«Көптөн бери бизнес баштасамбы деп максат кылып жүргөн элем. Бул оюм ишке ашып, жакында сулуулук салонун ачтым. Эми, Кудай буюрса, өзүмдүн салонумдун кызматынан пайдаланам деп кубанычым койнума батпай турган учур»,- дейт Гүлзинат айым. «Ырчылыкты таштап, бизнес-вумен болуп кетеби?» деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Анткени ал чыгармачылыгын да унутта калтырбай, «Сезим ойлору» деген жаңы ыр жаздырып, "шоу-бизнестеги ырчы мырзалардын кимиси менен дуэт ырдасам?" деп ойлонуп жатыптыр.