Ырчы Кутман Жолдошев обончу Жеңишбек Шамшиевдин ырларын жаңыдан ырдайын деп жүргөнүн кабарлады. «Жеңишбек агайдын уулдары «атабыздын ырларын ырдап чыксаңыз» деген сунушун айтышкан. Бул кишинин ырларын кичинекей кезден бери угуп чоңойгонбуз да. Андыктан агайдын ырларына жаңыдан өмүр берүү – мен үчүн сыймык. Азырынча Жеңишбек Шамшиевдин «Өчпөс мүнөттөр», «Кечирип койсоң» деген эки ырын ырдап чыксам деп турам»,- дейт ырчы.