КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева: «ТУУЛГАН КҮНДҮН ЧЫГЫМЫН САПАР КӨТӨРДҮ»
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 12-январь күнү шаарыбыздагы кафелердин биринде жакын санаалаштары, кесиптеш, досторунун курчоосунда туулган күнүн белгиледи. Бул күн Айчүрөк айым үчүн кош майрам. Дегенибиз, уулу Арлен, кызы Аэлитаны дал ушул күнү жарык дүйнөгө алып келип, туулган күндү жыл сайын үчөө чогуу белгилешет. Мындай жагымдуу дал келүүчүлүк чанда гана кездешсе керек. Албетте, бул кубантарлык көрүнүш.
– Айчүрөк эже, туулган күнүңүз менен! Бул күндү эң өкүнүчтүү майрам деп да коюшат. "Өмүрүмдүн дагы бир жылы өтүп кетти" деп көңүлүңүз чөккөн жокпу?
– Рахмат. Жок, тескерисинче, ал-күчкө толуп, дагы да көп иштерди бүтүрө турган кезим. Албетте, кадырлуу карылыкка жетип, небере-чөбөрө көргөнгө эмне жетсин. Кудай ошондой куракка жеткирсин. Ар бир жылды артка таштап жатып, «ушул жашка чейин кандай жолду басып өттүм, кандай ийгиликтерди багынтып, эмнелерге жетише албай калдым?..» деген ойлорго чөмүлүп, бир муңайып алам. Ушул жагынан алып караганда туулган күн өкүнүчтүү майрам дегенге кошулам.
– Туулган күндү быйыл кантип, кимдер менен белгиледиңиз?
– Өзүбүздүн жоро-жолдоштордон, чыгармачыл чөйрөдөн куралган беш үй-бүлө дайыма жакшылыктарда чогулуп турабыз, алар келишти. Анан албетте, сахналаш-кесиптештерим да жылуу сөздөрүн айтып, белектерин берип, көңүлдү көтөрүп кетишти.
– 12-январь сиз үчүн эң ыйык күн болсо керек. Анткени уулуңуз, кызыңыз да ушул күнү төрөлгөн эмеспи?
– Албетте, бул Жараткандын мага берген эң чоң белеги деп билем. Биринчи өзүмдүн туулган күнүмдө уулумду төрөп кубансам, экинчи жолу да мындай бакыт кайталанып, кыздуу болгом.
– Туулган күндү үйдө эле белгилеген учурлар болобу?
– Ооба, менде деле кээде шарт жок болуп калат. Андайда үй-бүлөбүз менен ак дасторкон үстүндө жылуу сөздөрдү айтышып эле белгилеп коёбуз.
– Быйыл кандай өзгөчө белектерди алдыңыз?
– Мен роза гүлүн жакшы көргөндүктөн, жыл сайын досторубуз сөзсүз ушул гүлдү тартуулашат. Ал эми жолдошум бриллиант көздүү шакек менен колье белек кылды. Арлен менен Аэлита жумшак оюнчуктарга байып эле жатып калышты. Анан да белгилей кетчү нерсе, туулган күнүбүздү Сапар Сопубековдун кафесинде өткөрдүк. Ал каалоо айтып жатып тамашалай "Айчүрөк эжем болбосо, мен Кызыл-Кыяда пирожки бышырып, манты түйүп эле жүрө бермекмин" деп баарыбызды күлдүрдү. Анан да мага ыраазычылыгын билдирип, "бүгүнкү туулган күндүн чыгымын өзүм көтөрөм" деди. Анын мындай жакшылыгына учурдан пайдаланып чоң рахмат айткым келет.
– Маегиңизге рахмат.
Асел Асанова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
Айчурок Эже сизди отуп кеткен туулган кунунуз менен чын журоктон куттуктайбыз! Биз баардыгыбыз сиздин ырларыныз менен чонойгонбуз! Сизге баардык аял затына тийиштуу бакыт каалайбыз! Бар болунуз, аман болунуз! Чыгармачылык ийгилик сизге!
Далилсиз пенде-пендени жамандаган сон аркы дуйнодо ар бир созуно жооп берээрин унутпашы керек.
AsyaAsya, сен коментарии жаза бербей Айчурок эжени куттуктап койсон боло
AsyaAsya сен теги анжелика эмессинби? баардык коменттерге эрикпей жооп жазып чыккансынго тим эле кой эл оозунда элек жок баардыгынын оозун жаап чыгалбайсын
Алтыным!Эл оозунда элек жок дегенин туура.Бирок сен менин ордумда болсон ушундай эле жазмаксын.Тааныган адамына элдер асылып жатса.Анжеликаны тааныганым чын!эмне болуптур?же мен да оз ойумду элдердей болуп жазганымды туура корбой жатасынбы?
AsyaAsya, нет сен Анжелика элесин,кудай алдында жооп берет калп айткандар депсин жогоруда,сен жооп берип калба.Мен сени жамандаганым эмес просто адамгерчилик керек да,сени канча жаман корсо да,жамандаса да,сен куттуктап барып койгонго акылуу болчусун да Анжелика.Даже апан барса да болчуудай.Эл алдында миличка,мындайда гордая керек болбош керек деп ойлойм.Ийгилик сага.
мага чын журоктон баары бир
Негизи ар бир адам оз жашоосу менен жашаса, эмне кереги бар бироонун жашоосуна киригишип, биринчи оз айлананды тазалап, жашоонду ондоп алып суйлош керек деп ойлойм. Бул жакта калп эле киригишип жазган адамдардын баарында озулорунун жеке жашоосу жоктой сезилет.. эххх.. мне очень жалко.. желаю вам чтобы у всех вас в жизни все было хорошо. Если у человека все хорошо, он не будет обсуждать чужую жизнь! Только одно хочу ск5азать ЖИВИТЕ СВОЕЙ ЖИЗНЮ, а не чужой!
Помните прежде чем обсуждать чужую жизнь и осуждать, что есть Аллах и он только может судить нас. Не судите человека и сами не будете судимы! Аллах корусун!!!
на грам ошибики прошу не обращать внимание, как отправила заметила)) шашылып жазылгандыктан)
miku, шашылып эмне,акырын эле жаза бер,смс качпайт,жашоо да.
AsyaAsya, altinim, miku, ainura220888, kanikey,
Баарыңарга эскертүү!
Жеке маек үчүн купуя бар!
admin_media, ok) rahmat. sizderden da suranar elem kommentarilerdi kichine sorttop turuwunuzdardy!
силерге ушундайлар эле жетишпей тургансыйт,мындайларды окуудунар дароо эле оозунар кычышып кетет,келгиле андан кору Айчурок эженин туулган кунун чогу куттуктайлы да,анданары озубуздун жашобузду кудайдан жакшы нерселерди сурап уланта берейли,бироонун жашоосун киришпей. Айчурок эже отуп кеткен Туулган кунунуздор менен!тилегинерди АлЛа насип кылсын!
эми озунор ойлонгула кимдин ичи тар экенин
meder82,
Жеке маек үчүн купуя бар деп эскертүү берилген!
3 күн банга!
kg_07,
Жеке маек үчүн купуя бар деп эскертүү берилген!
3 күн банга!
Адвокаттар аябай эле жакшы иштешиптир