ГҮЛНАЗ БАКИР КЫЗЫ АШЫГЫН ТАПТЫ

Социалдык тармактардын биринде "Миң кыял" радиосунун ди-джейи Гүлназ Бакирова менен кесиптеши Алтын Мырзанын жылуу кучакташкан сүрөтү колдонуучулардын бүйүрүн кызытып койгон эле. Иштин чоо-жайын сурап ди-джей кызга байланышканыбызда ал: «Ооба, Алтын Мырза экөөбүз кыз-жигитпиз. Мурун 3 жыл чогуу иштешкен кесиптеш катары бири-бирибизге достордой мамиле кылып жүрчүбүз. Кийин Алтындын жашоосунда айрым окуялар болуп кетип, 2 жылдай көрүшкөн жокпуз. Ошол кезде ал үйлөнгөн болчу. Бирок былтыр экөөбүз жолукканга чейин ажырашып кетиптир. 1 уулу бар. Экөөбүз өткөн жылдын жай айларынан бери кыз-жигитпиз, Кудай насип этсе, жайында үйлөнөлү деп пландап жатабыз. Учурда Москвада ата-энемдин жанындамын. 8 жылдан бери алардан алыс жашап, абдан куса болупмун. Буюрса, жазында мекениме барам» деген сөзүн айтты. Эмне демекчибиз, башыңарга бакыт кушу консун, кесиптештер!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aika2009
2013-01-21 09:25:44
тушунбодум буларга!чындан тушунбодум !тообо кылдым!
0
rusalka
2013-01-21 10:33:04
emnesine tushungon joksuz?kiz-jigitpiz deyt go :))
0
AnGelina
2013-01-21 18:00:53
Акыры ушу кыз бактысын тааптыр да. Бактылуу болсун!
0
askar92
2013-01-21 20:38:59
не кыздын барар жери куйоо бактылуу болгула
0
strangergirl
2013-01-22 13:12:27
Мин кыял FM радиосу суйуулор талаасы гоо, бири бирине эле уйлонуп атышат. мына сага дагы бир "служебный роман"
0
Maxima
2013-01-23 14:30:10
strangergirl, эмнеси жаман??? Жумуш аркылуу ийгиликке жетти, акча тапты, жанын бакты буга кошумча суйгонун тапты, уй-було курду деген сонун нерселер го... Азаматтар Мин кыял фм радиосу, ынтымагынар артып, суйушкондор дагы кобойсун, кичинекей мамлекеттер тузуло берсин!!!
0
AsyaAsya
2013-01-22 21:23:06
Ниче пара....мага жакты.
0
Apsi
2013-01-26 22:36:20
Gulnaz Bakir kyzy erge tiyip chykty bele?
0
Maxima
2013-01-27 22:12:26
Каерде жазылып турат куйоого тийип чыккан деп??? Гульназ турмуш кура элек, ыймандуу, эч кимден жардамын аябаган кыз
0
Айнура Салахидинова
2013-01-29 19:36:03
Gulnaz baktyluu bolushundu 4yn dilimden kaalaim!
0
№ 533, 18-24-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан