аны техникалык жамаат өчүргөнгө жетишсе жетишет, жетишпесе миллиондогон көрөрмандар угушат.
Жакында эле орустардын бир берүүсүн көрүп отуруп дал ушундай картинага күбө болдум. Техникалык жамаат канчалык аракет кылбасын, ачууланган коноктун ыплас сөздөрү угулуп турду. Ооба, биздин жергиликтүү телеканалдарда деле мынчалык курч болбосо да, этикага туура келбеген сөздөрдү айтып көрөрмандарды иренжитип алган катышуучулар болот. Чындыгында, ток-шоудогу талаш-тартыштар, катышуучулардын кайчылаш пикирлери «эми эмне болуп кетет?» деп көпчүлүктүн бүйүрүн кызытары анык.
Биз дал ошондой интригага жакын мындай телеберүүлөрдүн эң алдыңкы сабында турган орустардын «Мейли, айта беришсин!» («Пусть говорят!») долбоору тууралуу сөз кылмакчыбыз.
ТОК-ШОУБУ ЖЕ РЕАЛИТИ-ШОУБУ?
«Мейли, айта беришсин!» долбоору Орусияда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө да популярдуу. Баарыбыз кызыгып көргөн бул берүүнү сынчылар ток-шоу эмес эле, реалити-шоу дешет. Анткени кайсы бир реалдуу окуяны баштан өткөргөн каарман телеберүүдө ошол окуяны кайра айтып берип, мурунку абалын баштан кечиргенге туура келет дешет. «Берүүдөгү талкуу, дебаттар мазмундуу эмес, эмоционалдуу талкууга көбүрөөк ыкталып, уруш чыгарганга багытталган» деген да мүнөздөмө беришет. Айтылган кепте аз да болсо чындык бар. Анткени долбоордо бири-бирине кол көтөрүп, урушуп-жулмалашкан катышуучуларды көрүп эле жүрөбүз.
Учурда чатак-жаңжалдар телекөрсөтүүнүн эң жеңил өтүүчү товары болуп калганы да жашыруун эмес. Долбоордун редакторлору канчалык «коомдогу жүрөк өйүгөн көйгөйлөрдү көтөрүп жатабыз» деп төш каккылаганы менен, ар бир берүү чыр-чатак менен коштолот.
БЕРҮҮ – ПЛАГИАТ
«Мейли, айта беришсин!» телеберүүсүнүн аталышы башында «Кызуу талкуу» («Большая стирка»), андан кийин «Беш түн» («Пять вечеров») деп аталчу. Бул берүүлөрдүн алмашкыс алпаруучусу – 1-каналдын жүзү Андрей Малахов. Чынында, орус телеберүүлөрүнүн көпчүлүгү батыштын же Американын долбоорлорунун көчүрмөсү экенин билебиз. Аталган долбоор америкалыктардын «Жерри Спрингердин шоусу» берүүсүнүн көчүрмөсү. Бирок мындан сырткары НТВ телеканалынан «Сүйлөйбүз жана көрсөтөбүз» («Говорим и показываем»), "Россия-1" телеканалынан «Түз эфир» («Прямой эфир») жана башка көптөгөн окшош долбоорлорду көрүүгө болот.
ДОЛБООР АЛКАГЫНДАГЫ ЧЫРЛАР
2005-жылы экстрасенс Анатолий Кашпировский менен сексолог Игорь Князькиндин талашуусу мушташка айланган. Кабагы ачылбаган Кашпировский сөзүн укпаган Игорго кол көтөрүп, эфирди үзгүлтүккө учураткан. 2009-жылдын январь айындагы кезектеги берүү учурунда эфирге чыгарганга мүмкүн болбогон катуу уруш чыгып кеткен. Урушкан эки тарапты алпаруучу Андрей Малахов арачалаганга алы жетпей, күзөтчүлөрдү жардамга чакырган. Мындай окуялар долбоордун алкагында көп болгондуктан, талкууга катышкандар урушка аралашпай, аны күзөтчүлөрдүн жардамы менен чечкенге аракеттенишет. Бул өңдүү тез-тез кайталанган уруштардан тажаган айрым көрүүчүлөр «атайын уюштурулган сценка. Окуянын каармандары – жалданма актёрлор» деп күмөн санап келишет.
КААРМАНДЫ ТАЛАШЫП УРУШКАН ЖУРНАЛИСТТЕР
Жакында эле журналист Ирина Кабанованы күйөөсү муунтуп өлтүрүп, денесин балталап салганы тууралуу кылмыш иши Орусияда бир топ ызы-чуу жараткан. Ошол кылмышкердин атасы Вячеслав Кабановдон эксклюзивдүү маек алабыз деген «Мейли, айта беришсин!» берүүсүнүн редакторлору ал киши менен алдын ала сүйлөшүп коюшат. Бирок каарманды телеберүүгө алып кеткени келишкенде "Россия-1" телеканалынын журналисттери да Вячеславдан өз берүүсүнө катышып берүүсүн өтүнүп жаткан болот. Ошондо Малаховдун командасы кесиптештеринин мындай кылыгына чыдабай, уруш чыгарышат. Жыйынтыгында "Россия-1" телеканалынын журналисттери сабалып, милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Ал эми Иринанын кайнатасы Вячеслав Кабанов айткан сөзүнө туруп, дүйшөмбү күнү «Мейли, айта беришсин!» берүүсүнө келип катышкан.
Лунара Бекиева
star@super.kg