БАЛДАРЫН ЖАЛГЫЗ ТАРБИЯЛАГАН ЖЫЛДЫЗДАР

“Ата – аска тоо, эне – булак, бала экөөнө тең шам чырак” деген макал бар кыргыз элинде. Көрдүңүзбү, кандай гана салыштыруу. Бирок тоо, булак, чырактын баары эле дайыма чогуу боло бербейт тура. Ошонун сыңары төмөндөгү биздин жылдыздар да үйбүлө оту күйүшпөй, балдарын жалгыз тарбиялап калгандар.


Асел Турдалиева: «Кызым атасын дүйнөдөгү мыкты ата деп билет»

– Кызым 1 жашка чыкканда атасы экөөбүз курган очок бузулду. Мына ошондон бери жалгыз тарбиялап келе жатам. Кудайга шүгүр, кызымды эч нерседен кем кылбай багуудамын. Атасы менен жолугушканга мен эч качан тоскоол болбойм. Эмнеге тоскоол болмок элем, балада эмне күнөө?! Ата-бала бири-бирин абдан жакшы көрүшөт. Кызым болсо атасын дүйнөдөгү эң мыкты, эң сонун ата деп билет. Жумасына бир жолу жолугушуп турушат. Азыр атасы Түркияда болгондуктан, куса болуп жүргөн чагы.


Ассоль Молдокматова: «Балдарыма ата тарбиясын берүүгө да аракет кылам»

– Мен 2003-жылдан бери балдарымды жалгыз тарбиялап келем. Албетте, оорчулуктар болбой койгон жок. Телевидениеде иштеп жүргөндө кээде монтажды түнгө чейин жасачубуз. Бул учурда балдарымды да өзүм менен жумушка алпарчумун. Ал байкуштарым жумушум бүткүчө диванга жатып уктап калышчу. Жашоодо бизди дайыма кыйынчылыктар коштоп жүрөт эмеспи. Бирок мен алардын баарын жеңгенге аракет кылам. Балдарыма ата тарбиясын да берүүгө аракеттенем. Балдарымды тарбиялоодо өздөрүнүн тандоосуна эркиндик берем. Улуу балам Жан атасы менен катташып турат. Учурда футбол менен машыгып, бир топ ийгиликтерге да жетишүүдө. Ал эми кичинекей Шабданды “кичинекей киши” деп коёбуз. Анткени ал бир нерсени жасарда тим эле катуу ойлонуп анан чечим чыгарат.


Турдалы Аскаров: «Балдарыма телефон аркылуу тарбия берип турам»

– Мен биринчи жубайым менен эки айрылыш жолго түшкөндөн бери 10 жылдын жүзү болду. Бирок кызым Айгерим менен уулум Азаматты жайкысын мен, кышкысын апасы тарбиялап, чоңойтуп келе жатабыз. Мына быйыл кызым 11-классты бүтүп жатат. Буюрса, коштошуу кечесине барам. Ал эми уулум жетинчи классты аяктады. Чындыгында, эки тарапта чоңойгон балдар эркерээк болуп калат эмеспи. Ошондуктан болгон талаптарын аткарууга аракет кылам. Кудайга шүгүр, уул-кызым эстүү чоңоюп келе жатат. Учурда алар Ошто болгондуктан, күн кур калбай телефон аркылуу болсо да ата тарбиясын берип жатам.


Курмангазы Азыкбаев: «Балдарымдын кирин колго жуучумун»

– Бекеринен мага “мать и отец” деп ат коюшкан жок да. Он бир жыл кадимкидей үйдө аялдын, сыртта эркектин жумушун аткардым. Мен ошондо аялзатынын түйшүгү зор экенин түшүндүм. Мына кир жууганды эле алып көрсөм, ал кезде “Киргизия” деген машинам бар болчу. Кашайып ал бузулуп калганда балдарымдын кирин колго жуучумун. Кийин эле кыздарым чоңоюп калганда кир жуугандан кутулдум.
Ал эми тамак жасоо жагынан көп кыйналган жокмун. Анткени өзүмдүн ашпозчулук жайым бар болчу. Ошентип, 4 баламды оорутпай аман-эсен багып чоңойтуп алдым.


Шайыр Касымалиева: «Кызымды иним атасындай тарбиялады»

– Кызым 4 жашка чыкканда атасы менен ажырашып кеткем. Кызымды ошондон баштап өзүм бактым. Мына быйыл жыйырма жылдын жүзү болду. Кызым Мээримди тарбиялоодо көп деле оорчулуктар болгон жок. Ата мээриминен деле ажыраган жок деп айта алам. Себеби өзүмдүн иним атасындай кылып тарбиялады. Жыйырма жыл ичи мага апам жардамга келип турду. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып дегендей.


Назира Жетигенова: «Ачка калганда кыздарым менен кошо ыйлачумун»

– Улуу кызым 3 жаш бир ай кичүү кызым 1 жаш 3 айлыгында жолдошум менен ажыраштым. Турмушка эрте чыкканым үчүн кээде өкүнүп кетем. Айтор жолдошум менен ажырашып жатканда «мага эч кандай алимент кереги жок, өзүм чоңойтом» деген элем. Чиедей эки кызымды багам деп официант болуп, базарда да соода кылып иштедим. Батирден батирге көчтүм. Деги койчу, ачка калган күндөр да болду. Бир жолу батирге чыкканыбызда мен жумушсуз калгам. Анан кыздарым нан деп ыйлаганынан шкафты ачсам, буурчак бар экен. Ошону бышырып берип кыздарым менен кошо бакырып ыйлаганым эсимде.


Айжан Газиева: «Баламды багыш үчүн үч жумушта иштедим»

– Уулум Данияр 1 жашка чыкканда эле жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Алгач абдан кыйналдым. Бир эмес, үч жумушта иштедим. Эртең менен телевидениеге чуркап, түштөн кийин вокалдан сабак берип, ал эми кечинде кафеде ырдачумун. Жолдошум тараптан бир тыйын да жардам болгон жок. Ал берсе да алмак эмесмин. Туугандарыма “баламды карап бергиле” деп жалдыраган күндөрүм көп болду. Кээде баламды таштаарга киши таппай жумушка көтөрүп барчумун. Азыр кудайга шүгүр, бутума туруп кеттим. Бир жыл болуп калды балама жөлөк болсун деп, Нурпейил деген кыз багып алгам. Кызым 12де. Ошентип, учурда эки баланы жакшынакай тарбиялап жатам.

Бахияна Сатылганова, Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 344, 5-11-июнь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан