Мурдараак кыргыздын ырлары казакча жаңырып калса, «дагы казактын ырын которгон экен, бул плагиат турбайбы» деп дароо шек биздин ырчыларга түшөр эле. Эми болсо ойлонбой туруп "казактар биздин ырды которуп алыптыр" деп сыймыктанып калбадыкпы. Мирбек Атабековдун «Суранам» деген ырын Кайрат Нуртастын аткаруусунда казак тилинде угуп калдык. «Муну да сурап алып ырдап жаткан го» десек, жок, андай эмес экен. Мирбектин продюсери Канат Култаев маалыматтын чын-бышыгын мындайча айтат: «Жаңы жылдын алдында Кайраттын апасы мага чалып, «Суранам» деген ырын Кайрат ырдаса деп жатканбыз» деген. Мен "ойлонуп көрөлү" деп, бирок уруксат берген эмесмин. А бирок Жаңы жылдын астында берген концертинде Кайрат сөзү, обонун так биздикиндей кылып ырдап чыкты. Чынында, Мирбек капа болду.
Алар мага чалганын эскертип койдук деп кабыл алышса керек. Эми уруксатсыз ырдаганы үчүн кандай чара көрсөк деп ойлонуп жатабыз",- дейт продюсер.